Предыдущая публикация
Напси менен курдаш болуп кубанып,
Текке кеткен күндөр барат уланып.
Намаз окуп сажда кылбай жүрөбүз,
Аллах үчүн таппай калдык убакыт.
Орун алып үй салгандай бейиштен,
Намаз окуп үлгүрөм деп жүрөбүз.
Кепилдик жок таң шооласын көрүүгө,
Кайсы арыма ойноп-жыргап күлөбүз.
Беш парыздын бири калды жабылып,
Беш маал намаз күтөт бизди сагынып.
Дос сыяктуу коргоп турган намаз жок,
Калбайлычы от- жалынга кабылып.
Ниет кылдым мен да жоолук салынам,
Намаз окуп Жаратканга жалынам.
Эң бактылуу үммөт болсом мен дагы,
Пайгамбарды көрөм бейиш багынан!!!
Кел тууганым Багымдатка туралы,
Ниет кылып Меккеге жүз буралы.
Беш парыздын түркүктөрүн тургузуп,
Бейиш бакка сарайларды куралы!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев