1- БӨЛҮМ...
Бул чыгармада баягы эле көр оокаттын айынан жабыр тарткан секелектин талкаланган тагдыры жана ошол тагдыр секелекти биротоло ташбоор, тайманбас кылып кайрап таштаганына күбө болобуз. Кана байкайлычы Клара талкаланган тагдыры берген сабакты туура нукта колдоно алар бекен.
Көз жоосун алган, аппак көйнөк кийген, кыш мезгили. Дубалдары акталбай сарамтык тарткан бөлмөдө жатам. Терезеден башка жакыным жок, ал мага жок дегенде эшиктеги болуп жаткандарды көрсөтүп турат. Тыңыраак кезимде эптеп от жагып ысытчы элем үйдү, азыр мынтип төшөк тарткандан бери араң үлбүрөгөн ток печканын табына жылынып калганмын. Келиним өткөндө келгенде үстүмө көрпө жаап койгон, кыш сууктап көрпөдөн да үшүчү болдум. Дагы жууркан алууга тура албайм. Келиним кээде келип, тамактандырып, үстү башымды которуп, текчеге тамак-аш коюп кетет. Ушул маалга келип суунун даамы бузуларын билбептирмин. Текчеде он күндөн бери турган суу даамы кетип жаман болуп калган, майы тоңуп калган тамактын бети көктөп баштады. Нанга болсо тишим өтпөйт, ошол сууга малып эптеп өткөрөм. Суу дагы эртең түгөнсө керек, келинден кабар жок. Эми келбей койсо, ачкалыктан өлүп каларым анык. Өзүм эңсеп, тилеп алган жалгыздыка жеттим мына, элестетип ашыкканчалык эле керемет эмес экен көрсө. Өз жашоомду кек алуу менен эле аягына чыгып калыптырмын байкабай. Нараазымын, өзүмө нараазымын. Буркан-шаркан болуп чыгууга зар сезимди да чыгара албай турган маалым. Көзүмдүн жашы соолуганы качан, көз жаш бул жакта турсун оозумдагы шилекей да эчак эле кургап калган. Атым Клара, Чүй өрөөнүнө караштуу Кемин районунда төрөлүп өскөм. Үй-бүлөөбүз кадимки карапайым адамдар эле. Талаа айдап жан бакчыбыз, атам жер айдап, арык алса мен урук сепчүмүн, апам болсо көмчү. Бай болбосо да, ынтымак орноп, бакыт бийлеген бүлөө элек. Жетилип келеткан кезим эле, апам менден кийин төрөй албай жүрүп мына быйыл кудайым кош колдоп наристе берген турат. Көз тийдиби же сөз тийдиби билбей калдым. Атам талаадан кулап түштү, антип- мынтип ооруканага жеткичек бир топ убакыт өтүп кетти. Догдурлардын айтымында жарым саат кечиксек атамдан айрылып калмак экенбиз. Эркек деген эркек экен, апам экөөлөп эптеп күзгү түшүмдү жыйнап алдык. Короодогу бодо малдын баардыгын чекеден сатып атамдын даарысына иштетип жаттык. Маарап турчу бир чычкак улагыбыз калбады, айтышат эмеспи үрүп чыккан ити да жок,-деп биз так ошондой болдук. Суукта тезек түгөнүп, мен тоодон отун алып келип эптеп жазга чыктык. Атам чыгып келди бирок, толук сакайып кете албады. Күндө таңга заар чыгып басып келет элек, мен атам жыгылып калса жанында болоюн деп эле эрчип алам. Курсака барчу нерсе калбай, эки күн ачка калдык. Айдоо маалы болгондуктан жерибизди бирөөгө бердик. Акысына бир улак алып, сатып кайра бир нече күнгө жетээрлик азык-түлүк алдык. Мен болсо айылдын элине акчага талаа иштерин кылып берип, үйдүн милдетин мойнума алдым. Жашым он беште, тогузунчу класстын окуучусумун. Апам көз жарып, дүйнөгө кыз алып келди. Атам эркек күтүп жүргөн болсо да, билдирбей кубанып жүрдү. Анан кантсин атам байкуш ай, туяк калсын дептир да көрсө. Атын өзүм тандап Перизат койдум. Мага кичинекей сиңдим перидей эле туюлду ошол үчүн оозумдан чыкканы ушул ысым болуптур. Кубанычыбыз койнубузга батпай, элге дүңгүрөтүп той бербесек да карызга улак алып көчөнү чакырып той бердик. Элдин батасын алып, жолу ачык кыз болсун деген элем. Жайкы каникул башталды, сынакты мыкты тапшырып күбөлүктү сандыка каттым. Эми эмне кылам?- деген изденүү менен бир жума убак өтүп кетти. Кошуна жеңе менин иш издеп жүргөнүмдү угуп, агасынын үйүнө жумушчу керек деп калды. Өмүрүмдө үйгө кызматкер алганын уккан эмес элем, оозум ачылды. Эртеси эле сары автобуска түшүп шаарга аттанып кеттим. Чын эле жеңемдин агасы аябай бай турушат экен, чийгилеп берген кагаз менен таап бардым. Ак кирпичтен курулган эки кабат үйдүн алдында турдум, мага тиги эжей олтурган кантордон да олуттуу көрүндү. Чын эле ушул жерде иштеймби!-деп ишене албай турдум. Эшикти аста кактым эле орто жаштагы эже чыкты.
---Саламатсызбы, мени Айнагүл эже жиберген эле, жумуш барбы?
--Ий кирегой, секетиң кетейин десе ырас эле болбодубу. Жумуш бар, бас биринчи чай ичкенче таанышып алалычы. Атым Астра, тиги Айнагүл эжеңдин жеңеси болом. Жеңе дей бер кызым, сенин атың ким?
---Атым Клара, мен тиги Толубайдын кызымын, тааныбасаңыз керек э?
--Тааныбаганда эмне, тааныйм эле. Айнагүлдү ала качып кеткенде мен кууп баргам, ошондо атаң жол тороп мени өткөрбөй койгон. Болбой койгулап тытынсам бир колдоп жоонуна көтөрүп алган эле. Ошол кезде чырдап, бир топ ызы-чуу чыгаргам. Кийин Айнагүлдөн атаң тууралу жакшы кептерди угуп калганмын. Ээх эң башкысы ден-соолук турбайбы, мына мен да жарым жан болуп олтурам. Айыгып кетсин, атаңдын кырсыктаганын кулагым чалды эле бир.
--Рахмат, айтканыңыз келсин. Атам тууралу мындай жакшы кеп угуп алып жашып кеттим. Атам мактоого арзыган киши болсо, сөзсүз айыгып кетет себеби күчтүү деп үмүтүмдү жандырып алуучу элем. Үй шарттары менен тааныштырып чыкты, баардыгы жаккандай болду. Иштеп баштадым. Он күн өтүп үйгө үй-бүлөө мүчөлөрү толук топтолушту. Эми эле мектепти бүткөн баласы бар экен, анан Айнагүл эжем мактаган байкеси келди. Таласта чоң улак болуп, Калил ага Эрболду алып ошол жакта жүрүшкөн экен. Эне сүтү ооздон кете элек Эрбол көзүмө аябай жакшы көрүндү. Шаардык анан тыкан, таза болуп турса ашык болуп калган окшоймун. Калил ага болсо мага көңүл деле бурбады.
Баардыгы эле керемет өтүп жатты менин көңүлүмдөгүдөй. Бир гана менин көңүлүмдү кичине ирээнжиткен нерсе бул Эрболдун мага такыр көңүл бөлбөгөнү болду. Кантсе да шаардык, мени бул теңине албайт да деп түшүндүм. Ошондо кайдан билдим жүрөгүмө түбөлүктүү, тун сүйүү орногонун. Жайкы каникул аяктап, кетүүгө убакыт келип жетип кетиш керек болду. Астра эже аябай мага көнүп алган экен улам эле:-ай кетип каласыңбы ушинтип эле, ушул жака эле которулуп алчы;-деп жатты. Мен айылдагы курбуларымды, ата-энемди, Перизатты сагынаарымды айтып көнбөй койдум. Акыры маакул болгонсуду. Үйгө кетээриме сүйүнүп убакыттын бат өтүшүн тилеп жаттым. Астра эже мага биринчи сентябрга кийим алып берем деп көнбөй базарга эрчитип барып кийинтип келди. Бир чети атамдын даарысына акча артат экен:-деп сүйүнүп турдум. Каргыш аткыр ошол эртең кетем деп турганда түн бойлоп суук кабар келди. Айылдагы Айнагүл аяш апамдын жолдошу, аяш атам каза болуп калыптыр. Баардыгы кетишти, мени эки күн үйдү карап тур эжейиңе өзүбүз айтабыз дешип калтырып коюшту. Үйгө деп учкан канатымды бирөө бир чапкандай эле ийнимди куушуп, айласыз өзүмдү басууга туура келди. Кече эле тамашалап күлүп, аяш кызым деп мени эркелетип жүргөн атамдын досун бул дүйнөдөн өтүп кеткенине ишенбей турдум. Эки күндөн кийин Калил ага айылдан келди, Астра эжени дагы эки күнгө калганын менин кетпей турушумду айтып бөлмөсүнө кирип кетти. Эрбол болсо Стамбулга окууга тапшырып кеткенине эки-үч эле күн болгон болчу. Эки күн үйдө жалгыз болгонум аз келгенсип эми Калил ага менен дагы эки күн жашашыма туура келерин ойлоп жинденип алдым. Ал күн тынч өттү, үйдө эчким жок такыр чачылган жок болчу. Жумуш жок жөн эле эс алып жаткам. Калил ага тооктун этин даамду куурулганын жакшы көрүп жечү. Эт кууруп, салат жасап койдум. Машина короого киргенде дасторкон жайып, тамак-ашты коюп бөлмөмө кирип кеттим. Идиш-аяктын калдыраганын угуп, чыга албадым жата бердим. Бөлмөмдүн эшигин ичинен жаап алган элем, эшигимдин кармагычы буралып жабык экенин көрүп нары басып кетти. Кырылдаган үнү менен;--Талкаланган идиштерди жыйнап кой;-деди. Бир саат өткөндөн соң уктагандыр деген ойдо чыктым, бутумдун учу менен ашканага кирсем ушунча күч кетирип жасаган тамагым жерде чачылып жатат.
-- Көзүн май басып, убалды да билбей калганго. Байлык эмне болуп берет буга, кесирден коркпосо муну жакында ушул ысырап болгон тамак-аштын убалы урат, акмак десе.
--Эмне дейсиң? Эй тилемчи сен мага акыл үйрөткөн даражага жетип калдыңбы? Сен нөлсүң, нөл билдиңби. Сен да адамсыңбы, колуңду кош жайып тилемчи болуп кайыр сурап жүрөсүң менин ажатканамды тилиң менен жууп. Ордуңду билгин уктуңбу....
---Калил ага кечириңиз, мен андай ойдо айтпадым эле. Кечириңизчи убал болгон тамак-ашка кейигеним жөн эле туура эмес түшүндүңүз.
--Болду көзүмө көрүнбөгүн, жогол..
Бөлмөмө атып кирдим, жаздыгыма көз жашымды болгончо агыздым. Эшигимди жаппай калган экенмин Калил ага артыман кирди. Чочуп кетип тура калдым.
--Эмне керек? Мени түндө куубаңызчы, таң атпай өзүм кетем. Кечирим сурадым го...
--Клара өзүңдү бас, сен мени кечир. Жашоомо нараазы болуп турганда алдыман сен чыгып калдың, катуу кеттим окшойт.
--Сиз жашоого нараазы болсоңуз анда ыраазы эчким жок болсо керек. Деги эмне жетишпейт?
--Мага байлык жетишет, дос, тууган, кызмат баардыгы жетишет. Сырттан караганда менден бактылуу адам жок, чындыгындачы эң бактысызмын. Астра эжең Эрболду жарык дүйнөгө алып келгенден кийин дароо ооруп калды. Ал кезде мен жөнөкөй эле ишкер элем. Айлыктан айлыка жашап жүрүп Астраны жакшы даарылай албадым. Оорусу өтүшүп кетип, айыкпас дарт ашырды. Баардыгына өзүмдү күнөөлөйм, пайда жок андан. Өкүнүч, кайгыруу көңүлүңдү жылытып, жүрөктөгү махабат отун жандыра албайт экен. Астра ооруганда болгону жыйырма төрттө элем, ошондон бери кайгыдан башым чыкпайт. Жаштыктын доорун аялымды даарыло менен өткөрдүм. Астраны жанымдан артык көрөм, кыянаттык да кыла албайм. Таштап кетүү оюмада келбеген. Болгону мен аял жытын сагынам, Астра болсо даары жыттанат дайым. Жылуу сөз сагынам, Астра болсо онтоодон, кайгыруудан башка сөздү унуткандай. Ысык тамак жегим келет сүйүктүүмдүн колунан, Астранын колу кашыкты да көпкө кармай албайт. Чарчадым, чарчадым мен......
Ошондо аганы аяп кеттимби же башка нерсе болдубу билбей калдым. Ыйлап олтурган аганы акырын баары жакшы болот дегендей далга таптап койдум. Сыртка чыгып ашкананы жыйнап бүтүрмөй болдум. Баардыгын ирээттеп жайыма келсем Калил ага олтурган жеринде уктап калыптыр, мен диван турган бөлмөгө барып жатып алдым. Бир маалда ойгонуп кетсем ага колуна көтөрүп баратыптыр. Дароо тыбырчылай колунан секирип түштүм. Жана эле ыйдан жалооруган көздөр азыр болсо кутурган иттикиндей ойноктоп калган. Бир нерсе болоорун жүрөгүм сезди, колдорум титиреп жуунучу канага кире качтым. Эркек экен он мүнөткө жетпей эшикти талкалап кирди.
--Клара мени түшүнүп койчу, эчнерсе болбойт. Акырын эле, мени түртпөчү.
--Ага, ага адам эмес экенсиз.. Суранам, суранам тагдырыма балта чаппаңызчы, аяп коюңузчу. Балаңыздан кичинемин, аяңызчы. Сизде да карындаш барго, аял, апа барго кой бериңизчи суранам. Үүүү--үүү качыңызчы ары, тийбеңизчи....
Жинди сууга тоюп алган Калил мени уккан да жок окшойт. Бир түндө мени булгап салды, менин кийинки жашоомду ойлогон жок. Бир күндүк жыргалчылыгын ойлоду. Анысы аз келгенсип мени койо бербей таң атканча кучактап жатты. Алыша берип алым кеткен мен акыры шалдырап калдым. Эми тыбырчылаганда пайда эмне, болоору болду. Өзүмдү өлүкө чыгардым, айылга өлүгүм барат деп чечтим. Калилдин туруп кетишин күтүп жаттым. Бүгүн Астра эже келмек болчу, келип калышын тилеп жаттым. Баардыгын көрсүн дедим, Калилдин да жашоосу бузулсун дедим. Болбоду, Калил туруп мени акшыя карап душка кирип кетти. Түндө аны мен азгырып койнуна киргендей карап койбодубу, бул эмнеси? Кечирим сурап, эчкимге айтпа деп жалдырайбы деген элем. Бул инсан байлыгына биротоло чиренип, мендей кыздардын убалынан түк коркпой калган көрүнөт. Тиземди кучактап, өзүм менен өзүм сүйлөшүп олтура бердим. Канча убакыт өткөнүн билбей калыптырмын. Качан эшик тарс эттире жабылганда селт эте түштүм. Турууга дарманым жетпеди, өлүп кетсин дедим. Астра эже экен, жана эле эрдик кылып келсин, көрсүн эринин кандай акмак экен билсин деп жаткан жаным коркуп кеттим. Эрдигим эчак жашынып алгандай, Калилдин болсо кеткенине көп эле болгон окшойт. Өңүм бозоруп жатканымды көрүп Астра эже чочуп кетти, беш мүнөттө башымдан кармап бардык жогумду текшере калды. Медайымдын окуусун окушу окуп алып ден-соолуктун айынан иштеген эмес экен. Баардыгы жакшы экенин көрүп себебин сурады. Мен болсо унчукпай ыйлап бердим. Калил да келип калыптыр..
--Калил Кларага эмне болгон?
--Кайдан билбим, сура да...
--Деги дейм да ыйлайт эле ооз ачпады..Бул жакшы эмес я...
--Билбейм, мен үйгө келген жокмун кече;- дебеспи....
Уккан кулагыма ишенбей турдум, жеп салчу көзүм менен Калилди акшыя карадым. Сүрдүү кейпинен, өткүр көзүнөн кайра көзүм туруштук бере албай жалтактады. Буркурап жибердим, төшүмдө ыза кайнап бетин тытып таштагым келди. Анте албадым. Апамды сагындым деп койдум, жыйналып алдым кетүүгө. Жаткан төшөгүмдү жыйнаган эмес элем, ошону жайгаштырууга кирдим эле кайра. Астра эже астымдагы акты кармап катып калыптыр. Ошону кантип байкабадым экен түшүнбөйм ошону. Карасам болбойт беле? Өзүм дароо жыйнасам болбойт беле эмне? Ушул күнгө келип бирөө менен төшөк, аял эркек ортосундагы карым катнаш туралуу сүйлөшпөптүрмүн. Жеңемдерден да кызыгып сурабаптырмын, ишенсеңер эркек менен болгондон соң белги болоорун да билбептирмин. Билсем дароо тазалабайт белем, жуубайт белем.
Эмне кылышымды билбей калдым, чындыкты айтып салууга даяр турдум. Ыйладым, ыйлап жибердим чыдабай кеттим. Астра эжени бир топ жакын сезип калган экенмин төшүнө башымды катып шолоктоп ыйладым.
---Бул эмне? Клара айтчы бул эмне?
---Мен билген эмесмин, мындай булганаарын билбептирмин...
--Ай жинди кыз десе, ошого да ыйлайсыңбы. Эртеден бери катыганың ушул беле? Кой кызым ыйлаба, ар бир кыз эрежеге жеткенде ушундай болот. Бул деген жакшы кызым, сен кийин эне боло аласың дегени да бул. Ай акмак кыз, ошого ошончобу коркуп кетсе..
Астра эже мени билбейт деген окшойт эле, туура эмес түшүндү. Мага кайра жакшы болду, эч кимге эч нерсени түшүндүрүүгө кажети жок эле. Мени жеткирүүгө машина келип калды эле коштошуп чыгып кеттим.
Үйүңдөн заңгыраган чыгып кеттим,
Ичиме армандуу сыр түйүп кеттим.
Талкалап, сындырып ойногон сен,
Тагдырга айласыз ынап кеттим.
$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$
Жалгандан башталган келечеке,
Кол жаңсап, тобокелге салып кеттим.
Шашпай тур, мага дагы кезек келер,
Кегимди жүрөкө түйүп кеттим.
$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$$
Өч алаар ошол күндү элестетип,
Батыраак жетилишти тилеп кеттим.
Апакай көңүлүмдү тактар басып,
Сага мен өлүмдү тилеп кеттим..
Ушул саптарды көзүмдүн жашымды куюлтуп жаздым, буркан-шаркан болуп атылып кетчү ырымды барака түшүрүп, Калилдин кастюмунун төш чөнтөгүнө салып койдум. Бир эле түндө он беш жаштагы кыз он жылга чоңоюп кеткендей болду. Ой жүгүртүүм өзгөрүп кетти. Мурун ата-энеме адал акча таап жардам берем десем эми болсо эркектерди шашпай турсун дедим. Ал тургай таянып араң жүргөн атамды аябай калдым. Баардык эркек аттууга жек көрүү пайда болду. Батырак мектепти бүтүп, шаарга кетүүнү эңсеп турдум. Чоңоюп, жасанып эркектерди сүйдүрүп кыйноого шашып турдум, жашым эле тоскоол болуп тургандай болду. Кайдан билдим ошондо эркектерди сүйүү менен азаптай албашымды. Окууга көңүлүм жок, оюмдун баардыгын өч алуу басып алды. Бир эле Калилден эмес бардык эркек аттуудан өч алууну эңсеп жүрдүм.
Уландысы бар....
Катасы болсо кечирим сурайм, оңдоп чыгууга чыдабай калдым көздөр илинип...
Комментарии 62