Абу хурайрадан риваят:Аллахтын элчисиﷺайткан: ((Эгер инсан көз жумса үч нерседен кана сооп келип турат: пайдасы уланып турган садака калтырса, же пайдалуу илим калтырып кетсе, же ыймандуу урпак калтырса аркасынан дуба кылып турган)).Муслим риваят кылган.Түшүндүрмө:Адам баласы жашоодо акыреттин камын көрүп эң маанилүү иштер менен алектениши керек, бул жашоодон кетсе дагы сооп токтобой келип туруш үчүн,пайдасы уланып турган садаканын мисалы: мечит куруп кетсе же мөмөлүү дарак эгип кетсе,тирүү жандыктарга пайдасы тийген жакшы нерсе калтырса сооп келе берет ал нерсенин пайдасы токтогончо.Пайдалуу илим дегени Кудайды тааныткан жана анын ыраазычылыгына жеткизе турган иштер тууралуу илим, мисалы миң жылдан ашык алдын калтырылган илимий мурастар бар азыркы күнү дагы колдонулуп келет, имам Абу ханифанын,Бухаринин,Муслимдин илимий мурастары сыяктуу. Ыймандуу урпак дегени Кудайдан корккон перзенттерди тарбиялап артынан калтырса ошолор дайыма ата-энесине дуба кылып, сооптуу иштерди кылып соопторун багыштап турушса.Азыркы учурда коомубузда кээ бир маркумга куран окутабыз деп молдону издешет,ал адамдын канча деген уул-неберелери бар бирок кейиштүүсү алардын ичинде бири дагы куран окуп багыштаганга жарабайт, ушундай нерседен Кудай сактасын.Кудайды тааныбаган анын акысын бербеген урпак ата-энесинин тируу кезинде дагы тиги дуйнөгө кеткенде дагы алардын акыларын берип жыргатпайт,акыретке барганда дагы ал экоонун соопторун талашышат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев