Бахтияр Тынчтыкбек уулу 2005-жылы 18-ноябрда төрөлгөн. Алты айынан көзүнөн жаш куюлуп, бетинде тактар пайда боло баштаган. Эки жашынан баштап оорусу ашкере болуп, профессор Балтабаев “пигментная ксеродерма” деген диагноз койгон. Кыргызстанда бул оору менен жалгыз Бахтияр ооруйт.
Азыр оорусу күчөп, шишиктер пайда болуп, жарылып баштаган. Анализ тапшырышса, “доброкачественный” делип, Москвадагы германиялык клиникада гана дарыласа болот делди. 35-50 миң АКШ доллары кетет дешиптир.
Тез арада жардам берилбесе, шишиктер көздөрүнө залакасын тийгизе баштаптыр. Азыр өзү да, энеси Зыйнат Тилекматова уктабай калышкан. Түнү менен ыйлап чыгышат. Зыйнаттын дагы эки баласы бар, күйөөсү инвалид болуп калган. Калган балдарынын, Кудайга шүгүр, дени сак. Бахтиярдын дагы ички органдарынын анализи эч кандай мандем жоктугун далилдеген.
Зыйнат: “Баланын оорусун эч кимге бербесин, Кудай! Жолдошум экөөбүз, баламды ойлонуп атып жүрөк оорулу болдук”, - дейт.
Сүрөткө тартсак, Бахтияр “мен көрөйүнчү” деп үмүттөнүп бир карады да энесин кучактап отуруп калды. Энеси “Бахтияр, айыксаң эмне кылабыз” десе, “Айылда той беребиз”, - дейт.
Муфтият колунан келген жардамын берип, Бишкек Казыятына жөнөттү. Сүрөт менен кайрылууну бардык мечиттерге чейин жеткизгенге аракеттенебиз.
Бахтияр менен Энеси Токтогул шаарынын Шарипов көчөсүнүн №15-үйүнүн тургундары. Байланыш телефондору:-( 0778) 92-66-12;-( 0553) 11-73-09.
Сүрөттү аргасыздан койдук, кечиресиздер.
жарыяланган күнү: 08-05-2013
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36
Тынчтыкбек уулу Бактияр. Азыр Бишкекте болницада.
Адрес:Ахунбаева-Пудовкина. Онкология.
Тел.н:0778 92 66 12. 0553 11 73 09
РСК Банк карт счёт 297439 Тилекматова Зина Каралиевна.
Тынчтыкбек уулу Бактияр.
Азыр Бишкекте болницада.
Адрес:Ахунбаева-Пудовкина. Онкология.
Тел.н:0778 92 66 12. 0553 11 73 09
РСК Банк карт счёт 297439 Тилекматова Зина Каралиевна. (Бактиярдын апасы).