Аллахым! Бизди көз ирмемге болсо да Өзүң ыраазы болбогон нерселер менен обочо таштап коё көрбө.
Аллахым! Чын-тамашамды, жаңылыштыгымды жана атайлап кылгандарымды кечире көр. Бул кемчиликтердин бардыгы менде бар экенин моюнума алам.
Аллахым! Чыгыш менен батыштын арасын алыс кылгаңындай, мени менен күнөө каталарымдын арасын да алыс кыла көр.
Аллахым! Карызга батуудан, душмандын табасынан жана башкалардын келекесинен сактай көр.
Оо, Жараткан Аллахым! күнөө-каталарымды, наадандыгымды, иштеримде кетирген ысырапкерчилигимди жана Өзүң менден да жакшы билип турган күнөөлөрүмдү кечире көр!
Аллахым! Сыйларыңдын колдон кетишинен, берген бейпилчилигиңдин качышынан жана ойдо жок жерден жазандын как төбөдөн басышынан жана каарыңа калтыра турган нерселерден бизди Өзүң сакта.
Аллахым! Күнөөлөрүмдү кечире көр, үйүмө кенендик бере көр жана ыйгарган ырыскыларыңа береке бер.
Аллахым! Мени алсыздыктан, жалкоолуктан, коркоктуктан, сараңдыктан, карылыктын кордугунан жана кабырдын азабынан сактай көр.
Оо, Жараткан! Бийлик-мүлктүн Ээси Өзүңсүң. Каалаганыңа мүлк бересиң, каалаганыңдан алып коёсуң. Каалаганыңды сыйлуу кылып, каалаганыңды кор кыласың. Жакшылыктар бир гана Сенин колунда. Сен баарына кудуреттүүсүң. Сен боорукерсиң, бизге бул дүйнөдө жана акыретте жакшылыктарыңды бере көр.
Оо, Жараткан Эгебиз! Биздин жана бала-бакырабыздын жүрөгүнө Ислам нурун, Куран жолун сала көр. Урук-тукумубуздун баарын исламдан жана Курандан ажырагыс кыла көр. Баарыбызга мусулман бойдон жашап, мусулман бойдон өлүүнү насип кыла көр. Бизди дүйнө-акыретте бактылуу кыла көр.
Оо, Жараткан! Сүйүктүү Пайгамбарыбың Мухаммеддин (саллаллооху ъалайхи васаллам) урматында мусулмандардын жүрөктөрүндө ар кандай бөлүнүп, жарылууларды жоё көр. Бизди Улуу сахабалардай жакын боордош жана бир-бири үчүн жашаган инсандардан кыла көр.
Оо, Жараткан Эгебиз! Баардык иштерибиздин негизи болгон динибизди оңдой көр. Биз жашап жаткан дүйнөбүздү оңдой көр. Кайтар жерибиз болгон акыретибизди оңдой көр. Тирүүлүктө ар түрдүү жакшылыктарды көбөйтүүгө себепчи кыла көр. Өлүмдү да ар түрдүү жамандыктардан кутулуп эс алууга ортомчу кыла көр. Оо, Жараткан Эгебиз! Сага ыкласыбыз менен ибадат кылууну каалайбыз, Сенден Туура жолдо бекем тургузууңду, чынчыл тилдерди жана соо жүрөктөрдү тилейбиз.
📗"БЕРЕКЕЛҮҮ РАМАЗАН АЙЫ" китебинен
"Ихсан Медиа" порталы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6