(уландысы)
✏ Үйүндө орозо кармап жүрүп таң аткандан кийин сапарга чыкса ошол күнү кечке чейин орозосун жеткирсин. Эгер жолдо кыйналып орозосун ачып алса каффаратын беришпейт.
✏ Рамазан айы толугу менен жинди болсо, орозо сакыт болот. Эгер Рамазан айында кээ бир күндөрү эсине келип, соо болгон болсо казасын кармаш керек.
✏ Эгер Рамазан айында 30 күн эсинен кетип, эси жок жатса, же Рамазандын жарымы, же андан азыраак күндөрү эсинен кеткен болсо да казасын кармайт, бирок биринчи ниет кылган күнү казасын кармашпайт.
🔵 Орозодо саарлыкты кечиктирип жеш сүннөт. 👆 Түшүндүрмө: кечиктирип жеш дегени- түндүн үчтөн акыркы бөлүгүндө.
🔵 Оозду эрте ачуу сүннөт, шам намазынан илгери оозду ачуу- мустахаб, ооз ачарда бул дубаны окуу сүннөт.
🌱Аллахумма лака сумту ва бика аманту ва алайка таваккалту ва алаа ризкика афтарту.
Эртең менен ниет кыларда, бул ниетти айтышат:
🌱 Савма гадин мин шахри рамазаналлази фаризатан навайту фагфирли маа каддамту ва маа аххорту.
( аягы)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3