- Мен үйдө болбой калышым мүмкүн, жеңем конокко чакырган, ошо жакка барам го. Өткөн жумада байкем кырк бешке чыккан, жумуштан колум бошобой куттуктап барбай калдым эле, кечээ телефон чалсам айылдабыз, бирок бүгүн кечинде келебиз дешти, - деди Кундуз.- Кайсы байкең? Кара-Балтадагыбы?- Ооба, налоговыйда иштегенчи! Жеңем укмуш иштүү деп айтып жүрчү элем го.- Аа, ооба, эстедим. Жакшы барып кел, анда!Бактыгүл колун булгалап, кабинеттен чыгып кетти. Кундуз үстөлдүн бир бурчунда үйүлүп жаткан папкаларды тиктеп, ойлуу отуруп калды. Ишке да мойну жар бербей турду.Кара-Балтага жетип, байкеси жашаган туюк көчөгө бурулганда көчөдө боз-ала чаң болуп ойноп жүргөн тестиер уулу менен кызы "Кундуз эжем келатат!" деп кыйкырып, тызылдап чуркап келишти. Кундуз аларды ботала болгон беттеринен алмак-салмак өөп, балмуздак алып жегиле деп жыйырма сомдон карматты экөөнө. Бак-шактуу короо-жайы кенен чоң үйгө кирип, байке-жеңеси менен учурашты, алар менен бака-шака түшүп, өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурганча түн ортосу болуп кетти. Асанбек байкеси дардалаңдаган шайыр киши, жөн күндөрү эле ой-боюна койбой аракка кыстаган неме туулган күнү болуп жатса сөзсүз ичирерин алдын ала сезип машинесин айдабай такси менен барган. Билгендей эле байкеси туулган күнүн майрамдап жатканына эки-үч күн болуп калыптыр. Карындашы атайын Бишкектен куттуктап келгенине жетине албаган байкеси барпалаңдап, жеңеси дасторконун жайнатып тосуп алышты.- Кызматың болсо, жоро-жолдош да көп болот экен, кызыке. Кудайдын куттуу күнү эле куттуктап атышса эмне кылайын деп кызымтал болуп келип атат. Андан көрө өзүң жөнүндө айтчы! Кандай жүрөсүң? Бирөө-жарымды таап алдыңбы? Же бай-кең экөөбүз караштыралыбы? - деп сурады жашы отуздан ашып баратса да алигиче жалгыз бой жүргөн кайын сиңдисине кабатыр болгон Сурмакан жеңеси.- Кайдагыны айтасыз, жеңе?! - деп ыргып-секирди Кундуз. Катыны, бала-чакасы бар бир сүрөтчүнү чаап алгам, ошону менен ойноштук кылып жүрөм деп айтмак беле.- Тамаша, кызыке. Барсам эле ушинтип тажата беришет деп капа болбо. Кудайдын буйруганы тургандыр. Бирок жашың өтүп баратпайбы, тийбесең кой, эч болбосо төрөп алсаң болбойт беле. Азыр ошенткендер көп экен го.Жеңесинин чын дилден айтып жатканын түшүнгөн Кундуз капа деле болгон жок, тунжурап жер тиктеп кутулду.Түн ортосунан ооп калганда дасторконго бата тиленип, байкеси менен жеңеси ко-нуп алып эле эртең кет дегенине болбой, жумушун шылтоолоп такси кармап шаарга келе берди. Жолдо келе жатып да ойлогону Эсен. Анын чымыр денеси күлмүңдөгөн кой көздөрү көз алдына тартылып, коңур үнү кулагына жаңырат. Экөөнүн ар кыл позада төшөк кумарына батып жаткандарын элестетет. Анын зиңкийген пениси майда-чүйдөсүнөн бери эсине түшө калганда Кундуз уйку-соонун ортосунда селт этип чочуп кетет да, өзүнчө күбүрөнүп сөгүнүп алат. Жолду үңүлө тиктеп рулду тегеретип келе жаткан орто жаштагы таксист киши мага сүйлөп жаткан экен деп артына кылчайып:- Мага бирдеме дедиңизби, чоң кыз? - деп сурады.- Кечиресиз, мен өзүмчө эле, - деп жиберди Кундуз.- Адам өзү менен өзү сүйлөшө баштаганда же молдолорго барып дем салдырып же догдурга көрүнүшү керек! Катуу иштеп жүрүп, чарчап калгансың го, кызым?- Балким. Дагы бир жолу кечирип коюңуз! Өзүм да байкабай калыптыр-мын!Үйүнө жеткенде таксистке жакшы чайпул берди, ал киши да дароо жүрүп кетпей Кундуз короосуна кирип, кире бериштин жарыгын күйгүзгөнчө карап турду. Сырткы эшикти жапкан соң Кундуз сиг-нализацияны өчүрүп, бутун кыскан туфлисин чечип ыргытты. Анан ал ваннага суу толтуруп, кызыл көйнөгүн чечип, жылымык сууга жатты. Эртеден бери чар-чаган Кундуздун бүткөн бою шалдырап, жагымдуу суунун кучагында магдырап барат-ты.Бир аздан соң сергий түштү, ваннага чалкалай жатып алып, эртеңки күнүн пландаштырды. Акция сатуучулар жана сатып алуучулар менен жооптуу жолу-гушууларды өткөрүшү керек, маанилүү маалыматтардын баарын текшерип, шефтин тапшырмаларын да аткарууга үлгүрбөсө болбойт.Суудан чыгып, сүргү менен денесин кургата аарчынып, жууркандын астына кирди, үстөлдүн үстүндө турган китебин алып окуй баштады. Ваннадан чыгаарда муздагыраак сууга чайканып койду эле, ошогобу уйкусу ачылып кеткен. Капы-стан керебеттин каршысында илинип турган күзгүгө көзү урунду. Анан эмнегедир Бактыгүл айткан караңгы бөлмөдөгү апенди чалыш киши эсине түштү. Кундуз буттарын талтайтып, күзгүдөн аласын карады.- Өлүп кеткирдики десе! - деп сөгүнүп алды да, колундагы ки-тебин ары ыргытты.Жуурканды алып ыргытып, тизелерин бүгүп, күзгүдөгү гүлгүн кызыл болуп кара түктүн арасынан көрүнгөн аласын тиктеди. Эмне үчүн бул жерде жалгыз жатат? Эмне үчүн Эсен жанында эмес? Анын пенисин азыр ким алаканына кысып турду болду экен? Кундуздун ордуна ким чопулдатып, тамшанып соруп атты экен?Ушуларды ойлоп алып жини келбей эле, дүүлүгүп чыкты. Бир колу менен оң эмчегинин үрпүн тырмалап, экинчи колу менен кын тилин укалады. Денеси таттуу чымырап, кын тили дагы эркелетүүсүн талап кылгансып, зырп-зырп этип сайгылашат. Мастурбация кылсабы же жаздыкты кучактап уктап калсабы? Ой, ушу уктай албайт го. Күүгө келип алган кын тили дирилдеп жай алчудай түрү жок. Жыныс эриндерин кармаласа, алары ширеси агып эзиле бышкан кара өрүктөй болуп, жумшарып шалбырай түшүптүр. Мурда мынчалык делебеси козголбой эле акырын өзүн-өзү кандырып алып, уктап калчу эле. Карачы, жанагы оңбогур Эсендин эмне кылганын! Кундуз онтоп жиберди да, ортонун кынына тыгып алып, калган манжалары менен кын тилин укалады. Ошол маалда керебет-тин ылдый жагында жылаңач турган Эсендин карааны пайда болду. Анын көздөрү жалжылдап, ууртунда мылжыйган күлкү ойноп, пениси диңкийип аласында тигинен турат. Кундуз эки бутун эки жакка керип, мени кара деп Эсенге буйруду да, эки манжасын кынына терең тыгып, мастурбация кыла баштады. Канчалык те-рең матырса дагы, ага ыраазы болбой жатты. Эсендин аспабына окшогон узун, жоон, жыл-макай башы жатын мойнуна жете турган бир нерсе таппаса болбойт. Ага окшош эмне бар?Кундуз алактап, эки жагын каранды, керебеттин астында жаткан гантелдин кармагычына көзү түштү. Ал катуу пластмассадан жасалган жана жылмакай, гантелден бурап чечип алса да болот. Кундуз керебеттен ыргып түштү да, жанын аман алып кала турган буюмду полдон илип алып, кайра төшөгүнө секирди. Баштагы абалына келип: тизелери бүгүлгөн буттарын талтайтып, күзгүдөн аласы көрүнгүдөй болуп чалкасынан жатты. Аласы сууланышып, тердеген алаканындагы гантелдин кармагычы да силкилдеп кеткенсиди.Ал күзгүнү карап, кармагычты түбүнө чейин кынына ты-гып жиберди. Эсендин карааны пенисин түбүнөн кыса кармап, алдагы пласт-масса таяктан көрө меники жакшы эмеспи, кел, мен эле кумарыңды кандырайын дегенсийт.- Көзүмө көрүнбөй жогол, алдамчы! Мындан ары мага керегиң жок! - деп аңкылдап кыйкырган Кундуз аласындагы кармагычты ары-бери кыймылдатып, мастурбациясын улантты.Көп өтпөй ысык кынга кирген кармагыч да ысып, кындын капталдары чоочун нерсени бекем кысты. Кундуздун астындагы шейшеп чылпылдап суу болду, ансайын жагымдуу се-зимдер башынан бутунун учуна чейин тарады.Кундуз мындай кызык фаллоимитаторду биринчи жолу колдонуп жатышы жана анын укмуш таасирине аябай таң калды. Кын тилимди эле тырмалай бербей, мурда эле ушуга окшогон аспаптарды тылагыма салып көрсөм болмок экен деп да ойлоп койду. Гантелдин кармагычы кындын капталдарын керип, ичине толуп эле калды. Түп жагынан карыштыра кармап алган колу өзүнөн-өзү ыкчам кыймылдап, ансайын Кун-дуздун дем алуусу тездеди. Чекесинен чыпылдап тер кетти, тизелери калчылдайт. Ушунун баарына унчукпай чыдап жата албай Кундуз:- Дагы! Катуураак! Бол эми! Мени аябай эле катуураак кыймылдачы! - деп каргылдана кыйкы-рып алып, өзүнүн үнүн өзү тааный албай турду.Эсендин азоо айгыры кайрадан майда-чүйдөсүнөн бери көз алдына тартылды. Ошол замат денесин сыйпалаган карылуу түктүү колдору, жыныс эриндерин алжайта ачып, кынына кирген ортону, дирилдеген кын тилин, андан ары санда-рын жалаган нымдуу тили, шалп-шалп этип чатына урунган калтасы, койчу деги, бири калбай баары эсине түштү. Кундуз гантелдин кармагычын түбүнө чейин тылагына тыгып жиберди. Сууланышкан неме жеңил жылмышып сойлогон бойдон кирип кетти. Көздөрү сүзүлүп барып, жумулуп, башы жаздыкка кулады.- Ох, кандай жыргал! Уланта бер! Дагы тереңирээк!Анан капыстан оргазмдын жеңил толкунуна кабылды, ушунчалык оңой бүткөнүнө өзү да таң калды. Жан жерин сылап-сыйпап атып, биринчи жолу чындап дене кумары канып турган чагы. Кундуз көздөрүн ачып, күзгүдөн таноолору дердейип, өзүнө ыраазы болуп жылмайып турган өзүн көрдү.Ошону менен эле тынч алгысы келген жок. Керебеттин жанында дагы эле кетпей турган Эсендин атасын тааныткысы келди, ансыз деле сопсонун кумарын кандырып аларын көрсөтпөсө элеби бул жексурга. Анан өзүнүн орга-низминин чексиз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, пла-стмасса кармагычты аласына бир калыпта малып, кайра тартып ала баштады. Жагымдуу сезимдер кайра жанданып, кын тилдин дирилдегени күчөдү. Кундуз аны бош колунун сөөмөйү менен сүргүлөгөн сайын сандарынан бутунун учуна чейин сансыз жөргөмүштөр жөргөлөп бара жаткансып, жыбыраган сезим пайда болду. Кундуз да чалкасынан жаткан абалында балыктай туйлап:- Катуураак! Дагы, дагы! Азаматсың! Ушу ыргагыңдан жазба! - деп бакырды.Өзүнүн үнү, күзгүдөгү алжайган аласы менен талтайган буттары, алардын ортосунда тынбай кирип-чыгып жаткан Эсендин эмесинин пластмасса орун басары, - ушунун баары Кундузду чыныгы жыныстык катнаштан кем эмес дүүлүктүрүп салды. Болгону Эсен ушу тапта аны менен эмес, башка бирөө менен төшөктө эзилишип, башка бирөөнүн үрптөрүн чойгулап, узун манжаларын башка бирөөнүн арткы тешигине тыгып жатканы кандай өкүнүчтүү. Кундуз онтоп жиберди да, кын тилин мурдагыдан эки эсе күчөп укалап кирди. Денеси кудум баягы устаканадагыдай болуп, күч-кубатка толуп, толукшуп чыкты. Жаңы оргазм баштан аяк чулгап, күп этип келип аска-га урунган күчтүү толкундай болгон оргазмдар биринин артынан бири келип, Кундуздун денесин каптай баштады. Кундуз тумчугуп калбоого аракеттенип, оозун чоң ачып, терең дем алды, жанталашып башын чулгуду, эмчектери шалпылдап бири-бирине урунат. Буга чейинки оргазмдары шамал болсо, азыркысы курч сезимдерден куралган бороон-чапкын бо-луп кетти окшойт.Бирок бороон бир аздан соң басылды. Тамтыгы чыккан кыны чексиз ырахат тартууло-одон баш тартты, кын тили бүрүшүп, тармал түктөрдүн арасына жашынды. Кундуз шалбырап суу болгон гантелдин кармагычын аласынан сууруп алды. Кындын ичи аңгырап ээнсирей түштү, бирок Кундуздун кубанычы койнуна бат-пай, жүзү жаркырап, ыраазы боло мыйыгынан күлүп, мылжыйып турду.Кундуз керебеттен жерге түшүп, ары-бери ыргалып, дааратканага жөнөдү. Бүткөн бою шалдырап, алсырай түшүптүр. Андай болгон менен маанайы абдан көтөрүңкү. Секс көрсө велосипед тепкенге окшош тура деп ойлоп алып күлүп да жиберди: бир жолу гана түз отуруп, рулду бекем кармап, жакшылап тепкенди үйрөнүп алсаң болду, андан ары кантип тээп баратканың жөнүндө ойлонбой да каласың. Кантип тебишти адеп үйрөткөн адам гана мыкты болушу керек. Кундуздун биринчи мугалими Эсен Адылбеков өзү болбодубу.Дааратканадан кайтып келип, төшөгүнө жатканда эмчектеринин үрптөрү шейшепке тийип кетти эле, ал оңбогурлар адатынча дароо тир-сийе түшүштү. Сандарын кысып койсо, аласы кайрадан от-жалын болуп бара-тат. Магнитке тартылгансып колу өзүнөн-өзү ал жакты көздөй сойлоп жөнөдү, ошол учурда абадан токулган сүрөтчүнүн сөлөкөтү кайра пайда болду. Ал кербеттин жанында капталдап турат, түрктөрдүн кылычына окшогон жоон жана ийрейген алигиси жылмакай башын жылтыратып, адатынча тикчиет, анын астынан салаңдаган үксөгөй калтасы эзилип бышкан мөмөнү элестетет. Кундуздун Эсенге ачуусу али тарай элек болчу, ошондуктан ал мөмөнү үзгүсү келген жок.Кундуздун маселеси ошону менен эле чечилип калса кана: Эсен анын сексуалдык дараметин ачып гана койбостон, байкабай бөтөлкөдөгү шайтанды да бош-тондукка чыгарып жибербедиби, эми анысы Кундуздун айласын алты кетирип, төшү менен аласындагы таттуу ооруксунуу менен улам эсине түшө калып жатпайбы.- Өлүп эле калсаң эмне! - деп Кундуз көзү илинип баратып да Эсенге акаарат айтып алды.Эсен ары кетип баратып, артына кылчайып, "күңкүлдөбө, дагы далай жолу керегим тиет!" дегенсип, көзүн кысып койду.- Мага жолуга элегиңде эле эмне жанталашып үйлөнүп ала кой-дуң дейм да! Күтө турсаң өлөт белең? - деп уйку-соонун ортосунда шыбыраган Кундуз мемиреп уйкуга кетти.4-бөлүмЭкинчи жолу чалганда гана Бактыгүл телефонго жооп берди:- Алло!- Салам, Бакуля, бул менмин. Бүгүн бир жакка барып келбейлиби!Бактыгүл Кундузду үнүнөн дароо тааный коюп:- Ой, жан дилим менен! Кайдан, канчада жолугушалы?- "Салкын-Төр" ресторанынын барынан саат жети жарымда.- Сенин эмне башыңа кирпич түштүбү? - деп таң калды Бак-тыгүл. - Дени-кардың сообу деги? Ал жакка субай-салтаң кыз-келиндер жигит чапканы барышат эмеспи!- Андай болсо кайра жакшы! Болушунча бир чер жазып, сайран куруп келеличи!- Мына көрдүңбү узак убакытка кармануу аялдарды эмнеге алып ба-рат! Ха-ха-ха! - деген зымдын аркы башындагы Бактыгүлдүн каткырыгы угулду.- Кийин! Мен даяр болоюн деп калдым.- Макул. Көрүшкөнчө!Эсен Кундузга үчүнчү жолу чалып жаткан, бирок тыкылдаган катчы кыз улам эле "Кундуз Кеңешовна азыр телефонго жооп бере албайт, колу бошобой жатат" деп трубканы коюп атты. Кундуз атайын эле ошентип айттырып коюп, кабинетинде отурган. Кнопканы басып, байланыштырып кой деп жибере жаздап, өзүн араңдан зорго тыйып отурду. Басса-турса калбай артынан ээрчиген анын элесинен, кулагына жаңырган коңур үнүнөн ушинтип болсо да арылайын деген аракети болчу бу.Эки сааттан кийин Кундуз "Салкын-Төр" барынын бийик үстөлдөрүнүн биринде колундагы бир бокал шампанды акырын чайкап, ууртамыш болуп отурду. Кай жагын карабасын шилекейин чуурутуп, жалдырап караган эле эркектер жайнайт. Ал акыркы модада тигилген, денесине чапталышкан, төшү ачык жана санында тилиги бар кара көйнөк кийген. Мойнунда күмүш чынжыр, билегинде мойнундагысына окшош күмүш билерик, бутунда шиш такалуу кара туфли. Бүгүн бетине күндөгүдөн көбүрөөк бойок жапты: аппак бетин ого бетер агартып упа койду, көздөрүн кара калем менен чийип, анын үстүнөн күңүрт тень сүйкөдү, тырмактарын кочкул кызыл түскө бойоп, эриндерине ачык кызыл эндик койду. Жанынан өтүп бараткан эркектер анын жылаңач сандарын көргөндө көздөрү тегерек болуп кетип атат. Кундуз аларды байкамаксан болуп, буттарын учкаштырып отуруп алып, бир үстөлдө соксоюп жалгыз отурган жашы элүү-алтымыштардагы семиз кишиден көзүн албай отура берди. Ал өзүн сулуу аял карап атканын жаңы гана байкай калып, тамеки чеге берип саргайып кеткен арсак-терсек тиштерин көрсөтө ырсайганда барга Бактыгүл кирип келди. Ал Кундузду көрө коюп колун булгалап, кире бериштеги тыгылган элди чыканагы менен түртүп, барды көздөй жөнөдү. Акыры курбусуна жетип, эки бетинен чоп эткизе өптү да:- Кечиккеним үчүн кечирип кой: үйдөн мына чыгайын деп жатсам те-лефон чалып калышты! - деди күйүккөн демин араң басып.- Эч нерсе эмес, мен деле жаңы эле келдим, - деп жооп берди Кундуз, анан бизге дагы эки бокал шампан деп барменге жаңсады.Бактыгүл анын жанындагы үстөлгө отурду. Ал төшүндө жылтырак саймасы бар, этеги тизесине жетип-жетпеген көгүш бозомтук көйнөк кийип алыптыр. Тарам-тарам кылып күйгүздүргөн саргыч чачын төбөсүнө байлап алган, узун мойну ого бетер турна моюн болуп көрүнүп, ал эми жылаңач ийиндери өтө эле ачыктай сезилет. Кундузга окшоп ал дагы бутуна денесине түспөлдөш билинер-билинбес жылтырагы бар колготки кийген, бийик такалуу көк туфлиси көйнөгүнө жакшы жарашып турат.- Жанатан бери бирөө жарымга көз салып койдуңбу? - деп сурады Бактыгүл залды сыдыра карап. - Эркектер тим эле балга учуп келген аарылардай эле ызылдашат го! Бирок атаандаштарыбыз да кудайга шүгүр окшойт.- Азырынча эч кимди байкай элекмин, - деп жооп берди Кундуз.Бармен алардын алдына шампан куюлган бокалдарды койду.- Кана, айта бер, садага, сени кайсы кара теке сүздү?! - деди Бактыгүл, курбусу өзгөчө себеп болбогондо мындай ачык көйнөк кийип алып, бул жаман жагынан атагы чыккан жайга автомат такаса да келмек эмес экенин жакшы билет.- Ой, жанагы Адылбеков деген неме мээмден чыкпай айламды кетирди! - деди Кундуз тутала-нып. - Эптеп бирдемеге алаксып, аны унуткум келди. Уксаң, Бакуля, сен фаллоимитатор колдоносуңбу?Курбусу бир жумада жок эле дегенде үч жолудан кем эмес мастурбация кыларынан Кун-дуз күмөн санабайт. Эркектер менен тез-тез жолугушуп турсам да, сексуалдык жактан жакшы канбайм деп өзү айтып калчу. Бирок колу менен өзүн-өзү кандырганы жөнүндө кеп козгочу эмес.- Фаллоимитатордубу? - деп үнүн катуу чыгарып кайталап сурады Бак-тыгүл.Муну кулагы чалган бармен мыйыгынан күлүп, калп эле фужерге муз салымыш болуп ары карап кетти.- Вибраторду колдоном, бирөө эмес бир нече түрү бар менде. Эң сонун аспап, - деп кошумчалады Бактыгүл. - Колдонуп көрсөң өзүң деле ынанасың! Ал дыр-дыр этип, болгон тешигиңди түбүнө чейин казып чыкканда, эсиң эңгиреп, канбаган моокумуң канып, анан ошондо: аа Бактыгүл мага калп айткан эмес экен дейсиң.Кундуз шампандан ууртап алып, Бактыгүлдү жекире карап:- Бакырбачы! Барды жаңыртасың да тим эле! Элдин баары бизди карап атат! - деп шыбырады.- Караса карай беришсин! Аны эмнеге сурап калдың?- Мындай бир кызык иш болуп жатат да… Мен баягы окуядан кийин такай эле эркекти самай берчү болдум. Жанымды койорго жер таппай, ары-бери оонайм. Мага бир сүйкүмдүүрөөк эркек чаап берип койчу, андайга маш-сың го.- Оо, кайран Эсен мээңди таптакыр тескерисинен оодарып салган экен ээ! - деп Бак-тыгүл кыткылыктап күлө баштады.Капыстан жашы элүүлөрдөгү чачын ак аралаган арыкчырай киши Бактыгүлдү атынан айтып кыйкырып калды. Муруттарын чыйралтып, маңдайындагы сейрек көкүлүн жаш жигиттерче гель менен өйдө тургузуп алыптыр. Боз кемселинин астынан кызгылт көйнөк, анын үстүнөн саргыч чермий кийип алган, чаар ала галстугу кебетесин ого бетер келиштирип күлкүлүү көрсөтөт.- Рыскул! - деп артын карай калып, кубанганынан отургучунан чалкасынан кетип кулап кала жаздаган Бактыгүл аны эки бетинен өөп учурашты.Тиги көйрөң неме кучагын жайып, кербездене басып келип, Бак-тыгүлдү баштан ылдый сыдыра бир карап алды да, түз эле белден кучактады.- Таанышып ал, бул менин курбум Кундуз. А бул келишкен мырза болсо Рыскул Артыков, бел-гилүү ишкер!- Таанышканыма абдан кубанычтамын, - деди Кундуздун колун кысып, көзүн сүзгөн Рыскул. - Мен жалгыз эмесмин, жээним Уларбек менен келгем. Ажарлуу айымдар, ага да көңүл бөлүп коюңуздарды өтүнөм!Шыргыйдай болгон узун бойлуу уяң жигит туфлисинин башын тиктеген бойдон, көзүн өйдө кылып, маңдайындагы жарым жылаңач аялдарды кароого батынбай турду. Бактыгүл оң колун сунуп, атын айтканда да анын жүзүнө дит багып караганга эрки жетпей, кирпиктери узун көздөрү төшүнө келип такалды. Бактыгүлдүн колун чала-була кысканга жарап, анан таанышканыма кубанычтамын деп мыңкылдап Кундуз менен саламдашымыш болду.Сырткы кебетесине караганда бир он сегиз, он тогуздарда болуш керек, кара көк күрмө менен ак көйнөк кийип, көгүш жибек галстук тагынып алыптыр.- Биз Рыскул экөөбүз "Аккула" ат майданында көк бөрү оюну учурунда таанышканбыз, - деди Бактыгүл.- Көк бөрү - болбогон оюн! - деди Рыскул мурдун чүйрүп. - Ат бар жердин баары аттын кыгы сасыйт. Ат майданында оюндун аягына чейин отурам деп дөбө-дөбө болуп үйүлгөн кыктын арасында эле отургандай болгом. Өф, эстегим да келбейт.Бактыгүл шаңкылдап күлүп калды. Уларбек менен Кундуз ырсайып тим болушту.- Анда ал жакка эмнеге бардыңыз эле? - деп сурады Кундуз.- Ой, өзүм барбай калайын, бир жапан досум келип калып, улуттук ою-нуңарды көргүм келет деп акедей асылып жатып алып барган. Бир чети, Бактыш менен таанышып калганыма шүгүр. Жапан досумду ичимден ашатып сөккөнүм менен Бактыгүл айымды көргөндө ырас эле келген турбаймынбы деп сүйүнгөнүмдү айтпа.- Рыскул туристтик фирмада иштейт, - деп түшүндүрдү Бак-тыгүл.- Ооба, экзотиканы эңсеп келген чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандын ар кайсы бурчуна алып барып, башын оорутуп акча жасайм, - деп башын ийкеди Рыскул. - Машакаты көп, бирок ошого жараша кирешеси да жакшы. Ха-ха-ха!- А сиз эмне иш кыласыз, чоң жигит? - деп сурады Кундуз, анын сандарынан көзүн ала албай турган Уларбекке кайрылып.- Мен Бишкек Гуманитардык Университетинде заманбап технологиялар менен бир нече чет тилдерин үйрөнүп атам, - деп жооп берди жигит.- Кайсы тилдер экенин билсек болобу?- Ооба, англис, кытай жана итальян тилдерин.- Кыздар, макул болсоңор, бүгүнкү кечти бирге өткөрөлү, - деп сунуш кылды Рыскул. - Машине тышта күтүп турат. "Саламдан" бир үстөл заказ кылып койгом. Кеттикпи?- Рыскул, ал деген сойкулар көп барган жеке клуб эмеспи! - деп так секирди Бак-тыгүл. - Биздей адептүү кыздар бара турган жай эмес!- Бирок кабаресичи! Стриптиз-шоусу! Ал эми ашканасычы! Мм, тим эле шилекейиңди агызат го, чиркин! - деп өзүнүкүн койо бербеди Рыскул. - Жүргүлөчү, жакпаса кетип калабыз! Ай ушу ичине киргенден кийин кет-киңер келбей калат го дейм!Кундуз дагы эле жер тиктеп, кызарып-татарып турган уяң жигитти бир карап алды да:- Кеттик! - деп чечкиндүү айтты. Уларбек аябай жакшынакай эле: ак жуумал, кой көздүү, эриндери назик, мурду кырдач бул жигит Эсенди унуткара турган, Кун-дуз эңсеген эркектин дал өзү болуп жүрбөсүн.- Эң сонун! - деп эдиреңдеп сүйүнүп кеткен Рыскул төш чөнтөгүнөн миң сомдукту сууруп чыгып, шампан үчүн алып кой дегенсип, барменге булгалады. Бармен менен эсептешип бүткөн соң ал Бактыгүл менен Кундузду чыканактарынан аяр кармап отургучтарынан түшүрдү да, аларды белдеринен кыса кучактап, сыртты көздөй бет алды. Залдагы эркектердин баары эки сулууну бирдей жандаган кандай бактылуу киши дегенсип, аны узата карап кала беришти.Бардан чыгышары менен күңүрт жашыл "Мерседес" жай жылып келип, алардын так түбүнө токтоду. Жапалдаш бойлуу кара тору жигит баш ийкеп са-ламдашымыш болду да, жолдун четинде тургандарга машиненин эшигин ачып берди. Уларбек ме-нен аялдар салонго киргенден кийин Рыскул машинени айланып келип, астыңкы орундукка отурду."Мерс" ордунан козголору менен ал артына кылчайып:- Экөөңөр тең абдан чырайлуусуңар деп айттым беле? Бириңден бириң өтүп, перинин кыздарынан бетер суйкаясыңар. Мен туура айтамбы, Уларбек?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев