Нускама
Тиркеме акча табуу үчүн Россияга барган же жөнөгөн жарандар үчүн иштелип чыкты.
1. «Мигранттын картасы» тиркемесин жүктөө үчүн телефондон Play Маркетти ачуу керек.
2. Издөө сабына: Карта мигранта деп жазуу керек.
3. Издөөнүн жыйынтыгында табылган «Мигранттын картасын» (каска кийгизилген глобус вариантын) тандап, “Установить” дегенди басуу керек. Жүктөөнүн шарттарын кабыл алган соң тиркеме жүктөлө баштайт.
4. Тиркемени ачуу үчүн телефондогу менюдан “каска кийгизилген глобусту” басуу керек.
5. Тиркеме ачылганда окуу куралынын мазмуну чыгат.
6. Кайсы бөлүмдү окуу керек болсо, ошол аталышты басуу керек.
7. Тиркеменин башка функцияларына өтүү үчүн экрандын үстүңкү сол жагында “үч сызыкчаны” басуу керек.
8. Ал жерден “Карта” жана “Жаңылыктар” бөлүмдөрүн табууга болот.
9. “Карта” бөлүмүндө сизге жакын жерде жардам көрсөтүүсү мүмкүн болгон мекемелер бар.
10. Мекеменин дарегин билүү үчүн анын аталышын басуу керек.
11. Картаны жакындатуу үчүн “+” белгисин бир канча жолу басуу керек.
Тиркеме «Инсан Лейлек» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган «Баткен областындагы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маалыматка жана социалдык кызматтарга жетишүүсүнө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында иштелип чыкты. Долбоор жакындары ички жана сырткы эмгек миграциясында жүргөн аялуу катмардагы мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү менен иш алып барууга багытталган.
Долбоор Борбордук Азия кыймылда Платформасынын колдоосу менен ICCO Coorporation эл аралык уюму тарабынан каржыланып жат
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев