❤️
11-БӨЛҮМ. @актуальное😊
Ошондой күндөрдүн биринде, кечке жуук үйгө келген Аскар “баягынын изин таптым” деди. Ал кечээ эле,Кыргызстанга кайтып келиптир.Анын артынан түшкөн мен жөнөткөн балдар.“Бүгүн түшкө жакын шаардан айылына келет дешти”, — деди Аскар. Ал мага Айдайга билдирүү калтырган кишинин дареги жазылган кагазды колума карматты.
Такталган маалымат боюнча, ал кишинин үй-бүлөсү, бала-чакасы бар экен. Аскар экөөбүз дароо ал кишинин дарегин көздөй жөнөдүк. Бир жарым сааттай жол жүрүп, анын үйүнө жеттик. Эшик алдында ойноп жүргөн балдардан: “Бул Арзыматтын үйүбү?” — деп сурасак, балдар жабыла “ооба” деп жооп беришти. Ошол кезде үйдөн бир жаш келин чыкты.
— Саламатсызбы, эжеке?
— Саламатчылык, келиңиздер. Ким керек эле?
— Биз Арзымат акеге келдик. Ал үйдөбү? Мүмкүн болсо чакырып коёсузбу?
— Ооба, үйдө. Азыр чакырам. Арзымат! Арзымат! Эшикке чыксаң, киши келди!
Ошентип, биз издеген киши эшикке чыкты.
— Ассаламу алейкум, аке.
— Валейкум салам, келгиле, жигиттер. Эмне жумуш менен келдиңер?
Аскар:
— Бизде бир гана суроо бар. Ошонун жообун алганы келдик.
Аскар ага үч ай мурунку билдирүүнү эсине салды.
— Сиз Айдайды тааныйсызбы? — деди эле, тиги кишинин өңү купкуу болуп өзгөрүп кетти.
Жанатан бери унчукпай турган элем, чыдабай кеттим. Анын жанына жетип барып, жакасынан алдым.
— Сен билесиңби? Ошол билдирүүнүн айынан менин үй-бүлөм бузулду! Мына бүгүн-эртең жарыкка келем деп турган наристемден ажырадым! — деп үнүм каргылдана чыкты. Ага ызырына: “Мага чындыкты айт! Айтпасаң үйүңдү өрттөп, өзүңдү өлтүрүп, ит-кушка жем кылып, балдарыңды атасыз калтырам. Менин коломтоумдун очогун өчүргөн, мени азапка салган адамды оңой койбойм!” — дедим.
Ал ошондо башын жерге салып:
— Кечир, жигит, мени. Мен андай болорун билген эмесмин, андан кабарым жок болчу. Анда уулум өлүм менен арбашып, биз болсо акчадан кыйналып турганбыз. Уулумдун операциясына чоң суммадагы акча керек эле. Мага бир орто жаштагы аял келип, “Мен сенин уулуңдун өмүрүн сактап калам. Мага бир телефон номери калтырып, ал номерге билдирүү жөнөт. Сен билдирүү калтырган күнү акчаңды колуңа карматып, самолётко билет алып берип, бүт чыгымыңды толугу менен көтөрөм”, — деген. Мен ал учурда айлам кетип тургам, эч ойлонбостон макул болгом. Анткени мага баарынан уулумдун өмүрү кымбат эле. Ошол замат эле билдирүү калтырып, ошол күнү уулумду алып, тигил эженин жардамы менен Россияга учуп кеттим. Кудайыма шүгүр, операция ийгиликтүү болуп, уулум экөөбүз аман-эсен кайтып келдик. Кийин ал эжени таппай калдым, ыраазычылык билдирейин десем, дайын-дарегин сурабаган экенмин. Мен ал ишке уулумду сактап калуу үчүн баргам. “Эч кимге айтпа”, — деген эле. Мен азыр да балдарымдын келечеги үчүн убадаман тайып турам, — деди.
Анан бизден: “Эгер ал эжени таанысаңар, менден салам айтып, кечирим сурап койгула”, — деп суранды.
Анын сөздөрүн уккан мен телефонумду алып чыгып, апамдын сүрөтүн көрсөтүп: “Ушул аял беле?” — десем, ал:
— Ооба, ооба, ушул эже! — деп сүйүнүп кетти.
Мен үн катпай ары басып кеттим. Аскар ага эмне деди билбейм, ал адам жөн гана башын ийкеп кала берди.
