Айыл этегине жаңы үй-бүлө келип кошулду. Жыйырма беш-отуз жаштардагы жигит жана анын келберсиген келинчеги өз үлүшүнөн орун-очок табышты. Алардын эки баласы бар экен. Кичинеси – бешикте, чоңураагы – эшикте.
Алар камыштан алачык жасашты. Чарпая. Андан бир аз нарыраак жерге тооккана курушту.
Таңга жуук катуу, шаттуу кыйкырган короз үнү кыштакты ойготту. Селт-селт! Эски тургундардын уйкусу талкаланды, балталанды. Тим койсо, шашкеге чейин…
Берки жаш түгөйлөр сайдан терилген чоң-чоң таштардан пайдубал түптөштү. Баш көтөрбөй, ылайда иштешти. Камырдай ийлеп, күүлөнтүп кесек куюшту. Дубал аста-секин көтөрүлө баштады. Кумурскадан бешбетер эмгекчил экен экөөсү. Агарып таң аткандан кызарып күн батканга дейре маңдай тер төгүштү.
Алда кандай адамдар аларга тек гана тил учунан медер-медет беримиш этишет.
А тигилер дил түбүнөн ыраазычылык ыроолошот.
— Арыбаңыздар!
— Аа, бар болуңуз.
— Ишиңер илгери болсун.
— Ыракмат!
— Үй бүтөйүн деп калыптыр го!
— Кудай буюрса…
Ушуга коёндой окшош суроо-жооптор, топук-тооптор, соога-сооптор алардын демине дем кошконсуйт. Жайдын жамгырындай жылуу жумшак сөздөр тез эле түгөндү.
Ынактыктын ордун чунактык ээледи. Эң оболу эргежээл Эшмат келди энтигип:
— Эй, жигит! Сенин тоокторуң менин эгин-тегинимдин быт-чытын чыгарды. Быркырап, тыркырап жатат. Ишенбесең, барып көр!
Ыңгайсызданган жаңы коңшу унчукпады. Эки желкесин куушуруп, башын ийкеп, кечирим сурады.
Түштөн кийин Ташмат тамдан түшкөн тарашадай таркылдады, каркылдады:
— Оо, иштерман дос! Сенин дакаң корозуңдун айынан кечки сабизден куржалак калдым. Сугарган жеримди жүндөй тытып таштаптыр.
Ошончо осол, копол кеп-сөздөн кийин жаш коңшулар тоокторун камап коюшту. Күндөр өтүп жатты. Таңдар атып дегендей. Балапан балдар баягы байкуш пендени “Корозу бар коңшу” деген атка кондурушту. Балдардын тилинен бал тамат:
— Корозу бар коңшу.
— Койозу бай коңчу.
— Ко…
Короз күндө кыйкырды, койкойгондор бышкырды. Аңгыча Эшмат, Ташмат, Кошмат жана башка кашка баштар Төө-Жайлоого эс алууга жөнөштү. Кечээ көчүп келген немени атайын унутуп калышты.
Эки-үч күн түнөштү. Эркектер кымыздын акесин таанытышты. Бөдөнөнүн сүтүнөн жутушту. Ургаачылар гыйбатты, ушакты кубалашып, көңүл ачышты. Акыр аягында жулмалашып, баткакка батышты. Аш бышты, аштан кийин муш бышты. А балдары ата-энелеринен кем болушту, таланып-тонолуп, байкоосуздан аарыларга жем болушту.
Ошентип алардын бардыгы эс алуудан чарчап кайтышты. Келишти да, өз үйүндө, өлөң төшөгүндө эч кимди укпастан, сыртка чыкпастан, бети-башын чүмкөнүшүп, жатып калышты. Баракелде!!!
Ал ортодо корозу бар коңшунун үйү бүтүп, чатыры жабылды. Мыктар кагылды. Жаңы коңшу ийри-буйру, уйгу-туйгу, гуйбу көчөнү кыдырып, темир дарбазаларды такылдатып жүрдү:
— Биздикине чайга өтүңүздөр…
Анын артынан түйдөк чач жан шериги чуркап келип, күйөөсүнүн сөзүн коштоп шаңкылдады:
— Тезирээк барыңыздар.
Жарым күн эмес, жарты саат жардамга барышпаган айылдаштар: эркектер, аялдар, жаш балдар жаңыдан бүткөрүлгөн үйдү жабалактап басып калышты.
Улуу көчкө кошулуп иттер, күчүктөр ээрчиди:
— Ав-ав-ав!
— Ув-ув-ув!!!
Алгач чоң-кичүүгө бирдей тоок шорпо тартылды, андан соң — зиренин жыты буркураган, короздун гөшү кошулган палоо. Жайдары күрүч.
Ошол күндөн бери короз кыйкырбайт. Кыштак болсо, тыптынч…
Таир Ашырбаев
"Матисаков мектеби"
#корозубарконшу_элдик
Комментарии 6