Шаар ичи кымгуут, жол боюнда тизилген унаалардын көптүгүн айт, бош орун жок. Аңгыча эскирээк жигулисун айдап жашы бир топко барып калган аксакал ава келип калды, кудай жалгап эки машиненин ортосунда бир унаа батчудай орун бар экен аксакал ава ошо жерге унаасын коймок болуп аракеттене баштады. Карыганда көздүн көрүүсү начарлайт эмеспи же орундун тардыгынан кыйналдыбы, машинесин артка айдап барып кайра айдап келип коймок болгондо машинанын тездиги каттуулап барып алдында турган "Лексус" джип машинасын каттуу сүзүп алды.
Ошол жерде бирин серин турган адамдар топтоло түштүк, аксакал ата рулду кармаган боюнча башын мыкчып не кылышты билбей нес болуп олтуруп калды. Оюнда тиги кымбат лексустун кыйшайган жерин оңдотууга эле канча акча кетээрин ойлоп жаттыбы маанайы түшүп башын шылкыйтып ойлонуп олтурду. Бир минутка жетпей аркы беттеги дүкөндөн жашы 34- 38 жаштардагы бир жигит чуркап чыгып эле машинаны көздөй чуркады.
"Бул жигит тиги "Лексустун" ээси" - деп бирөөсү айта калды, эми эмне болоор экен...... мен, бир жашыраак жигит, бир аял эле экенбиз бул тегеректе кашайып эл да аз тура "кызуу кандыкка алдырып аксакалды жакалабаса урбаса экен сөкпөсө экен" - деп ичимден кыжаалатмын. Жаныма келе калган жаш жигитке "тиги мырза (джиптин ээси) аксакал атанын жакасына асылса ажыраталы" - деп айта салганы үлгүрдүм.
Чуркап келип эле жигулинин эшигин шарт ачып атаны карап:
- Ава эч жериңиз эч нерсе болбодубу каттуу урунбадыңызбы озүңүздү кандай сезип жатасыз, жакшы элесизби өңүңүз бозоруп кетиптир же доктурга апарайынбы - деп атаны сурап кетти.
Аксакал ата "ээ балам мен го эч нерсе болбодум, сенин машиңеңди кантип оңдоп берем...." деп эле тайсалдай түштү.
"Ава бул деген бир темир да табылат эч нерсе эмес, сиз жаракат албаган болсоңуз эле болду адамдан темирди бийик коюп болобу кыжаалат болбоңуз" - дегенин угуп көзүмдөн жаш сызылды......
Мына чыныгы ата уул.. адамгерчилик.....мээримдүүлүк...боорукерлик....мыкты тарбия......мындай мырзаны төрөп өстүрүп тарбия берген апасына, атасына рахмат! ......
Сара Камалова.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36