Чычырканак майы менен дарылоо
Ашказан жарасын, гастритти айыктырууда чычырканак майы кеңири колдонулат. Бул оорулардан жабыр тарткан адамдар тамактанууга 15-20 мүнөт калганда 1 чай кашыктан кабыл алып туруулары зарыл. Бир айдын ичинде күнүнө 3-4 жолудан бузбай ичкенде жакшы жагына өзгөрүү болгону дароо байкалат.
Жатын моюнчасынын эрозиясын чычырканак майы менен дарылоого болот. Ал үчүн чычырканак майын кебезден жасалган тампонго жакшылап сиңирип, жатын моюнчасына салып коюу керек. Тампонду күн сайын алмаштырып туруу зарыл. Процедура 8-12 күнгө созулат. Натыйжалуу жыйынтыкка ээ болуу үчүн 4-6 жумадан кийин кайра кайталоо керек.
Теринин сырткы жарасын (ириңи жок) же күйүктү айыктырууда жаранын үстүнө чычырканак майын сыйпап, бинт менен таңып, аны күн сайын жаңылап байлап туруу зарыл.
Ашказан жарасында 1 чай кашыктан күнүнө 2-3 жолу ичүү зарыл.
Бүйлөлөрдүн сезгенүү оорусунда, пародонтоздо кебезди чычырканак майына чылап, ооруган жерге 10-15 мүнөт коюу керек. Бир-эки жуманын ичинде бул процедураны күнүнө 1-2 жолудан кайталоо керек.
Баланын иммунитетин көтөрүү үчүн бир айлыгынан баштап берүүгө болот. Алгач оозуна бир тамчыдан тамчылатып баштап, бара-бара көбөйтүп 10 тамчыга чейин жеткирип туруу керек.
Чычырканак майы косметологияда
Бул өсүмдүктүн майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат.
Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл.
Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт.
Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек.
Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет.
Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат.
Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет..
Чычырканакты кимдер пайдаланууга болбойт?
Ашказан алдындагы без, боор, өтү ооругандар;
Панкреатит менен ооругандар;
Аллергияга жакын адамдар;
Ашказанында кычкылдуулук жогору болгон адамдар.
Окуп жана бөлүшүнүздөр### https://ok.ru/group/53470710661203
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13