Уландысы..
🍀 Орозонун пазилеттери тууралуу төмөндөгүдөй хадистер айтылат:
📎1. "Орозо кармаган адамдын оозунун жыты Алла таала үчүн миск жытынан да артыгыраак ".
📎2. " Эгер кимдир бирөө сообуна ишенип, сообун бир гана Алладан күтүп Рамазан орозосун тутса, кылган күнөөлөрү кечирилет"
📎3. "Орозо кармоочунун уйкусу (да) ибадат"
📎4. Орозо кармаган адамдын эки сүйүнүчтүү убагы бар. Биринчиси: ооз ачкан убагы. Экинчиси болсо, акыр-кыяматта Аллахка жолуккан убакта.
📎5. Бейиште Раййаан деген эшик бар. Кыямат күнү ал эшиктен орозо кармагандар гана кирет.
Беш өзгөчөлүктөрдүн:
📎Биринчиси - ачкалыктын себебинен оозунан чыккан жыт Аллах Талланын алдында мисктен дагы жакшыраак. Хадис чечмелөөчүлөрү бул сөздөгү сегиз маанини айтышкан. Бул туралуу мен "Муаттанын " чечмелөөсүндө кеңири жазгам. Менин оюмча алардын арасынан үчөө басымдуураак.
➡1) Аллах Талла Кыямат күнүндө ошол жыттын ордуна сооп жана жагымдуу жыт берет. Анын жытты мисктин жытына караганда жакшыраак болот. Мындай болушу ачык-айкын, жана анда эч кандай кайчы пикирлер жок. "Дурру Мансур " китебиндеги бир риваят ушул мазмунду бекемдейт. Ошондуктан бул сөз анык десек да болот.
➡2) Кыямат күнү адамдар кабырларынан тирилип чыккан мезгилде орозо кармагандардын ооздорунан мисктин жытынан да жагымдуу жыт чыгып турат.
➡3) Пенденин (автордун) кыска ою боюнча жогорку айтылган экөөнөн жакшыраак. Ал мындайча; Аллах Талланын алдында ал жыт, мисктен да артыкча жагымдуу. Бул иш махабат темасына байланыштуу. Ким кимдир бирөөнү жактырып калса, анын жытын ал үчүн миңдеген жыттуу нерселерден да жакшыраак сезилет.
🍃Орозо кармачунун максаты -Аллах Таллага өтө жакын болуу, ошону себебинен ал Аллах Таллага сүйкүмдүү болуп калат. Орозо Аллах Талланын эң сүйүктүү ибаттарынан. Ошондуктан айтылган баардык жакшылыктардын сообун периштелер жазышат. Бирок бир гана орозонун сообун Аллах Талла өзү билет, себеби орозо жеке Өзү үчүн гана кылынган. Кээ бир аалымдардан деп риваят кылынган. Мааниси:
❗"Орозонун ордуна мен Өзүмдү берем "-деген мааниде. Жакшы көргөнүңө жеткениңен жакшыраак эмне бар? Бир хадисте айтылган: ❗"Орозо -бул бардык ибаттардын эшиги ". Тактап айтканда орозонун себенинен жүрөк нурданат. Анан баардык ибадаттарга кызыгуу болот, бирок ал үчүн орозо чыныгы орозо болушу керек.
👆Бул жерде бир маселени эскертип кетүү зарыл. Ооздун жыты тууралуу хадистин негизинде кээ бирги алымдар орозо кармоочуга Шам намазына жакын мисвак иштетүүсүнө тыю салышкан. Абу Ханифа (рахмату ъалайхи) нин мазхабында мисвакты дайыма иштетүү мустахаб, себеби ал тиштеги жытарды кетирет. Ал эми хадисте айтылган жыт аш казандын боштугунан чыгат, тиштерден эмес. Абу Ханифа (рахмату ъалайхи) нин далилдери фикх жана хадис китептеринде кеңири айтылган.
📎Экинчи өзгөчөлүк— орозо кармаган адамга балыктардын истифар кылуусу. Мындагы максат орозо кармоочулар үчүн көптөгөн адамдар дуба кылууларын айта кетүү зарыл. Көптөгөн риваяттарда ушул мазмун айтылган. Ал эми кээ бир риваяттарда:
❗ "Орозо кармоочуга периште истигфар кылат. ",-деп келген. Менин агам Мавлана Мухаммед Ильяс (рахматуллохи ъалайхи) айткан:
❗ "Балыктардын истигфар кылуусун үстүртөн караганда Аллах Тааланын төмөндөгү аяты себебинен болсо керек.
❗"Акыйкатта ыймандууларга жана сооптуу иш кылгандарга Мээримдүү (Алла Таала) жакшы көрүү сезимин тартуулайт" .
Дагы бир хадисте айтылган:
❗" Качан Аллах Таала кайсы бир пендени жакшы көрсө, Жабраил (ъалайхи салам) га айтат:
"Мен баланчаны жакшы көрөм, сен дагы аны жакшы көргүн! " Жабраил (ъалайхи салам) ошол кишини жакшы көрө баштайт жана "Алла Таала баланча пендени жакшы көрөт, силер да жакшы көргүлө! "-деп жар салат. Анан ал кишини асмандагылар да жакшы көрө башташат. Анан жер бетине жария кылынат. Тартип боюнча бирөөнүн жанында жүргөн адамдар гана жакшы көрөт. Бирок бул адамдын жанында жүргөндөр гана эмес, дарияда жашагандар да жакшы көрүшөт жана ал үчүн дуба кылышат. Башкача айтканда махабат кургактын чегинен чыгып, анын деңизге чейин жетүүсү -ага болгон махабаттын эң жогорку даражасы. Мындай болгон соң кургактагы жаныбарлардын дуба кылуусу өзүнөн өзү эле белгилүү нерсе.
📎Үчүнчү өзгөчөлүк— бейиштин кооздолуусу. Бул дагы көптөгөн риваяттардын колдонуусунан алынган. Кээ бир риваятарда орозо үчүн бейиштин коздолуушу жылдын башынан эле башаталаары айтылган. Мисалы эреже боюнча кимдир бирөөнүн келүүсү канчалык күтүлсө, ошончолук эрте тамак -аш даярдалат. Ал эми үйлөнүү той үчүн болсо бир канча ай мурда даярдык башталат.
Уландысы бар..
📓"Фазаил амал" китебинен.
🌿ЫЙМАН НУРУ
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев