14-БӨЛҮМ.
ЖОЛ КЫРСЫГЫ
Бакыттын мээси чыңалып, жүрөгү сыгылып, көзү тумандап, катуу ылдамдыкта кетип бараткан. Бир заматта бетме-бет чыккан оор жүк ташуучу унаага барып урунду. Бакыт ырп этээрге дарманы жок, эмне болгонун түшүнбөй, канга боёлуп, эс-учун жоготту.
Кайран гана жаш өмүр бир заматта кыйылды. Күлгүн жашында канга боёлуп, морттук менен үзүлдү. Киши караса көзү коркчудай, денесинин жаны бир көз ирмемде жок болду.
Аскар көз алдында болгон окуяны түшүнө албай, селейип бир орунда катты. Досуна барайын десе буту жылбайт, сүйлөйүн десе үнү чыкпайт. Өңү купкуу болуп, үрөйү учуп, жерге отура кетти. Тез арада чогулган эл оор жүк ташуучу унааны түртүп, анын астында жер менен жексен болгон машиненин ичинен жаш денени сууруп чыгышты. Арасындагы бир адам жансыз дененин үстүнө чапан жаап койду.
Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу тызылдап чуркап, актана баштады: "Бул менин күнөөм эмес, ал өзү катуу ылдамдыкта келип урунду. Мен машинени токтотууга, четке чыгууга үлгүрбөй калдым. Мага карама-каршы курулуштар,чыгышын билген эмесмин. Мени каматпагыла, аны жерге берүүгө канча чыгым кетсе, баарын мен төлөйм."
Айдоочу ботодой боздоп жатты: "Мен жаңы эле үйлөндүм, апам ооруйт, карындаш-инилерим жаш. Атам каза болуп калган. Эгер мен камалып кетсем, бир туугандарым ачка калат, байкуш апам эми эмне болот?"
Аскар жерде жаткан досунун жансыз денесин кучактап: "Кечир досум, мен сенин өмүрүңдү сактай албадым," — деп өксүп ыйлап жатты. "Мен эми сенсиз кантем? Мени кантип таштап кеттиң? Дагы бир аз жашап турсаң болбойт беле? Кантип өз өмүрүңдү өзүң кыйдың? Аяш апам эмне болот? Аны эмнеге ойлободуң? Мени эмнеге ойлободуң? Сенсиз мен кантип тирүү жүрөм? Бакай аяш атамдын армандарын ким орундатат? Мен сага канча айттым, машинени катуу айдаба деп? Сен мени эмнеге укпадың?" — деп ачуу кыйкырып алды Аскар. Көз жашы куюлуп агып, жаны кашайып турду. Досунун өмүрү өчтү, өкүнүч көкүрөктө калды
Кош өмүр, кош досум, сага батпай кетти,
Жаштыгынын жанар отун жакпай кетти.
Кош өмүр, кош досум, сага тойбой кетти,
Турмушунан туура жолун таппай кетти.
Кош өмүр, кош досум, сага сыйбай кетти,
Жаш өмүрдүн жыргалын кыйбай кетти..
Кош өмүр, кош досум, сенден кеткиси келди
Эми досум кучактайт боз топурак,муздак жерди.
Кош өмүр, кош досум, сенден түбөлүккө кетти,
Жаны чыгып, ар талаага таштап денени.
Кош өмүр, кош досум, сага келбейт эми,
Досумду издебе, өмүр сени ажал жеңди.
Мына дагы каргашалуу кара түн. Боздоп ыйлап кан жуткан Калыйпа бүгүн. Өкүндү, өкүрдү, өксүдү. Ажалга да күчү жетпей, жанынан артык уулун жерге берип, боз топуракка оонап, буркурап ыйлап, уулу Бакытты жоктоп кала берди. Эми кимди күнөөлөөрүн, кимден өч аларын билбей турду. Өзүнөнбү? Күйүтү аны кыйнап, жүрөгү сыздап, элге-жерге батпай, тунжураган түнгө сиңип, каяккадыр жок болгусу келди. Канча күндөн бери уйку жок. Мостоюп, телмире бир жерди тиктеп, тамак жебей, суу да ичпей, тилсиз, үнсүз дүйнөгө батып баратат.
Калыйпаны көргөн келим-кетимдер "байкуш" деп ага боору ооруп, "бала күйүтүн башка салбасын" деп, алакан жайып, бата кылып, Калыйпага сабыр тилеп, келип-кетип жатышты. Айласы жок Калыйпа эмне кылмак, өлүмгө моюн сунду. Күнү-түнү Кудайга жалынып-жалбарып, уулу Бакытка куран окуп, дуба кылат. "Өлбөгөн жанга өмүр узун" демекчи, Калыйпа акыры Бакыттын жоктугуна көнүп, өмүр улады. Уулун эстегенде ыйлап, өзүн күнөөлөп да алат. Мына ушундай окшош күндөрдө, көр оокат деп, күн кечирип, азап-кайгынын жүгүн артынып Калыйпа жашап келет.
БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ, БАКТЫЛУУ КҮНДӨР
Бир үйдө кайгы-азап болсо, бир үйдө коломтосунун оту жанып, үй ичи кубанычка толуп, жашоосу бакытка оролуп келет.
Мына минтип убакыт зымырап өтүп, Айдай менен Азаттын баш кошконуна беш жылдын жүзү болду. Алар эч эле азап тартпагандай, өткөн кайгы-капасы унутулуп, жашоосу бактылуу көз ирмемдерге толду. Үй ичинде наристе күлкүсү жаңырып, жанында жароокер жары бар, достору да көп. Мурун тааныбай, менсинбей кеткендери деле Айдайдын жанында.
Бирок Айдай башкача тарбия алгандыктанбы, эч бир адамдын көңүлүн оорутпай, баарына жардам колун сунат. Ал баары үчүн чын дилден кубана алат. Ошол үчүн Кудай ага күткөнүн берди. Айдай эне болду, болгондо да эгиз уулду жарыкка алып келди. Анын таза тилеги орундалды. Адам жашагысы келсе, кандай сонун жашоону жашай алат тура. Мына азыр ал жөжөлөр жүгүрүп ойноп, "апаке" деп Айдайды айланчыктап, булбулдай сайрап, үй ичи шаң-күлкүгө толду. Алиянын айласын кетирип, аны ары тартып, бери тартып, тажатып оюн салган балдардын жаны тынбайт.
Ал эми Алия болсо мурдагыдан да эсейген. Азыр сегиз жашта, экинчи класстын окуучусу. Айдайдын жылуу мээримине бөлөнүп, эне мээримине сууган жок. Бактылуу балалыкта күн кечирип келет.
Азат:
Айдайдай жубайга жолукканыма ичим-тышыма батпай, кээде дос-туугандардын арасында көкүрөк кагып мактанып алам. Алардын арасында бири ичи күйүп, көз артса, бири чын дилден биз үчүн кубанат. Адамдар ар кандай болобуз го, үй-бүлөнүн ортосуна от жагууга аракет кылгандар да канча болгон. Бирок үй-бүлө курууда эркек менен аялдын ортосундагы ишеним чоң мааниге ээ. Ишеним менен курулган үй-бүлөнүн дубалы бекем болот.
Ооба, мен өтө эле кызганчаакмын. Айдайды ар бир көз караштан кызганам. Анын ар бир кыймылы, аракети менин көз алдымда болушу керек, болбосо чыдамым кетип, ичим өрттөнүп кетет. Билем, түшүнөм, кызганыч жаш үй-бүлө үчүн кооптуу. Бирок мен канчалык кызгансам, ошончолук Айдайга болгон сүйүүм күчөп, аны жанымдан артык жакшы көрөм. Бирок Айдай кээде менин ошол мүнөзүм үчүн мага капа болот. Анын таарынычы бир мүнөттүк. Ошол менин жашоомду жеңилдетет. Мына азыр таарынса, кайра ошол замат жадырап жайнап, баарын унутат.
Ата-энем да Айдайды аябай жакшы көрөт. Айдайдын жумшак мүнөзү муздай тоңгон жүрөктү да ээрите алат. Ага мисал атам, аябай мүнөзү корс, ачуусу чукул, көп сүйлөбөгөн киши. Бирок эмнегедир Айдай менен кадимкидей жарык маанайда сүйлөшөт. Баарыбыз таң калабыз. Агаларымдын келинчектери да Айдайдын жанын койбой: "Кантип сен атамды сүйлөтө алдың, анын сыры эмнеде?" — деп сурай беришет.
Менин бир билгеним бар, атам шалкылдап күлгөн кыз-келиндерди жактырбайт. Бейчеки, ашыкча кыймыл жасап, улуу-кичүү дебей, аларды тике карап, теңтуштарындай тамашалашып, ордун билбей тургандарды ошол замат кагып-силкип, ордуна коёт. Сөздүн да, тамашанын да орду, сүйлөнчү жерлери болот деп айтат. Айдайдын бир калыпта жүргөнүн, улуу-кичүү арасында ордун билгенин жактырат. "Тарбиясы жакшы, келиндеримдин арасында эң мыктысы," — деп ачык эле айтат.
Кудайым берүүчүсүн, алуучусун айтпай эле берип, алып коёт тура. Эч мүмкүн болбогон нерсенин жолун табууга заматта үйрөтүп, адамдарды өйдө-ылдый калчап, "ушул пендем Мен бергендердин кадыр-сыйын билеби?" — деп, бирде бар, бирде жок кылып, турмуштун ар кандай оор-жеңил жүгүн артып, бизди сынайт тура.
Айдай да башынан жеңил жашоо кечирген жок, мен дагы. Кудайым бизди жок жерден табыштырып, өмүр жолубузду бириктирди. Мына биз биргебиз. Айдайдын көөдөнүндөгү көксөөсү, тилеги жыл айланбай ишке ашты. Биз эгиз уулдуу болдук. Айдай эне болуу статусуна ээ болгонуна жерге-сууга батпай сүйүндү.
Азыр алар үй ичин шаңга бөлөйт. Аябай тентек, бир орунда тура албай туйлашат. Бир гана менден коркушат. Апасы Айдай болсо аларды болушунча эркелетет. Аны "апаке" деп алдашат, ал жумшак мүнөзү менен балдардын каалаганын ошол замат аткарат. А мен болсо аларды кичине катуураак кармайм, эркелеп кетишпесин деп. Ошон үчүн менден ийменип, айтканымды аткарып, менин алдымда тызылдап турушат.
Бизде дагы бир жакшы жаңылык бар: Айдайдын жүрөк астында дагы да жаңы өмүр бар. Биздин махабаттан жаралган балдар баарына тең, эч нерседен кем эмес. Мен бактылуу, кадырлуу жолдош жана атамын. Айдай мээримдүү эне, акылдуу, сүйүктүү да, сүйкүмдүү да жубай. Биз бири-бирибизди көз караштан түшүнөбүз, жүрөктөн сүйөбүз.Биз бактылуу үй бүлөөбүз.🫶
АЯГЫ
20.08.2023.
Кундуз. Б.А.🫰
#Чыныгытурмуштанбирүзүм😊
Бул чыгармамды,күтүп окууган ар бир окурманга ыраазычылык билдирем 🫶
Чыгарма эмне жөнүндө сүйлөдү?Баягы эле жашоо,өмүр,үмүт,тилек жөнүндө.Ар бир адамдын кылган иш аракетинин акыбети,кандай болду?Адам баардык нерсени пейилден табат.Бир адам бул өмүрдө өкүнүп өтсө,бир адам өмүрдүн жыргалына тоё өтөт.
🙏🫰🫶
#ушугонжурок_элдик
Кундуз айымга ыраазычылык билдиребиз💐
Бакыттын курчоосунда болунуз!
Ден соолугунуз мыкты болуп, жазылмаларынызды окурмандар суктанып окушсун!
Бар болунуз📚👍💐
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38