Коронавирус пандемиясы бүтпөй, эми гана карантин тартиптери бир аз жумшартылып элге сүйүнүчтүү кабар бердик эле. 3-4 күн мурун катуу шамал. Эми болсо СЕЛ. Бир сааттан ашык жааган жамгыр алгач мөндүр аралаш жаап бак-дарактарга жаңы көчөттөргө залал келтирди. Ал эм саат 18:30дан баштап Исфана шаары боюнча, бардык сайларда жана калктуу конуштардын арасында катуу сел жүрдү. Турак үйлөр, социалдык обьекттер, соода түйүндөрү, унаа жолдор жана ички көчөлөр, короо тамаркалар, эгин жайлар, таза суу түтүктөрү, сугат арыктары..... Олуттуу зыян болду.
Шаар мэриясынын жетекчилиги, айыл башчылары, өзгөчө кырдаалдар боюнча адистер түн жарымына чейин жер-жерлерде болуп, элден кабар алышты жана абал менен таанышты. Келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо иштери жүргүзүлдү.
Селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн эрте таңда штаб өткөрүлөт.
ШААР МЭРИЯСЫНЫН АДМИНИСТРАЦИЯСЫ ЫЙЫК ОРОЗО КҮНДӨРҮНДӨ ЭЛИБИЗГЕ САБЫРДУУЛУК ТИЛЕЙТ.
#исфана #лейлек #сел #АчыкБаткен
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5