Көптү көргөн Сулайман падыша бул жолу башы катып, айласы алты кетип отурду. Өмүрүндө көп эле маселени чечкен, кара кылды как жарган калыс бүтүмдөрдү чыгарып келген, бирок өз башындагы мүшкүл ушунчалык оор болорун билбептир.
Жапжаш, сулуу, акылдуу аялы бала ордуна баш-аягы, буту-колу жок эле жумуру таш төрөйт деген эмне шумдук?
Таш, кадимки эле таш. Болгону тептегиз, жыпжылма, жумуртканы узартып койгондой. Же бир элге-журтка айта алсачы. Же буга чейин балалуу болсочу. Ушунча жылдан бери эңсеп күткөн перзенти. Үч уктаса түшкө кирбеген бул кайгыдан улам каныша өңдөн азып, жинди болгону калды. Таш салынган бешикти терметип, же эмизе албай, же түңүлүп басып кете албай жарым эс болуп отурат.
Кой, отура бергенде эч нерсе чыкпайт. Же нары, же бери кылып бир жаңсыл чечиш керек, муну. Кудайга эмнесинен жазды экен? Өзү го өзү, мобу жапжаш, сулуу, бечара аялында эмне күнөө?
- Бакшы кемпирди чакыргыла! Бир билсе ошол билет.
Кемпир көп күттүргөн жок. 100гө чыкса да акыл-эси ордунда, сөзү оозунда жүргөн тымызын кеңешчиси аса таягына сүйөнүп, тааныш босогодон кирери менен кеп баштады:
- Башыңа сыноо келиптир, падышам. Кудайдан түшкөн сыноо экен. Өз көзүм менен көрмөйүнчө эмне экенин так айта албай турам.
Падыша канышанын жанында жаткан бешикти ачты.
- Мынакей, сен айткан сыноо. Бир эле нерсени айтчы. Бул таш бала болобу же түңүлө берелиби? Бул эмне деген шумдук?
Бакшы кемпир таштын бетин сыйпалап көрүп, ичинен күбүрөнүп бир аз отурду. Анан күлүп жиберди.
- Падышам, мунун жолу оңой эле экен! Кудай адамга өз күчүнө жараша сыноо берет. Бул таш кайра бала болушу үчүн өзүңүз баш болуп эң жакын үч киши эч кимге айтпаган чындыгыңарды айтышыңар керек. Болду, башка шарты жок.
Каныша ишенген жок, бирок үндөбөй тим болду. Падыша ойлонуп калды. Эң жакын кимиси бар? Аялы, анан өмүр бою далай кыйынчылыктан бирге өткөн баш вазири эле болбосо... Сулайман кемпирди жылуу-жумшак узатты да, жанындагы жигитке кайрылды.
- Чакыргыла, баш вазирди.
Ээн бөлмөдө үчөө гана калып, падыша башындагы мүшкүлдү, бакшы кемпирден уккан кеңешин айтып баш вазирге түшүндүрдү. Кимиси сөз баштаарын билбей, бир топко тымтырс отурушту.
- Мен айтайын, - деди баш вазир акыры. – Падышам, сиз чыныгы даанышман башчысыз. Дүйнөдө сизчелик калыс эл башы болбосо керек. Бирок өлбөстү Кудай, сынбасты адам жараткан эмес. Жашыңыз келип калды... Мен сиздин жаныңызда жүрүп жетиштүү эле тажрыйба топтодум деп ойлойм. Эгер эртедир-кечтир сиз көз жумсаңыз ордуңузду баса турган менден татыктуу адам жок деп эсептейм. Ушул, менин чындыгым. Алсаңыз башым тартуу. Эрк өзүңүздө.
Булардын жанындагы бешик бүлк эте түштү. Каныша селт этип жабууну ача коюп көргөн көзүнө ишенбей өңгөчүн тартып жиберди да, берки экөөнө көрсөттү. Жумуру таштын үчтөн бир бөлүгү өзүнөн өзү муз сыяктуу эрип түшүп, баланын буттары кыбырап туруптур. Бакшы кемпирдин койгон шартына ишенер-ишенбесин билбей дендароо отурган үчөө бирин бири карап калды. Падыша эми канышаны суроолуу карады.
- Падышам, муну эч качан айткым келген эмес, - деди ал. - Балким өзүмө да айтпас элем. Муну ойлогонум үчүн да өзүмдү күнөөлүү сезем. Сизге чын ыкласым менен келдим, бактылуу жашадым. Бирок баш вазир туура айтты. Жашырганда эмне, сиз менден кыйла улуусуз. Өтө эле улуу... Сиздин ордуңузду сиздей эле даанышман, эрктүү, калыс, бирок алда канча жаш, алдуу-күчтүү жигит баса турган болсо, мен аны менен бактылуу болмокмун деп ойлойм. Айып этпеңиз.
Бешиктеги таштын ортосу эрип жок болуп, баланын курсагы, бытыйган колдору кадимкидей көзгө урунду. Баш вазир менен каныша эми падышанын өзүн үмүттүү карашты. Ал оор күрсүндү.
- Муну эч ким билбейт... Силер да билбейсиңер. Мен өмүр бою кара кылды как жарган калыс деген атак күттүм. Эч кимисине жан тартканым жок. Элдин баары муну оңой деп ойлойт. Бирок бир эле маселени тартышып келген эки кишинин бири мага жок дегенде бир эле тоголок алма ала келсе, ошого ичимден жан тартып турам. Бири эле мага жылуураак сүйлөсө, көңүлүм ошол тарап болот. А мен көңүлүмө жараша чечим чыгарганга акым жок. Антсе да ичимден жан тартканым жан тарткан...
Бешиктеги баланын башы ачылып, ыңаалаган үн угулду. Балканактай эркек бала экен. Бөлмөдөгү үчөө бирин бири аяп да, азыр эле уккан чындыкты эмне кыларын билбей алдастап да ойлуу отурушту.
Жыргалбек Касаболот
#уччындык_элдик
Нет комментариев