Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары
1. Жасалма жибектен жасалган кийимдердин тагынан арылуу үчүн дароо эле ацетон, перекись водород, уксус же лимон кислотасын колдонууга болбойт. Алгач, кездемени текеширип алуу керек. Маселен, тазалоочу каражаттарды кийимдин ички тарабына бир нече тамчы тамызып, андан кийин 10 мүнөт күтө туруңуз. Эгерде өңү өзгөрбөсө анда, колдоно бересиз.Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары
2. Жасалма булгаары кийимдердин тагын спирт, бензин, ацетон менен кетирүүгө убараланбаңыз. Аны жөн гана самындуу суу менен кетирүүгө болот.
Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары
3. Жемиш жана жемиштердин ширесинен калган тактарды глицерин менен аракты тең өлчөмдө аралаштырып алып кетирсеңиз болот. Мындан сырткары чайнектин буусуна бир аз кармап туруп ,андан кийин уксус (ашкана уксусу) менен тазаласаңыз да кетип калат.
Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары
4. Кийим- кечедеги эскирген тактарды лимондун жиресин ысытып алып сүртсөңүз болот, же мискейгк суу кайнатып буусуна кийимдин тагы бар жерин тосуп ,андан кийи найна менен жууп аласыз.
Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары5. Жемиштерден калган жаңы тактарды жылуу сүт менен кетирсе да болот.
Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары6. Жемиш ширесинен калган тактарды нашатырь спиртине бирдей өлчөмдө суу кошуп, сүртүп, андан кийин кадимкидей эле айна салып жууп аласыз.Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары
7. Шараптын тагы бар кийимди кайнап жаткан сүткө бир малып асаңыз, тагы кетип калат.Ар түрдүү тактардан арылуу ыкмалары
8. Аш шарап же шампандын тагын глицеринди ысытып алып тазаласаңыз кетет.9. Шараптын тагы калган дасторконду лимон менен сүртүп, күнгө бир аз жая туруңуз. Андан кийин айна салып жууп коёсуз.
10. Сырадан калган такты нашатырь спирти менен сүртүп андан кийин самындуу сууга жууп койсо кетип калат.
11. Жашыл өсүмдүктөрдөн калган тактарды арак менен кетирүүгө болот.
12. Атырдан калган тактарды таза глицерин же шарап спирти менен сүртүп тазалап алсаңыз болот.
13. Помададан калган такты таза спирт менен сүртүп кетирүүгө болот.
14. Чач боёгунан калган такты перекись водород же нашатырь спирти менен сүртүп кетире аласыз. Ал үчүн бир аз ысытып алып колдонуу керек. Андан кийин самындуу сууга жуулат.
15. Терден калган тагы бар кийимдерди жууп жатканда нашатырь спиртинен кшуп койсоңуз кетип калат. 1 литр сууга 1 чай кашык туура келет.
16. Сүттөн калган такты жылымылык самындуу сууга чылап коюп кетирсеңиз болот.
Билип алуу ашыктык кылбайт...
Окуп жана бөлүшүңүз..
#13 https://ok.ru/group/53470710661203
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4