Ихсан Медиа
added January 12 2018 at 22:59
Ассаламу ъалайкум уа рахматуЛлах тайпалаш мусулман бир туугандар! Аллахтын насиби менен 6 жылга чукул мезгилден бери ЫЙМАН НУРУ медиа порталыбыз үммөттүн кызматында. Динде мээнет кылууда сыноолор көп болот эмеспи. Аллах туура жол, туура пикир жана күч-кубат берип адашпай келүүбүзгө жол көрсөтүп келет. Аллахка чексиз шүгүрлөр болсун дейбиз. Медиа порталыбызга кызмат кылып келген жана кызмат кылып жаткан админ-модераторлорубуздан жана сырттан кызмат кылган мусулман бир туугандарыбыздын баарынан
Ихсан Медиа
added July 4 2020 at 21:48
=ЗУХР УУЛДАРЫ= (-13-10кылымдар) Дарыгерлер Андулусия Атавилер доорунда Севилья шаарында Зухр уулдары (Бану Зухр) делинген үй бүлөдөн келген жана X-XIII кылымдарда жетишкен, ошол ат менен аталган жана бешөө баары тең дарыгер болгон беш ибн Зухр бар. Биз мында Ибн Зухр аты менен таанылгандардын биринчиси жана үчүнчүсүн сөз кылабыз. Биринчиси Ибн Зухр (1078-ж.өл.). Абу Мерван Абдулмалик ибн Мухаммед ибн Мерван ибн Зухр аль-Ишбили Бану Зухр (Зухр уулдары) үй-бүлөсүнөн болгон алгачкы
Ихсан Медиа
added June 30 2020 at 22:03
=ЗАРКАЛИИ= (1029-1087) Астроном Өмүр баяны Абу Исхак Ибрахим ибн Яхья ан-Наккаш аз-Заркалии батышта "Архагел" аты менен таанымал болгон. Негизги аты Ибрахим. Заркалии 1029-жылдарда Андалусия Омаиддердин маанилүү борборлору Тулайтула (Толедо) шаарында туулган. Үй-бүлөсү мусулманчылыкты кабыл алган вестгот уруусунан болгон. Алгачкы билимин Толедодо алган. Кичинекейинен баштап алтын жана күмүштү жасалгалоочу зергерликти үйрөнгөн. Ошону үчүн "ан-Наккаш" (накашчы) лакабын тагышкан.
Ихсан Медиа
added June 29 2020 at 20:40
=ЗАХРАВИ= (936-1013) Дарыгер Өмүр баяны Батыш илимпоздору "Абужасис" деген Абул-Касим Халаф ибн ал-Аббас аз-Захрави 936-жылы Кордовада Захра шаарчасында туулган. Туулган жерине карата Захрави аты менен таанымал болгон. Негизги аты Халаф. Көптөгөн мусулман аалымдардын өмүр баяны жөнүндө толук кандуу маалымат болбогондой эле, Захравиники да жок. Захрави Испанияга жайгашкан арабдардын ансур уруусунан болот. Захрави өмүрүнүн көпчүлүгүн өткөргөн Кордовада толук билимин алып болго
Ихсан Медиа
added June 28 2020 at 22:07
=ЖУСУП БАЛАСАГЫН= (1017-1077) Адабиятчы Өмүр баяны Жусуп Баласагындын жашоосу жөнүндө жок дей тургандай эле аз маалыматка ээбиз. Тектүү бир үй бүлөдөн келген Жусуп Баласагын Караханиддер мамлекетинин маанилүү бир шаары болгон Баласагында болжол менен 1017-жылы туулган. Баласагын бүгүнкү Кыргызстандын аймагында. Жусуп Баласагын бала кезинде жана жаштыгында дурус, негизги билим алат. Арабча жана фарсча үйрөнөт, математика жана астрономия менен да алектенген. Жусуп Баласагын 1077-жы
Ихсан Медиа
added June 27 2020 at 15:06
=ЯКУТ= (1179-1229) Географ жана тарыхчы Өмүр баяны Якут ар-Руми (Анатолиялык Якут) болуп таанылган Якуттун толук аты Шихабеддин Абу Абдуллах Якут ибн Абдуллах аль-Хамави. Якуттун араб тектүү болбогондугу маалым. Кээ бир Батыш окумуштуулары анын 1179-жылы Византиянын аймагындагы араб болбогон ата-энеден туулгандыгын белгилешет. Анын беш же алты жашында кул болуп Багдадга жөнөтүлүп, ал жакта сатылганын айтышат. Мунун туура-жаңылыштыгы талаштуу. Бирок сөздү узартпастан айтсак,
Ихсан Медиа
added June 26 2020 at 13:04
=ВИДИНДИК ХУСЕЙН, ТЕВФИК ПАША= (1832-1901) Математик жана астроном Өмүр баяны Видиндик Хусейн Тевфик Паша 1832-жылы Тула дарыясынын жээгиндеги Видин шаарында (азыр Болгариянын аймагында) туулган. Хасан Тахим Эфендинин уулу Видиндик Тевфик Паша алгачкы жана орто билимин Видинде алат. Кийин 15-16 жаштарында жогорку билим үчүн Стамбулга келет. Окуучулук жылдарында тууганынын жанына калат. Сүрөт тартууга кызыккан Тевфик Паша гео-инженериясына тапшырууга сунуштаганда, Хаскөйдөгү
Ихсан Медиа
added June 25 2020 at 15:01
=УЛУГБЕК= (1394-1449) Математик жана астроном Өмүр баяны Улугбек тарыхта өзүнө тең келе тургандар сейрек кездешүүчү окумуштуу. Ал бир эле учурда илимпоз да, бийлик адамы да болгон. Улугбектин өзүнүн аты Мухаммед Тарагай. Тимуриддер мамлекетинин куруучусу. Тимурдун (1136-1405) небереси. Атасы Тимурдун уулу Мухиддин Шахрух мырза, апасы Гавхаршах... Чоң атасы Тимур Улугбекти жакшы көргөн. Ошон үчүн бала кезинен аны "Улугбек" лакабы менен атаган. Улугбек кийинчерээк ушул лакап м
Ихсан Медиа
added May 22 2020 at 20:55
=АЙТ НАМАЗЫ= Адат боюнча, айт күнү таң саарда эртелеп туруп, мүмкүнчүлүк болсо бой даарат (гусул) алып, болбосо даарат алынат да, таза жана тыкан ички, сырткы кийимдер кийилет. Жыпар жыттуу нерселер атыр бар болсо колдонууну да эстен чыгарбаган оң. Мечитке, намаз окулчу жерге кетип бараткан жолдо өтө шашпастан токтоо, олуттуу кадам менен жүрүп, зикир-тасбих жана такбирлер айтылат. Орозо айтта, айт намазы үчүн үйдөн чыгуудан мурда тамак-аш же кээ бир таттуу нерселерден ооз тийүү, ал эми К
Ихсан Медиа
added May 18 2020 at 20:38
=ОРОЗО СЫЙ-БЕРЕКЕНИН КАДЫРЫН СЕЗДИРЕТ= Негизи адам баласы Жараткан тарабынан берилген жакшылыктардын жана сый-берекенин кадыр баркын биле бербейт. Андай сыйларды кудум өзү келген бекер дүйнөдөй каалаганча орунсуз ысырап кылып, обу жок коромжу кыла берет. Ар түркүн даамдуу жана чүйгүн азыктарды каалаганча беймарал жей берген соң ооздон даамы кетип, "тойгон соң токтунун эти да топурак татып" калат. Мындай абалга келген адам эч убакта азык-түлүктүн, аш-тамактын кадыр-баркына жетпейт, ысырап
Ихсан Медиа
added May 16 2020 at 21:13
=РАМАЗАН АЙЫНДА ЫКЛАСТУУ ДУБАЛАР КӨП БОЛСУН= Аллахым! Бизди көз ирмемге болсо да Өзүң ыраазы болбогон нерселер менен обочо таштап коё көрбө. Аллахым! Чын-тамашамды, жаңылыштыгымды жана атайлап кылгандарымды кечире көр. Бул кемчиликтердин бардыгы менде бар экенин моюнума алам. Аллахым! Чыгыш менен батыштын арасын алыс кылгаңындай, мени менен күнөө каталарымдын арасын да алыс кыла көр. Аллахым! Карызга батуудан, душмандын табасынан жана башкалардын келекесинен сактай көр. Оо, Ж
Show more
2 May 2019
126 789 participants in the group
Join
=ОРОЗО= Орозо араб тилинде "ас-соум" деп аталат жана "кармануу" деген маанини билдирет .Ислам шариятында ибадат ниетинде тан аткандан кун батканга чейин тамак жештен,суусундук ичиштен тыйылууну тушундурот. Орозо балагатка жеткен ар бир акыл-эстуу мусулман эркек жана аялга Парз. Орозо ибадат болгондуктан Орозо кармоого ниет кылуу башка ибадаттарга кылгандай эле парз. Ниетсиз кармалган орозо жараксыз болуп эсептелет. "Ихсан Медиа" порталы
Log in or sign up to add a comment