“Үй-бүлөөлүк бактылуулуктун жана негизи эле пенденин бактылуу болушунун эң башкы себеби, анын руху жана жашоосунун эң негизги максаты, тынчтык жана коопсуздукка жетүүсүнүн сыры – бул ар бир пенденин ыйманын жакшыртууга жана сооптуу амалдарды ишке аткарууга умтулуусу. Чыныгы бактылуу жашоонун негизи мына ушу! Улук Аллах айтат: “Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин жакшы амалдарды жасаса, Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз” (Нахл: 97). Бул аятта Ааламдардын Роббусу Өзү бекиткен шарттар камтылган: “жакшы амалдарды жасаса”. Кайсы амал жакшы болуп саналат? Ал ыймандуу адам эки канаттын жардамы менен аны көздөй учкан амал. Ал эки канат Аллах үчүн ыкластуулук жана Пайгамбарды (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) ээрчүү. Б.а. ал жакшы амал Аллах үчүн гана жана Куран-сүннөттө келгендей аткарылыш керек. Ыйман келтирип жана сооптуу амалдарды аткаргандарды кандай сыйлык күтөт? “Биз аны (бул дүйнөдө) таза жашатабыз жана алардын (акыреттик) соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен кайтарабыз”. Жашоосун асман жана жердегилерди башкарып турган Улук Аллах Өзү бактылуу кылып берген адамдын жашоосун ким буза алат? Керек болсо баардык адамдар менен жиндер биригип келсе да Аллах жашоосун бактылуу кылып берген адамдын жашоосун буза алышпайт. Андан соң Аллах Акырет күнү ал пендесине эң жакшы сыйлык берет. Аллахтын убадасы ушундай. Аллах кимге жакшы жашоо берген болсо, демек ага аз нерсеге шүгүрчүлүк кылууну да тартуулаган. Андай адам аз нерсеге да шүгүр, каниет кылып жашайт. Андай адам Аллахтын мээрими менен жан-дүйнөлүк тынчтыкка жетет, бактылуулук анын жан-дүйнөсүнө орнойт. Эгерде ал үй-бүлөөсү жана айланасындагы адамдардан өзүн кубандырган нерселерди көрсө Аллахка шүгүр айтат жана ал үчүн сооп алат, ал эми үй-бүлөөсү жана айланасындагы адамдардан өзүнө жагымсыз болгон нерселерди көрсө сабыр кылат жана мындан да сооп алат".
"Үй-бүлөөлүк бактылуулукка жетүүнүн себептери"
Главная причина семейного счастья.
"Самая главная причина семейного счастья и счастья каждого человека, его дух и истинный смысл жизни, тайна достижения спокойствия и успокоения - это стремление каждого человека реализовать веру и совершать праведные дела. Это и есть основа счастливой жизни!
Сказал Всевышний: “Тем, кто вершил праведные дела, будучи верующим из числа мужчин и женщин, Мы непременно даруем благую жизнь и вознаградим их из лучшего, что они совершали”. (16:97).
В этом аяте содержатся условия, которые установил сам Господь миров: “Тем, кто вершил праведные дела…” Какое дело считается праведным? Это- то дело, к которому летит верующий при помощи двух крыльев: искренности по отношению к Аллаху, и следования за Пророком, мир ему и благословение Аллаха. Чтобы дело было совершено лишь ради Аллаха, и было установлено в Коране и Сунне. И какая награда ждёт того, кто будет верующим и станет совершать праведные дела?
“Мы непременно даруем благую жизнь и вознаградим их из лучшего, что они совершали!”
И кто после этого сможет испортить жизнь тому, кому жизнь сделал счастливой Аллах, Который управляет всем на небесах и на земле? Даже если соберутся вместе люди и джинны, они не смогут никак повлиять на жизнь того, кому Аллах даровал счастье. А затем, вознаградит его Аллах лучшим в Последней жизни. Таково обещание Аллаха. Кому Аллах даровал благую жизнь, тому Он даровал вместе с тем довольство малым. Такой человек остаётся доволен всяким благом. Такой человек, по милости Аллаха, обретает душевное спокойствие, счастье поселяется в душе его. Если он находит то, что радует его в семье и окружающих, то благодарит Аллаха, и в этом благо для него, если же замечает в семье и окружающих то, что ему неприятно, то проявляет терпение, и в этом также благо для него."
"Причины достижения семейного счастья".
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев