(1029-1087)
Астроном
Өмүр баяны
Абу Исхак Ибрахим ибн Яхья ан-Наккаш аз-Заркалии батышта "Архагел" аты менен таанымал болгон. Негизги аты Ибрахим. Заркалии 1029-жылдарда Андалусия Омаиддердин маанилүү борборлору Тулайтула (Толедо) шаарында туулган. Үй-бүлөсү мусулманчылыкты кабыл алган вестгот уруусунан болгон. Алгачкы билимин Толедодо алган. Кичинекейинен баштап алтын жана күмүштү жасалгалоочу зергерликти үйрөнгөн. Ошону үчүн "ан-Наккаш" (накашчы) лакабын тагышкан.
Жаштык чагында геометрия жана астрономияга өтө кызыккан. Толедодогу устаттардан бул багытта сабак алган. Башынын иштөөсү жана таланттары илимпоздордун жана башкаруучулардын көңүлүн бурган. Толедо башчысы ал-Мамундун коргоп жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн илимпоздор классына Заркалиини да кошуп койгон. Ал учурларда Кордовага да бат-бат барып-келип турган. Ал жерде сабак берген жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Кордованын вазири, атагы чыккан аалым Кади Саид ал-Андалуси 1060-жылы кызматына алып, өзүнө илимий изилдөөлөрдү кылдырган. Толедо анын илимий изилдөөлөрү аркылуу илимий борборго айланган. Кастилия королу Алфонс Vl 1085-жылы Толедону басып, өзүнө каратып алгандан кийин, ал жердеги аалымдар Кордовага кетип калышкан. Заркалиинин да Кордовага көчкөндүгү тууралуу так маалымат жок. Заркалии 1087-жылы дүйнөдөн өткөн. Кордовага көчпөгөн болсо, анда Толедодогу концлагерде ааламдан өткөн.
Эмгектери:
Маалым болгондой, Заркалиинин үч китеби бар. Үч китеби тең астрономияга байланыштуу.
1. Зижу Тулайтула (Толедо жадыбалдары). Заркалиинин Толедодо жасаган байкоолорунун жадыбалдарын ичине камтыйт. Китеби Батышта "Толедо жадыбалдары" аты менен даңкы чыккан. Китепти Испаниялык Кремоналдык Герард 12-кылымда латын тилине которгон. Өзгөчө китеп 13-кылымда Алфонсо Х нун амири менен кастилия тилине (Испаниянын говорлорунан) да которулган.
2. Жарык жылдыздар (туруктуу) китеби. Заркалиинин бул китебинин арабчасы жоголгон, бирок иврит тилиндеги котормосу бар.
3. Сахифатус-Зарклии (Заркалиинин фазаларды (Сахифат) байкоо жүргүзүү аппараты). Ошол эле ат менен ойлоп тапкан астрономия аппаратын баяндаган китеп. Бул испан жана латын тилдерине которулган.
Илимий ишмердүүлүгү жана илимге кошкон салымы
Заркалии өтө принципиалдуу жана пунктуалдуу аалым болгон. Заркалии теориялык астрономияга тийешелүү көз караштарды айтуу менен бирге астрономиялык аппараттарды ойлоп тапкан. Астрономия тармагына салымы чоң. Птоломейдин түрдүү планеталар моделдерин критикалап, оңдоолорду киргизген. Өзгөчө Птоломейдин деңиз боюнча берген аянт өлчөмдөрүнө да түзөтүүлөрдү киргизген. Күн кыймылынын жеткен эң жогорку (апогей) чекити 120 9' деп биринчи жолу аныктап чыккан. Бул өлчөм учурдагы 110 6' өлчөмү менен тең. Птоломейдин планета моделдери үчүн берген бардык бир мейкиндик ичинде берген моделдер не овалдык моделдерди сунуштаган.
"Сафихат" деп атаган астрономия байкоо жүргүзүү аппараты ал күнгө чейин жасалган аппараттардын эң жакшысы болгон. Заркалиинин өзгөчө күндүзгү жана түнкү сааттарын белгилеген, хижрий календарына карата айдын башталышын көрсөткөн суу саатын да жасагандыгы айтылат. Өзгөчө Юлиан жылсанагына карата Күндүн жана башка беш планетанын күнүмдүк абалдарын көрсөткөн жылдыктар (альманах) даярдаган. Мисалы, күнгө карата даярдаган жылнаама. Марс үчүн даярдаган жылнаама 79 жылды камтыйт.
Заркалии өзүнөн кийинки Битружи, Ибн Бажжа жана Ибн Рушд сыяктуу илимпоздордун чыгуусуна салым кошкон. Батышта Заркалииден таасирленген илимпоздордун башында 15-кылымда Региомонтанус жана Яков Зиеглер сыяктуу, Кеплер да болгон. Коперник да Заркалииден пайдаланган Батыш илимпоздорунан. Заркалиинин таасирин кыскача айткан француз астроном Лаланд мындай деген " Заркалии астрономия багытында өнүгүүгө жол баштаган, бул теориясы (күн теориясы) Коперник тарабынан алынган жана Гораций тарабынан айга колдонулган. Жада калса кийинчерээк Ньютон жана Кейли бул теорияга астрономиянын жаңы негиздерине караганда жаңы түзүлүш беришкен. Мына бул теория Заркалиини кылымдын эң атактуу астроному даражасына чыгарган"
📗"ИЛИМДЕ ИЗ КАЛТЫРГАН МУСУЛМАН ИЛИМПОЗДОР" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев