жана пайдасы зыяны
Бешик кыргыздын канына, жанына сиӊип,
жети атабыздан бери бешикте чоӊойгон
десек куп жарашат. Эӊ алгачкы бешик биздин
замандын биринчи жүз жылдыгына таандык. Сокулук районундагы Шопоков шаарынын
тургуну Жаннатай Султанованы айылдын жашоочулары Умай эне дешет.Анткени
Жаннатай апа кыргыздын салт-санаасы менен
баланы бешикке бөлөп, жаштарга үйрөтүп
келет. Ал бешиктин пайдасы, ага бала кандай
бөлөнөт, бешиктин жабдуулары, ырым-
жырымдар тууралуу бизге да айтып берди. Киндиги түшкөн күндөн 40 күндүк болгонго
чейин бешикке салынат. Салт боюнча
бешикти ымыркайдын таенеси алып келет. Биринчи жолу бөлөөрдүн алдында ымыркай
кыз болсо чоӊойгондо уз болсун деп бешикке
кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо уста, баатыр
болсун деп чүкө, камчы, балта салынат. Арча түтөтүп «шайтандар, качкыла, ээси
келди!» деп бөлөй башташат. Баланы бөлөгөндөн кийин 7 чакан жууркан
жаап, төрөгөн энесине карматат. Ал көтөрүп
алып төрдөн эшикке, эшиктен төрдү көздөй
жүгүнөт. Бешикке жаткан баланын сөөктөрү түз өсөт. Бешикке бөлөнгөн баланын чычкан-сийгени
күлтүккө түшкөндүктөн алды кургак, таза
болот. Ойгонгондон кийин колу-бутуна массаж
жасап коюу керек. Бешикти куру терметсе балалуу болбой калат
дешет. Бешикти бир убакта эки адам көтөрбөйт.
Табытты көтөргөнгө окшошуп калат. Күнгө жайганда караӊгыга калтырбайт.
Караӊгыда сыртта калса, бешикке шайтан
жатып алат деген ишеним бар. Көп балалуу үй-бүлөнүн бешигин ырымдап
көбүнчө баласы токтобогон аялга беришет. Бешик сатып алууда соодалашпайт. «БЕШИККЕ БӨЛӨӨ ТУУРА ЭМЕС» Баланы бешикке бөлөө боюнча №9-Үй-
бүлөлүк дарыгерлер борборунун врач-
педиатры Бүайым Жолдубаева буларга токтолду:
– Бешикти кыргыз эли байыртадан колдонуп
келишкенин танбайбыз, ошентсе да аны
медициналык жаатта карай турган болсок,
балага зыян жактары бар. 1. Көкүрөгүнөн таӊылгандыктан баланын
көкүрөк сөөктөрү өспөй, сөөктүн формасы
өзгөрөт.
2. Бала чоӊойгон сайын ички органдар өсөт.
Таӊылып тургандыктан өпкө, жүрөгүнүн
өсүүсүнө кыйынчылык туулат. 3. Тынч, жылуу уктасын деп үстүн калыӊдап
жаап салышат. Бул учурда кычкылтек жетпей
калышы мүмкүн.
4. Кыймылсыз жаткандыктан денеси талып,
кан айлануусу жайлайт.
5. Кичинекей бала көп кусат. Айрым энелер баланы бешикке бөлөп, уктап калсын деп
эмизишет. Бул туура эмес. Бөлөөрдүн алдынан
жарым саат мурун эмизип, 2 саат гана
уктатыш керек. Эмип жатканда же кусканда сүт же кусунду
өпкөсүнө кирип кетсе, бала дем ала албай
чарчап калышы мүмкүн. Өпкөгө тамак-аш
калдыгы эмес, аба кирип турушу керек.
Тилекке каршы, бешиктеги баланын
жогорудагыдай себептерден улам чарчап калышы бир нече жолу катталган. Ошондуктан
медицина кызматкерлери бешикке бөлөөнү
туура эмес деп түшүндүрөбүз, эгер бөлөсөӊүз,
бат-баттан карап туруӊуз дейбиз. «
кызыкту малыматтар http://m.ok.ru/dk?st.cmd=altGroupMain&st.groupId=57374554652722&_prevCmd=userAltGroups&tkn=9795&_aid=groupOwnShowcase
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2