Аллах Таала адам баласы энесинин курсагында түйүлдүк кезинде эле анын ырыскысын алдын ала жазып жана белгилеп койгон. Ошондуктан ким болбосун, өз ырыскысына толук жетмейинче бул жашоодон өтпөйт. Ырыскы тууралуу пайгамбарыбыздан ﷺ көп хадистер келген.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
*«Ырыскым кечикти дебегиле! Анткени пенде акыркы ырыскысына жетмейинче өлбөйт. Аллахтан корккула! Ырыскыны туура жолдо издегиле, адалын алгыла, арамын таштагыла».* | Сахих аль-Жаами,7323
*«Чындыгында Аллах Таала жатынга бир периштени даярдап коёт. Ал айтат: «Оо, Раббим, бир тамчы бел суу болду. Оо, Раббим, уюган кан болду. Оо, Раббим, бир тиштем эт болду». Кийин Аллах аны толук жаратууну кааласа, ал айтат: «Оо, Раббим! Балабы же кызбы? Бактысызбы же бактылуубу? Анын ырыскысы жана ажалы кандай?». Ушулардын баарысы ал энесинин курсагында жатканда жазылат».* | Сахих Бухари, 6595
*«Чындыгында ырыскы пендени анын ажалынан да көбүрөөк издейт».* | Сахих ат-Таргыиб, 1703
Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтат: «Күндөрдүн биринде пайгамбар ﷺ жолдо жаткан курманы көрүп калат. Аны жерден алып: *«Эгерде сен буга өзүң келбесең, ал өзү сага келет» – деп айтты».* | Сахих ат-Таргыиб, 1705
Демек, ар бир адам өз ырыскысына сөзсүз түрдө жетет. Ырыскысын толук түгөтмөйүн бул дүйнөдөн өтпөйт. Анын ырыскысы Аллах жазгандан көбөйүп да, кемип да кетпейт жана аны андан башкалар тартып да албайт. Себеби ырыскы бул адамдын жеке өзүнө гана таандык энчиси.
Ырыскы десе кээ бирлер жеген тамак-ашты гана ойлойт. Ырыскы деген абдан кеңири түшүнүк. Адамдын ырыскысы жалпысынан алганда эки түрдө болот: *убактылуу жана түбөлүктүү.*
Убактылуу ырыскы деген – адамга бул дүйнө жашоосунда берилген ырыскынын түрлөрү. Мисалы, анын жеген тамак-ашы, кийген кийими, ден-соолугу, үй-бүлөсү, бала-чакасы, байлыгы, ийгиликтери, жоро-жолдоштору, жумушу жана башка дүйнө жашоосуна гана байланыштуу нерселер.
Ал эми түбөлүк ырыскы деген – адамдын акыретине байланыштуу ырыскынын түрлөрү. Адам бул ырыскынын пайдасын эки дүйнөдө көрөт. Мисалы, ыйман келтирүү, шарият илимин үйрөнүү, пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөттөрүн аткаруу, беш убак намазды калтырбай окуу, намазды берилүү жана коркуу менен окуу, ата-эненин ыраазылыгын алуу, балдарды туура тарбиялоо, Куран жаттоо жана окуу, зикир кылуу, садака берүү, кулк-мүнөздүүлүк, туугандык мамилени бекемдөө, адамдарды кечирүү, күнөө иштерден алыс болуу ж.б.
Андыктан ырыскыдан кыйналдым деп арам жолдо ырыскы издебе, убактылуу ырыскыга алаксып, түбөлүк ырыскыңды унутуп калба! Убактылуу ырыскы – бул дүйнөгө гана чектелүү, анын ырахаты убактылуу. Түбөлүк ырыскынын убактысы болсо дүйнөгө гана чектелбестен, анын жакшылыктары түбөлүк.
*💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз*
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев