✏ Алла Таала айтат : Мына ушуга (бейишке) умтулуучулар умтулсун. (Мутоффифин 26).
✏ Абу Барза Асламиден ( р.з ) риваят : Пайгамбар ( салаллоху алайхи ва саллам ) айтты : “ Кыямат куну пенденин кадамы (эсеп-кысап) майданынан томонку нерселерден суралмайынча которулбойт. Омурунду кайда сарптадын,илимине канча амал кылдын,малды кайдан таптын жана кайда сарптадын,дене -кучунду кайда сарптадын".
✏ Урматтуу менен досторум жаш кезибизде илим алып,Куран жаттап алалы,эртен карыганда да , акыретте да окунуп калбайлы .
~ЭХ ЖАШТЫГЫМ~
Жалындуу бул жаштыктын курагы,
Эх арман журоктордон очуп барат.
Убактылуу бул кыскача омурубуз,
Токтобой дайра сымал отуп барат.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Убакыттын тез отуусу сезимге,
Олумдун бар экенин эске салат.
кечеги журоктогу жаштык сезим,
негедир мен тараптан четтеп барат.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Айтчы тууган эмне кылам мен эми,
Агып барат бул жаштыктын кемеси.
Бут ааламды кыял кылган жаштыктын,
Очуп барат журоктордон элеси.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Омур бою ыйласам да Оо Аллахым,
Бирок мага жаштыгымды бербейсин.
Мен тушундум эми бойго жеткенден,
Бул жаштыктын кайра кайтып келбесин.
~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~
Оо Аллахым артка мени таштаба,
Мен болууну каалап жатам жаш бала.
Окуномун бош откоргон кундорумо,
Кайтып берчи жаштыгымды аркага.
📗"АЛГАЧКЫ КАДАМ" китебинен.
Автор:Бактыбек уулу Дөөлөт.
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1