Суроолордун бардыгы милдеттүү түрдө мектеп программасына жана мектеп окуу китептерине ылайык түзүлгөн. Тест өз ичине төмөнкүдөй темаларды камтыйт:
1. Кинематика
2. Динамика
3. Механикадагы сакталуу мыйзамдары
4. Гидро – жана аэромеханика
5. Молекулалык – кинетикалык_____теория
6. Жылуулук кубулуштары
7. Термодинамика
8. Буулардын, суюктуктардын жана катуу нерселердин касиеттери
9. Электростатика
10. Ар кандай чөйрөлөрдөгү туруктуу ток
11. Магниттик талаа
12. Механикалык термелүүлөр
13. Механикалык толкундар
14. Өзгөрмө ток
15. Геометриялык оптика
16. Атомдук физика
Экзаменге даярданып жатканда программанын төмөнкүдөй суроолоруна көңүл буруңуз:
1. Кинематика
Бир калыптагы түз сызыктуу кыймыл. Ылдамдык. Бир калыптагы түз сызыктуу кыймылдын теңдемеси. Бир калыптагы түз сызыктуу кыймылдын графиктери.
Бир калыпта ылдамдатылган түз сызыктуу кыймыл. Ылдамдануу. Бир калыпта ылдамдатылган түз сызыктуу кыймыл учурундагы которулуш. Бир калыпта ылдамдатылган түз сызыктуу кыймыл учурундагы которулуштун геометриялык мааниси. Бир калыпта ылдамдатылган түз сызыктуу кыймыл учурундагы ылдамдык менен которулуштун теңдемелери. Бир калыпта ылдамдатылган түз сызыктуу кыймылдын графиктери.
Бир калыптагы эмес кыймылдын кирпик каккычактагы жана орточо ылдамдыгы.
2. Динамика
Ньютон мыйзамы.
Нерселердин өз ара аракеттениши. Нерселердин массасы.
Күч, күчтөрдү өлчөө. Динамометрлер.
Оордук күчү, серпилгичтик күчү, сүрүлүү күчү.
Гравитациялык күчтөр. Бүткүлдүйнөлүк тартылуу күчү.
Нерсенин салмагы. Вертикал боюнча ылдамдануу менен жүрүп бараткан нерсенин салмагы.
Жердин жасалма спутниктери. Биринчи космостук ылдамдык.
Нерселердин оордук күчүнүн аракетинен келип чыккан кыймылы.
Нерселердин серпилгичтик күчүнүн аракетинен келип чыккан кыймылы.
Нерселердин сүрүлүү күчүнүн аракетинен келип чыккан кыймылы.
Нерселердин бир нече күчтүн аракетинен келип чыккан кыймылы.
Нерсенин айлана боюнча кыймылы.
Нерселердин теңсалмактуулугу. Нерселердин тең салмактуулугунун шарттары.
З. Механикадагы сактоо мыйзамдары.
Нерсенин импульсу. Күчтүн импульсу. Кагышуу: серпилгичтүү жана серпилгичтүү эмес кагышуу.
Импульстун сакталуу мыйзамы.
Механикалык жумуш. Жумуштун геометриялык мааниси. Оордук күчүнүн жумушу. Серпилгичтик күчүнүн жумушу. Сүрүлүү күчүнүн жумушу.
Кубаттуулук. Механизмдер менен машиналардын пайдалуу аракет коэффициенти (ПАК).
Потенциалдык энергия. Кинетикалык энергия. Механикалык процесстердеги энергиянын сакталуу мыйзамы.
4. Гидро – жана аэромеханика
Суюктуктун жана газдын басымы. Атмосфералык басым.
Паскальдын мыйзамы. Катыш идиштер. Гидравликалык пресс.
Архимед мыйзамы.
Суюктуктардын жана газдардын кыймылы.
Нерселердин сүзүү шарты.
5. Молекулалык – кинетикалык теория (МКТ)
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги жоболору. Молекулалардын массасы жана өлчөмү. Авогадросаны.
Молекулалардын өз ара аракеттенүү күчү.
Газ түрүндөгү, суюк жана катуу нерселердин түзүлүшү.
МКТ дагы идеалдуу газ. МКТнын негизги теңдемеси.
Газ молекулаларынын ылдамдыгы.
Идеалдуу газ абалынын тендемеси.
Газ мыйзамдары, изобара процесстеринин диаграммалары.
6. Жылуулук кубулуштары
Жылуулук тең салмактуулугу. Жылуулукту берүүнүн ыкмалары. Жылуулук саны. Температура.
Буу пайда болуу жана конденсация. Буу пайда болуунун салыштырма жылуулугу. Кайноо. Кайноо температурасы.
Катуу нерселердин эрүүсү жана катуулануусу. Эрүүнүн салыштырма жылуулугу.
Отун энергиясы. Күйүүнүн салыштырма жылуулугу.
7. Термодинамика
Термодинамикадагы жумуш.Жумуштун геометриялык мааниси.
Идеалдуу газдын ички энергиясы.
Термодинамиканын биринчи мыйзамы.
Жылуулук кыймылдаткычтары. Жылуулук кыймылдаткычтарынын пайдалуу аракет коэффициенти (ПАК).
8. Буулардын, суюктуктардын жана катуу нерселердин касиеттери
Каныккан буу, анын касиеттери.
Абанын нымдуулугу.
Суюктуктардын беттик тартылышы, нымдоо, капиллярдык кубулуштар.
Кристаллдык жана аморфтук заттар.
Катуу нерселердин деформациясынын түрлөрү.
Гук мыйзамы. Катуу нерселердин созулуу диаграммасы.
Катуу нерселердин механикалык касиеттери.
9. Электростатика
Нерселердин электрлениши. Электр зарядынын сакталуумыйзамы.
Электр талаасы. Электр талаасынын чыңалышы. Электр талааларынын супер позициясынын принциби. Электр талааларынын график түрүндө сүрөттөлүшү.
Электр талаасындагы жумуш. Потенциал. Потенциалдардын айырмасы. Чекиттик заряддын электр талаасынын потенциалы. Электр талаасынын чыңалышы менен чыңалуунун ортосундагы байланыш.
Өткөргүчтүн электр сыйымдуулугу. Конденсаторлор. Жалпак конденсатордун сыйымдуулугу. Конденсаторлорду батарея кылып бириктирүү. Заряддалган конденсатордун энергиясы.
10. Ар кандай чөйрөлөрдөгү туруктуу электр тогу
Электр тогу. Токтун күчү.
Омдун чынжырдын (тизмектин) участкасы үчүн мыйзамы. Каршылык.
Электр чынжырлары (тизмектери). Өткөргүчтөрдү удаалаш жана параллель туташтыруу.
Туруктуу токтун жумушу жана кубаттуулугу. Жоуль – Ленц мыйзамы.
Электр кыймылдаткыч күч. Омдун туруктуу токтун толук чынжыры (тизмеги) үчүн мыйзамы.
Металлдардагы, вакуумдагы, суюктуктардагы, газдардагы, жарым өткөргүчтөрдөгү электр тогу.
Электролиз мыйзамдары.
11. Магниттик талаа
Магниттик өз ара аракеттешүү. Магниттик талаа. Магниттик индукция векторунун багыты. Магниттик индукция векторунун модулу.
Магниттик талаалардын график түрүндө сүрөттөлүшү.
Токтун магниттик талаасы.Чөйрөнүн магниттик өткөрүмдүүлүгү.
Ампердин мыйзамы. Лоренц күчү.
Жердин магниттик талаасы.
12. Механикалык термелүүлөр
Термелүү кыймылы. Гармоникалуу термелүүлөрдүн графиги, негизги мүнөздөмөлөрү, координатасынын, ылдамдыгынын, ылдамдануусунун теңдемеси.
Пружиналуу жана математикалык маятниктердин мезгили, жыштыгы.
Термелүү кыймылындагы энергиянын айланышы.
Аргасыз термелүүлөр. Механикалык резонанс, анын техникада эсепке алынуусу жана колдонулуусу.
13. Механикалык толкундар
Толкундуу кубулуштар.
Толкундардын түрлөрү. Тууралжын жана узата толкундун пайда болуусу.
Толкундун узундугу, толкундардын таралуу ылдамдыгы.
14. Өзгөрмө ток
Электр – магниттик индукция кубулушу.
Электр – магниттик индукция мыйзамы.
Ленц эрежеси.
Индукциялуулук. Токтун магниттик талаасынын энергиясы.
Термелүү контурундагы эркин электр – магниттик термелүүлөр. Контурдагы энергия айланышы.
Эркин термелүүлөр мезгили.
Электр – магниттик толкундар. Электр – магниттик толкундардын касиеттери. Радио байланыш принциптери. Радиолокация принициби жана радио локациянын колдонулушу.
Өзгөрмө ток чынжырындагы (тизмегиндеги) ток күчүнүн жана чыңалуунун теңдемелери.
Электр – магниттик толкундардын шкаласы.
15. Оптика
Геометриялык оптика. Жарыктын түз сызыктуу таралышы.
Жарыктын чагылуу мыйзамы. Жалпак күзгү.
Жарыктын сыныш мыйзамы. Нурлардын жалпак – параллель пластинадан өтүүсү. Нурлардын призмадан өтүүсү.
Линзалар. Сүрөттөлүштүн түзүлүүсү. Жука линзанын формуласы. Көз, көз айнек. Оптикалык приборлор.
Толкун оптикасы. Жарыктын ылдамдыгы.
Жарыктын толкундук касиеттери: интерференция, дифракция, дисперсия, поляризация.
16. Атомдук физика
Томсондун атом модели. Резерфорддун тажрыйбалары.
Радиоактивдүү ажыроо мыйзамы.
Ядролук реакциялар.
Типтүү эсептөө маселелеринин тизмеси
Физика боюнча тестте сунуш кылынган маселелердин бардыгы татаал математикалык эсептөөлөрдү талап кылбайт да,
сиз эсептөлөрдүн бардыгын эсептөө техникасын колдонбой туруп эле чыгара алгандай кылып түзүлгөн.
Кинематикалык чоңдуктарды кыймылдын теңдемеси боюнча эсептеп чыгуу.
Физикалык чоңдуктардын графиктери менен диаграммаларын түзүү жана окуу.
Динамиканын негизги теңдемесин пайдалануу менен маселе чыгаруу.
Тажрыйбаларды түшүндүрүп – чечмелөө .
Физикалык чоңдуктарды массанын, заряддын, импульстун, энергиянын сакталуу мыйзамдарынан пайдалануу аркылуу эсептөө.
Лабораториялык тажрыйбалар:
Көлөмдү, тыгыздыкты, массаны өлчөө.
Кыймылдын кинематикалык мүнөздөмөлөрүн аныктоо.
Электр чынжырларынын (тизмектеринин) параметрлерин аныктоо.
Күчтөрдү, пружинанын катуулугун, сүрүлүү коэффициентин, Юнг модулун өлчөө.
Заттын жылуулук мүнөздөмөлөрүн аныктоо.
Линзанын фокустук аралыгын аныктоо, жука линза формуласын текшерүү.
Газ мыйзамдарын текшерүү.
Заттын сынуу көрсөткүчүн аныктоо.
Заряддалган бөлүкчөлөрдүн тректерин (издерин) изилдөө.
Эркин түшүү ылдамдануусун математикалык маятниктин жардамы менен аныктоо.
Фарадей мыйзамдарын текшерүү.
Токтордун магниттик өз ара аракеттенүүсүнө байкоо жүргүзүү.
Кандай суроолор физика боюнча тестке КИРГИЗИЛГЕН ЖОК?
Терминдерди билүү менен аныктоого байланыштуу суроолор. Мисалы: «Энергия – бул ...» Фактыларды билүү жана жөн гана эске түшүрүү боюнча суроолор. Мисалы: «... мыйзамы ким тарабынан ачылган?» же «Аргондун атому канча электронду камтыйт?»
Физика боюнча тестти чыгарууга байланыштуу көрсөтмөлөр:
Унутпаңыз: бир эле жооп туура болушу мүмкүн.
Туура жообун эбак тапканыңыз шексиз болгондой өндөнүп турса да, жооптордун бардык варианттарын окуп чыгыңыз.
Физика боюнча тапшырмаларды аткарып жатып, берилген суроого жооп берүүгө жардам берсе, теңдемелерди жазыңыз, мыйзамдар менен түшүнүктөрдү колдонуңуз, сүрөт тартыңыз жана эсептөөлөрдү жүргүзүңүз.Мунун баарын сизге экзамен учурунда берилген актай барактарга жазыңыз.__
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 19