Улуу Алла Таала озунун берешендиги ,боорукердиги менен аял эркекти жаратып,ал экоонун ортосунда оз- ара суйуу сезмидерин пайда кылып , аял эркексиз, эркек аялсыз жашай албай тургандай кылып жаратты. Улуу адам баласынын уйлонуу турмуш куруу сезмидери эзелтен улуу Алла Таала тарабынан берилген табигий тубаса касиет, ар бир адам бул тубаса касиетке баш ийип жашап, эч качан андан кутулуп кете албайт.Мына ошондуктан кыз болобу , же жигит болобу бойго жеткен убактан баштап , ал тубаса касиеттин талаптарын сезе баштап , тубаса касиеттин талабын канаттандыруу учун ар бир жан озуно жар издей баштайт. Улуу Алла Таала оз созундо:
قال الله تعالى خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْواجاً لِتَسْكُنُوا إِلَيْها وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً
(Алла силер учун жанынардан алар менен бирге жашоо учун аялдарды жаратты , жана ортонордо мээримдуулукту , суйууну пайда кылды ) деп айтат. Бул аятта арап тилинде "СУКУН" созу келет, биздин тилге которгондо " ТЫНЧ БОЛУУ, ТЫНЧТАНУУ, ТОКТОЛУУ, БАСЫЛУУ" деген маанилерди берет. Мына ошондуктан аял менен эркек бири-бири менен жашап , оз-ара турмуш куруу натыйжасында оз жандарында тынчтыкты, токтолууну, басылууну сезишет, ал эми текерисинче бойго жеткенден кийин турмуш куруу планын четке суруп койгондор , шек шубкасыз жашоосунда тынчтык, туруктуулук болбой , дайыма кыжалатта жашашат, эгерде ал сезимдерин эч кимге билдирбей жашырышса да. Улуу Алла Таала адам баласынын бул муктаждыгын туура кабыл кылып , аял-эркектер оз-ара турмуш куруп , адам баласынын туягын улоо учун , алар ортосунда "Нике" деген шарият законун пайда кылып берди. Бул нике жолуу менен гана аял-эркек бири-бирине жакындаша алат, нике жолунан башка жолдордун баары улуу Алла Таала жаман коруучу зынакордук жолуна алып барат.Мына ошондуктан Алла Таала:
قال تعالى وَلا تَقْرَبُوا الزِّنى إِنَّهُ كانَ فاحِشَةً وَساءَ سَبِيلاً (32)
(Зына кордука жакындашпагыла, албетте ал жол бузуку жаман жол) деди.
Бул жерде байкап карасак ,улуу Алла Таала зына кылбагыла дебей, балким зынага жакындашпагыла деди. Ал эми зынага жакындашуучу жолдор бойго жеткен болок кыздарга суйлоо, болок эч кандай никеде болбогон кыздардын же балдардын колун кармоо,обуу эч ким жок жерде кыз менен же бала менен жалгыз калуу, вечир чогулуштарда кыз-балдар менен бирге болуу, кыздарга же балдарга кумар менен берилип кароо, кыз-балдар бирге бир жерде отуруулары жана башка толгон токой зынакордука алып барган же кыз –жигитте бир-бирине кумар козгоочу баардык нерселер шарият тарабынан арам кылынды. Улуу пайгамбарыбыз :
عن أبي هريرة ، أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال : " كل ابن آدم له حظه من الزنا ، فزنا العينين النظر ، وزنا اليدين البطش ، وزنا الرجلين المشي ، وزنا الفم القبل ، والقلب يهوى ويتمنى ، ويصدق ذلك أو يكذبه الفرج "
(Ар бир адам баласынын зынадан улушу бар , коздун зынасы кароо, колдун зынасы кармоо, буттун зынасы зына кылууга басып баруу, ооздун зынасы обуу, журок зына кылууну каалап , тилейт жыныстык мучо аны чындыка чыгарат же жалганга чыгарат) деп айтат. Мына ошондуктан бироого нике окутулмай сайын такыр жакындашууга болбойт, жакындоо мында турсун улуу Алла Таала жонокой эле карап койуудан кайтарды , Алла Таала оз созундо:
قال الله تعالى قُلْ لِلْمُؤْمِنِينَ يَغُضُّوا مِنْ أَبْصَارِهِمْ وَيَحْفَظُوا فُرُوجَهُمْ ذَلِكَ أَزْكَى لَهُمْ إِنَّ اللَّهَ خَبِيرٌ بِمَا يَصْنَعُونَ (30) وَقُلْ لِلْمُؤْمِنَاتِ يَغْضُضْنَ مِنْ أَبْصَارِهِنَّ وَيَحْفَظْنَ فُرُوجَهُنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا مَا ظَهَرَ مِنْهَا وَلْيَضْرِبْنَ بِخُمُرِهِنَّ عَلَى جُيُوبِهِنَّ وَلَا يُبْدِينَ زِينَتَهُنَّ إِلَّا لِبُعُولَتِهِنَّ
(Оо Мухаммед айткын момундарга коздорун (аялдарга кароодон) ылдый кылышсын, жыныстык мучолорун (зынадан ) сакташсын, мына ушул нерсе алар учун жакшы , албетте Алла алар кылып жаткан нерселеринен кабардар\ (Оо Мухаммед айткын момун аялдарга коздорун ( эркектерге кароодон) ылдый кылышсын, жыныстык мучолорун (зынадан) сакташсын, корсотуш зарыл болгон жерлеринен башка кооздуктарын эч кимге корсотушпосун, ачык мойундарын (жапкыч , жолуктар) менен тосушсун, кооз жерлерин эрлеринен башкаларга корсотушпосун) дейт. Мында маалым болгондой жат кыздарга же жат эркектерге кароонун озу арам нерсе , анан башкасы кандай болсун. Демек эч качан жат кыздарга жат эркектерге такыр жолобошубуз керек , жакындоонун бир гана адал жолуу бул шарият негизинде нике куруу жолу. Ал эми нике куруудан алдын ар бир аял эркек бири-бирине арам болот, никесиз жакындашуусу зына болот, жонокой бир соз болсо дагы. Улуу пайгамбарыбыз озунун улуу хадистеринде:
، أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال ولا يخلون رجل بامرأة فإن ثالثهما الشيطان،
(Силердин биринер бир аял менен жалгыз калбасын, албетте ал экоонун учунчусу шайтан болот) деди. Мында улуу пайгамбарыбыз никесиз жат аял менен бирге болуудан , бирге журуудон кайтарды , жана ал экоонун учунчусу азгыруучу шайтан болушун баса белгиледи , демек бул жерден каапырлар тарабынан мусулмандар коомуна кирип келе жаткан зынанын эн коркунучтуусу тууралуу айтып кетпесек болбойт. Чындыгында эл ичинде кыз-жигит болуп журмой аябай кобойуп кетти, кыз – жигит шылтоосу менен кыргыз элинин маданиятына , менталитетине , адеп-ахлактарына, Ислам шариятына жат корунуш болгон кыз-жигиттер адамдар арасында кучакташуу, обушуу сыяктуу каапырлардын жаман адаттары кенири таркап баратат. Албетте ортодо эч кандай шарият негизинде нике байланышы жок туруп кыз-жигит болуп журуу бул- эн чон зынакордук, Алла жана анын пайгамбары суйбогон иш, жана эн чон куноо, кыз-жигит никесиз бирге болушуу эн чон куноо, экоо тен бири-бирине никесиз арам болуп эсептелет. Жогоруда бул тууралуу айтып оттук. Кыскасы Ислам дининде кыз-жигит болуп журуу жок, жана Ислам дини никесиз эркек аялдар бири-бирилери менен мамиле кылууга катуу тыюу салат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1