Айдайдын оюн курбусу Айдана бөлдү.
— Айдай, баары жакшыбы? Сага эмне болду, көңүлүң түшүп калыптыр?
Айдай жөн гана ийинимди куушуруп,"баары жакшы, эч нерсе деле болгон жок" деп жылмайып койдум.
— Иий,ушинтишиңди билем да.Минтип көңүлсүз отурганыңа жарым саат болду го, эч эле сүйлөбөй калдың.Же чач жасалгаң жакпай калдыбы?Карачы күзгүдөн өзүңдү,сонун жарашып турат.
Жанатан бери ойго чөмүлүп,курбумдун эмгегин баалабай отурганыма ыңгайсыздана түштүм.
— Жок, сонун.Мага жакты.Колуң дарт көрбөсүн, — деп курбумду кучактап,бетинен өөп,ыраазычылык билдирдим.
Айдана кылган иши мага жакканына кубанып, мени кучактады.
— Айдай, сен эч ойлонбо, баары жакшы болот. Көрөсүң го, сен бактылуу болосуң.Азат мыкты эр азамат.Мен Азатка ишенем.Ар дайым жаныңда мен болом, эгер бир кыйынчылык болсо, мени менен бөлүш.Экөөбүз туура жолун табабыз, ээ? Айдай, мен сени жакшы түшүнүп турам,сен коркуп жатасың.Кайрадан турмуш куруу оңой эмес.Бирок бардык нерсе ниетке жараша болот.Ошон үчүн эмне кылабыз? Биз бакытты көздөй жол салабыз ээ,макулбу? Албетте жакшы тилек,ой менен.Кана, курбум, башты бийик көтөр.Сен сөзсүз бактылуу болосуң,мага ишен.Айдананын бул сөздөрүн угуп, ичим жылый түштү.
Ошол учурда Айгүл жеңем:"Келе жатышат,келип калышты", — деп шашып чуркап калды.Мен келгендерди терезеден көрүп,толкунданып кеттим. Жүрөгүм тынчыбай,Айданага:"Мен жашынакай элеминби?Мен аларга жагамынбы?" — деп тынчым кетип,чоочулап турдум.
Айдана:
— Ооба, жагасың.Сен сонун,супсулуу болуп калдың. Мен билем го,сенин сыртың кандай болсо,ички дүйнөң да ошондой.Эч ойлонбо.Баары жакшы болот, — деп менин толкундануумду басууга аракет кылып жатты.
Мен дагы каардуу кайненеге туш болууну каалабадым.Жараткандан ичимден суранып жаттым:"Кайнене-келиндин эмес,эне-кыздай болгон,сырдашкан мамиледе болсок экен"-деп. Анткени биринчи турмушумдун бузулушуна бирден бир себеп кайненем болгон эле.Мени эч жактырбай,өзүнө душман көрүп.Канча "апа" деп аракет кылып,оту менен кирип,күлү менен чыксам да эч эле маңдайы жарылып сүйүнгөн эмес."Дагы да ушундай нерсе кайталанса,мен аны көтөрө албайм го", — деген ойлорду,ойлоп Айдай санаага батты.
Ошентип, узатуу той башталып.Үйдүн ичи бапыр-шапыр, шаңга толуп, майрамдык маанай күчүнө кирип.Эки жеңем мен отурган бөлмөгө кирип келишти."Ай, кыз жүрү биз менен,сөйкө салышат экен.Сени чакырып жатышат".Эки жеңем эки жагыман колтуктап жетелеп жөнөп калышты.Экөө бирдей: "Күйөө бала жакшы өңдөнөт.Жүзү жарык, жадыраган жигит экен", — деп мактап калышты Азатты.
Менин буту-колум титиреп,кобоолжуп бара жаттым.Жеңемдердин сөздөрүн бирин уксам, бирин укпай.Кудалар отурган конок бөлмөгө да келип калдык.Конок бөлмөгө кире электе токтоп калдым,ордумдан жылбай.Жеңемдерге жашка толгон көздөрүм менен:"Айтыңыздарчы,мен туура кылып жатамбы,же туура эмес кылып жатамбы?" — деп сөзүмдүн аягына чыкпай жатып,Азатты көрүп калдым.Экөөбүздүн көздөр чагылыша түштү.Ал оттой жанган көздөрү менен менин оюмду түшүнгөндөй,менден көзүн албай карап турду.
— Ооба, Айдай,сен туура чечим кабыл алдың.Сага эмне болду? Баары жакшы болот,сен эмне,өмүр бою жалгыз өтмөк белең?Жүрү кирели,бизди күтүп калышты.
Ошондо мен өзүмдү сабырга чакырып, толкундануумду басууга аракет кылып,анан бөлмөнүн босогосун "бисмилла" деп аттап, жеңемдердин коштоосунда кирдим.
ЭСКИ ЖАРАТЫН ООРДУ
Жеңемдер: "Мынакей биздин кыз", — деген учурда,Асан агам менин жаныма келип, маңдайымдан өөп:
— Ата-энеси бизге тапшырган аманатты,силерге тапшыруунун алдында айтарым бар.Агам Болот менен жеңем Зыйнаттын жалгызы,алпештеп баккан кызы.Тагдыр экен,бир турмушунан жаза басып,чалынып калды.Мен ал учурда баарын кеч билип,коргой албадым.Биринчи турмушунда жеген запкысынан ден соолугуна зыян келип, карындашым эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, эми төрөр-төрөбөсү белгисиз,күмөн болууда.Бул нерсени силерге бүлө кылып узатар алдында айтууну туура көрдүм.Ошол эски жаратын айтып козгобосоңор.Эгер Кудайым берерин унутпаса, Айдай да силердин келечек урпагыңарды,бул жарыкка алып келээр.Азат айткандыр, Айдайга баарын ачык айт деген элем.
Менин көздөрүмөн мөлт-мөлт жаш куюлуп жатты.Мени көргөн агам менен жеңем да ыйлап калышты.
Ошондо кудалыкка келген коноктордун улуусу:
— Түшүнөбүз куда силердин күйүтүңөрдү,сабыр кылгыла,Азат баарын ачык айткан.Биз кызыңар Айдайды келин эмес,кызыбыз катары кабыл алуу үчүн силердин ак босогоңорду аттап, төрүңөрдө отурабыз, — деди.
Отургандардын баары карыянын сөзүнө кошулуп: "Туура,биз баарыбыз билип келгенбиз.Ал жөнүндө кам санабаңыздар", — деп калышты.
ЭНЕ МЭЭРИМИ
Ошол учурда Азаттын апасы менин жаныма келип:
— Кызым, кана башты бийик көтөр.Сен бактылуу болууга татыктуусуң, — деп саамайымдан сылап, чекемен өөп,көз жашымды сүртүп,мээримине бөлөдү.
Мен эне мээримин сагынган элем,анын мени аяп караган көздөрү,жумшак колдору,жылуу мээрими,жанга жагымдуу жыты да апамдыкындай сезилди.Апаны кучактап көпкө ыйладым.Бир аз убакыт өткөндө өзүмө келип,көз жашымды сүрттүм.Качанкы муздаган жүрөгүмдү жылуулук аралап,жүзүмдө жылмаюу пайда болду.Апа да мени жылмайып карап,көз жашымды дагы да сүрттү.Эмнегедир Азаттан тапкан жылуулук ападан да байкалып турду.Бул мен күткөн эне мээрими менин бүткөн боюмду жылытып,жанатан бери тартып жаткан санаамды басты.
Апа менин көз жашым тыйылып, жадырап жайнап калганымда: "Айсалкын,кел,келе гой", — деп чакырды.Узун бойлуу,ак жуумал келин жаныма келгенинде,апа: "Бул сенин бир тууган абысының болот", — деп аны мага тааныштырды.Тиги келин жаркылдап мени менен учурашты.Апа болсо:"Кана, Айко,сөйкөнү сал,сала гой", — деди.Ал колундагы сөйкөнү менин кулагыма салып:"Бактылуу болгула", — деп менин дагы деле токтобой агып жаткан көз жашымды сүрттүп.
— Эч ойлонбо,сен келин болуп бара турган үй-бүлө Ааламда да жок,апам болсо алтын киши, — деп мени жылмая карады.
Бул жылмаюу менин качандыр бир учурда өчкөн үмүттү ойготуп,адамдарга болгон ишенимди кайрадан жарата алды.Жүрөгүмдүн кан тамырларында бир башкача жылуу сезим жүгүрүп, жан дүйнөм эс ала түштү.Менин бул абалымды сөз менен айтып жеткизе албайм.Мени курчап турган айланамдагы ар бир кыймыл мени бийиктерге жетелеп,көөдөнүмдөгү бөксөөм толуп,кубанычтан төбөм көккө жетип турду.
10.02.2023.
Ушул учурда мени мээримге толгон көздөр курчап,менден ашкан бакыт даамын таткан адам жоктой эле туюлду.Мен ушул күнгө жетүү үчүн канча азапты баштан кечирдим.Мени каптап турган караңгылыктын артында бүлбүл жанган шам чырак ушул тура."Мен эми бул бакыт кушун учурбай кармап калар бекем?" — деген ой менен келип, Азаттын жанынан орун алып,отуруп калдым.
Азат мага акырын гана:"Сени сагындым", — деди. Жылуу сөздөргө көңүлүм жумшарып,көздөрүмө жаш толуп чыкты.
Азат жашымды сүртүп:
— Ыйлаба, кара көзүм,биз сөзсүз бактылуу болобуз.
— Ээ, чын элеби?
— Ооба, чыпчын.
Экөөбүз тең күлүп калдык.
Отурган конокторду менин туугандарым сыйлап жатышты."Бириси алыңыз,ичиңиз", — десе, экинчиси:"Ушу кантип болсун,калтырбай алгыла. Азат менен Айдай күндө үйлөнмөк беле?Булар да эртең эле өз турмуш жүктөрүн артынып,келечек арабасын түртүп,үй-бүлөлүк жашоого сапар алышат.Бүгүн эки жаштын бактысы үчүн майрамдайлы", — деп каалоо-тилектер айтылды. Бири ырдап,бири бийлеп,бири сүйлөп,үйдүн ичин шаңга бөлөп жатышты.
Аңгыча антракт башталып, баары сыртка чыгышты.Үйдө Азат экөөбүз эле калдык.Экөөбүз сүйлөшүп отурсак,агамдын уулу Мирбек келип, Азаттын кулагына бирдемелерди шыбырады.Азат: "Мен азыр келем,сыртта мени чакырып жатышат", — деп,Мирбекти ээрчий чыгып кетти.
Мен аң-таң болуп эле кала бердим."Мирбек Азатка эмнени айтты экен?" — деп оюм онго бөлүнүп,санаам тынчыбай чыкты.Жүрөгүм опкоолжуп,демим кысылып,бир башкача болуп,бир орунда отура албай кеттим."Ким чакырды,каякка кетти?" — деген суроолорго жооп издеп,оюма бир нерсе кылт дей калып,жүрөгүм шуу дей түштү. Курбум Айдананы издеп жөнөдүм.Аны сиңдим Айкеге чакыртып алдым.
Айдана келип,мени көрүп чочуп кетти.
— Айдай,сага эмне болду?
— Билбейм,жүрөгүм бир жамандыкты сезгендей болуп жатат.
— Иий,эмнеге? Азат кайда?
— Билбейм,жаңы эле иним Мирбек келип,сыртка алып кетти.Бирөө чакырып жатат деп...
— Ким? Ким чакырды экен аны,сага айтпадыбы?
— Жок, айтпады,ошого санаам тынбай жатат.
— Азыр сен отура турчу,мен барып билип келейин.
— Макул.Айдана,эрте кел,ээ.
Айдай кайрадан өз бөлмөсүндө жалгыз калды, уйгу-туйгу ойлордун курчоосунда.
Уландысы бар...
11.02.2023.
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 7