Бакыттын чакырып жатканын Айдайдын инисинен угуп, Азат сыртка чыкты.Тойдун камы менен убара болгон адамдардын арасынан эч ким аны байкаган жок.
Бакыт жолдун аркы бетинде, алысыраак жерде турган экен.Азат ага жакындап,сыпайылык менен колун сунду.Бирок Бакыт текеберленип учурашкысы келбей,башынан аягына чейин шылдың аралаш күлүп карап, керсейе тиктеп турду.
Колу жоопсуз калганына Азат жини келе түшүп, колун кайра,артка алды.
Азат:
— Мм, эми билдим Айдайдын сенден эмнеге кеткенин.Көрсө, сен ушундай турбайсыңбы.
Бакыт:
— Кандай экенмин? — деп ызырына сүйлөдү.
Азат:
— Туптуура ушул турушуңдай, — деп жооп кайтарды.
Бакыт:
— Менин турушум сага жакпай жатабы? — дегенде Азат анын сөзүн бөлдү.
— Сүйлө, эмнеге келдиң? Айтарың болсо айт. Сөздү көбөйтпө.Сени менен сыпайылашып турганга убактым жок.Айта турган сөзүң болсо,менин бошко убактымды албай,бул жерден кет.
Бакыт:
— Бул жерден мен эмес, сен кетесиң.
Азат:
— Ооба, айтканың туура,мен кетем.Бирок жалгыз эмес, Айдай менен бирге.Эсиңде болсо,бүгүн биздин үйлөнүү тоюбуз болуп жатат.Эгер билсең, — деп Азат бурулуп,Бакыттын жанынан узап бара жатканда.
Бакыт:
— Эй, токто! Сөзүм бүтө элек.Эгер билсең, Айдайдын алгачкы махабаты мына менмин, — деп төшүн кага сүйлөдү.
Азат эч нерсеге камырабай:
— Билем,Айдай мага сен жөнүндө айткан.Сен алгачкысы болсоң, мен — түбөлүгүмүн.Алгачкылар унутулат,ал эми түбөлүктү өзүң билесиң,мен айтпасам да,дайыма бирге,өмүр өткөнчө чогуу болот, — деди.
Бакыт:
— Сен ошончолук өзүңө ишенимдүүсүңбү,түбөлүк бирге болоруңа?
Азат:
— Албетте, ишенимдүүмүн.Эгер ишенимдүү болбосом,бул кадамды басмак эмесмин.
Бакыттын ичи күйүп:
— Ошондой де, анда сени Айдай бир жолу "сүйөм, жакшы көрөм" деп айтты беле? — деди.
Мындайды күтпөгөн Азат саамга ойлоно калды. Айдай чындап эле бул убакка чейин өз сезимдерин Азатка ачык билдирген эмес болчу.
Ойлонуп калган Азаттын абалын көргөн Бакыт аны шылдыңдагандай мыйыгынан күлүп карады.
Бакыт:
— И-ий, сага эмне болду, үн-сөзсүз калдың? Демек айтпаган экен да.Анда менде дагы да мүмкүнчүлүк бар.Сага ал сөздү айтпаса, Айдай дагы деле мени сүйөт.Сен Айдайдын мендик болгон жүрөгүнө ээлик кыла албайсың,ошону эсиңден чыгарба.Мен сенден акыры тартып алам, — деп Бакыт Азатка колун кезеди.
Азаттын жини келип:
— Колуңдан келбейт! Айдайды менден тартып ала албайсың.Айдайдын сени менен болгон бактылуу күндөрүн,сага болгон ишенимин,жоготкон наристесин кайтарып берүүгө күчүң жетеби?Сен Айдайдын кечиримин алганча,анын жанында мен жүрөм,мен болом.Айдайдын жанында болууга сага эч кандай орун жок.Айдай мени "сүйөм" дебесе да, "бир баскан жериме кайра экинчи ирет аяк койбойм" деген.Демек,Айдай сендик өмүрдөн, жашоодон эбак эле үмүт үзгөн.Сен менден тартып алам деп эч убара болбо, — дегенде, Бакыт аткан октой Азатка жетип келип,аны бир муштап жиберди.
Азат Бакытка күлүп карап,анын соккусун тосуп, жакадан алды да,тирешип туруп:
— Жеңилгениңди мойнуңа ал.Биздин өмүргө эми аралашпа.Мындай бир сөз бар го: "Мурунуң батпаган жерге башың салба" деген, — деп аны бир силкип ары түрттү.
Заматта эмне болгонун түшүнбөй калган Бакыт чычалап,Азатка кайрадан сокку узатты.Экөө бири-биринен калышпай,тирешип,алмак-салмак,тарса-турса,бири-бирин муштап киришти.Экөө тең биринен-бири жеңилчүдөй эмес эле.Аларды көргөн Асан жүгүрүп жетип келди.Ажыратууга аракеттенди,аларга алы жетчүдөй эмес эле,алардын ортосунда тебеленип калчудай болду.
Ошол учурда эл чогулуп,арчага түшүп.Асан, Бакытты, Азатты агасы Аскат ажыратып кетишти.
Асан Бакытка:
— Эй, бала, жөнө үйүңө кет! Мен сага эмне дедим эле? Бул жерге сенин келгениңе эч ким кубанбайт. Бошко убара болбо.Сени Айдай унуткан.Сен эми анын жашоосунда жоксуң.Айдайды жайына кой. Кайсы арыңа, Айдайга кылган кайсы жакшылыгыңа келип турасың? Жогол көзүмө көрүнбөй, — деп Асан Бакыттын намысын тийип сүйлөдү.
— Эгер билсең,мен сага ал мончоктой кызды колуңа тапшыргам.Сен анын кадырына жетпедиң. Апаң Калыйпанын арам ойлорун ишке ашырдың. Эми кыздан алыс жүр.Намысың болсо катаңды мойнуңа ал.Айдай бактылуу болгусу келет.Ал бактысын Азаттын жанынан тапты.Айдайдын бактысына жолтоо болбо.Жок дегенде кымындай болсо да Айдайды сыйласаң, — деп Асан басып кетти.
Ошол эле учурда Аскат Азатты урушуп жатты.
— Сен эмне,бул жерге мушташканы келдиң беле, же үйлөнгөнүбү? Алдагы кебетең эмне? Уят го!
Азат күлүп:
— Мен эмесмин го аны издеп барган.Ал өзү келди. "Адамча сүйлөшөлү"десем,мени уруп-согуп кирди. Мен эмне,урса деле унчукпай тура бермек белем? Мен да жообумду бердим.Эми өз намысымды коргогонум уят эместир, — деп чекесиндеги канды сүртүп,кийимдерин күбүп жатты.
Мындайды уккан Айдай чый-пыйы чыгып,Азат үчүн санаа тартып,бөлмөсүндө жөн отура албай тынчы кетти.Бакытты болсо ойлоп да койгон жок. Эс-акылынын баары Азатта болуп жатты.
Ошол учурда Азат ушундай болорун билгендей эле,унаасына салып койгон дагы бир костюм-шымын алып алмаштыруу үчүн Мирбектен жуунуучу бөлмөнү сурады.Мирбек "жүрүңүз" деп Азатты ээрчитип жөнөдү.Ичинен жездеси менен мактанып,дердейип бара жатты."Айдай эжекемди коргой алат экен" деп,ичинен өзүнчө сүйүнүп.Чыдабай кетип, жаш бала сүйлөп жиберди.
— Жезде, Бакытты ой да муштадыңыз ээ? Бакытка ошо керек болчу.Анын да бети жарылды, — деп өзүнчө чырагына май тама сүйлөдү.
Анан Азат сурабаса деле, өзү айтып кирди:
— Менин эсимде,эжекем Бакытка таарынып үйгө көп келчү,көп ыйлачу.Мен Айдай эжекемди жанымдай жакшы көрөм.Ошондо эжекеме боорум ооруп,кичинекей болсом да,таарынып келгенинде "Бакыт келип урбасын" деп,эжекемдин артынан калбай ээрчип жүрчүмүн.
Бул сөздөрдү уккан Азат балага карап,Бакытка болгон кеги бар экенин сезди.Анан сурады:
— Бакыттын келгенин Айдай эжекеңе айткан жоксуңбу?
Мирбек:
— Жок, мен айтпадым.Эжем Айке айтып койду.
Айдай эжекем сыртка чыгайын десе, Айдана эже чыгарбай койду.Айдай эжекем сарсанаа болуп жатат,сизди ойлоп.
Муну уккан Азаттын ичи жылый түштү. Бат-баттан жуунуп, кийимин алмаштырып, кашынын үстү бир аз жарылган экен,ал жерге пластырь чаптап, Айдайга шашып жөнөдү.Бара жатып Бакыттын айткандарын эстеп, ичи өрттөнүп, кызганычы ички сезимдерин тынч койбой.Ойлору ар жакка алып-учуп жатты.
Алдынан чыккан балдызы Айкеден:
— Айдай каякта? — деп сурады.
— Бөлмөсүндө.
Азат түз эле Айдайдын бөлмөсүнө кирип барды. Айдай ыйлап алган экен.Азатты көрө калып, жүгүрүп келип,мойнунан асылып,аны бекем кучактады.
Айдай:
— Эмнеге мага айтпай чыктыңыз? Билбей калдым да, билсем жибербейт элем, — деп ыйлап жатты.
Азат кучагында ыйлап жаткан Айдайдын чачтарынан сылап,кантип сооротушту билбей, эрининен өптү.Айдай да Азаттын эриндеринен өөп, экөө үнсүз,ал абалда,тилсиз эриндер көпкө сүйлөштү.
Анан Азат акыры,ошол кумардын күчү менен:
— Айдай, сен мени жакшы көрөсүңбү? — деди. Айдай эч ойлонбой эле:
— Ооба, жакшы көрөм.Жүрөгүм,жан дүйнөм менен, — деди.
Муну уккан Азат Айдайдын көздөрүнө үнсүз карады.Чын көңүлдөн айтылганын,Айдайдын көздөрүнөн көргүсү келип.Айдайдын жадыраган карагаттай көздөрү бул сөздөрдүн чындыгын далилдеди.Ичиндеги уйгу-туйгу сезимдер басылып, Азаттын кызганычы басаңдады.Ушул таттуу, жагымдуу сезимдердин курчоосунда Азат Айдайга:
— Жаным, биз дайыма бирге болобуз ээ? — деди.
Айдай:
— Ооба, биз дайыма бирге болобуз.Сиз менден башка эч кимге ишенбеңиз.Эч кимдин бузук сөздөрү биздин жашообузга кедергисин тийгизбеши керек.Сиз мындан ары ачууга жол бербеңиз.Мен сиздин көздөрүңүздөн мага болгон мээримди,ишенимди көргүм келет.Мен сиздин ошол көздөрүңүздөгү мээримге арбалып,бүт өмүрүмдү сизге болгон ишенимге байлап,сизге турмушка чыгууга,бир түндүктө түтүн булатууга макулдугумду бердим го, — деп Айдай айтып жатты.
Айдайдын бул сөздөрүнө Азаттын жан дүйнөсү элжиреп,эзилип,анын ички дүйнөсүндөгү күмөн түп тамырынан жоголду.Айдайды бекем кучактап:
— Сөз берем, мындан кийин сен эч качан мени ачуулуу абалда көрбөйсүң, — деп Айдайдын ишенимин алды.
Ошол учурда Бакыт жеңилгенин мойнуна алгысы келбей,Айдайсыз каламбы деген күйүтүнө чыдабай,эмне кыларын билбей туталанып.Канаган бети-башын жууп-тазалабастан унаасын зуулдатып айдап,улам ылдамдыкты тездетип,бар болгон күчүн унаанын ылдамдыгынан чыгарып, дайын-дарексиз жакка багыт алды.
Уландысы бар...
18.02.2023.
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 9