Апамдын бул кылганына эч эле акылым жетпеди. Бирөөнүн баласынын өмүрүн сакташ үчүн, сөзсүз менин балам өлүп, үй-бүлөм бузулушу керек беле? Ичимдеги апама болгон ызамды баса албай, унааны жогорку ылдамдыкта айдап жөнөдүм. Аскардын “жай, жайыраак айдасаң” дегенин уккан жокмун. Унааны катуу айдасам, күйүтүм басылчуудай сезилди.
Үйгө заматта жеттим. Атамдын үнү бийик чыгып, апама ачууланып кыйкырып урушуп жатыптыр. Атамдын апама минтип ачууланганын эс тартканы көрө элек болчумун. Алардын сөздөрүн тыңшап калдым.
Атам апама:
— Сени менен кырк жыл жашап, сенин ким экениңди билбепмин. Бир кызды жетим, бир аялды жесир, өз уулуңду бактысыз кылдың. Сен эмне таптың? Кайрадан Кадичаң тирилип, сенин алдыңа келдиби? Жок, тирилип келген жок. Сен өз өмүрүнүн кадырына жетпеген бир тууганыңдын кегин өз уулуңдун тагдырын талкалап алдыңбы? Муну уулуң Бакыт укканда эмне болорун билбейм! Сага наалатым болсун! Мындан ары мен сени менен жашабайм! Ажырашам, уктуңбу?! Бул үйдөн жогол, кет!
Атам кыйкырып, жиндеп жатты: “Биздин маңдай терибиз менен тапкан акчаларды кантип арам иштериңе колдондуң? Мен тигил Батма келип айтпаганда, эч нерсе билмек эмес экем да! Дагы эмнелерди жасайсың, бир кудай өзү билет. Мындан ары мен сенин кылгандарыңды укпайын да, көрбөйүн! Кет, жогол, көзүмө көрүнбө!” — деп бакырып, жүрөгүн мыжыгып жыгылды.
Мен жүгүрүп жетип барып, атамды жерге тийгизбей кармап калдым. Апам “Бакайым, мени кечир, кечир мени!” деп ботодой боздоп ыйлап жатты. Атам апамды уккан жок, өзүн жоготуп, эстен танып бара жатты.
Мен “Атакелеп” бакырып-кыйкырып, “Тез жардам! Тез жардам чакыргыла!” — деп жаттым. Тез жардамды ким чакырды билбейм, сыягы Аскар окшойт, бат эле келип атамды алып кетти. Дарыгерлер атамдын өмүрүн сактап калганы менен, аны кайрадан баштагыдай калыбына келтире алышкан жок. Мен ошентип атамдын оорусу менен бир жарым жыл алыштым. Бирок кантсе да атамды сактап кала албадым, атамды мындан үч ай мурун жоготтум.
Апамды эч эле кечире албай койдум. Апам менен такыр сүйлөшпөй, атамдын өлүмүнө күнөөлөп келем. Апам канча жалынып-жалбарып кечирим сураса да, эч эле жүрөгүм жумшарбай койду.
Атам өткөндөн кийин, мен үйгө агамды үй-бүлөсү менен алып келип, апамдын жанына коюп, өзүм үйдөн чыгып кеттим. Андан кийин Айдайды издеп шаарга бардым, аны тапканымда, кеч калганымды түшүндүм. Ал мага болгон сүйүүсүн жокко чыгарып, башка жанга күлүп-жайнап, бактылуу жүргөнүн көрүп, жанына бара албай, кечирим сурай албай, кайра артка кайтып келе бердим. Бирок турмушка чыгарын ойлогон эмес элем.
Ошол күндөн кийин Айдайды жоготконума ичим күйүп жүргөнүмдө, мына эми бүгүн көрдүм. Турмушка чыгарын билгенимде, Айдайдын мендик болбой каларын ойлосом, мага кең аалам тарып, батпай бараттым. Жашоом бүгүн бүтүп, мен үчүн убакыт токтоп калгандай туюлуп, бир түшүнүксүз абалда олтурганымда, жаныма досум Аскар келип, мага жакын олтурду.
— Сен ушул жерде белең? Сени издебеген жерим калбады го. Жок дегенде мага кабарыңды билгизип койсоңчу. Жүр, кеттик, тур эми, алдагы кебетең кантет. Калыйпа аяш апа сарсанаа болуп жатат. Кандай болгон күндө да, эмне кылса да, ал баары бир сенин апаң го.
Мен Аскарга:
— Досум, кандай апа? Эне ушундай нерселерди кылабы? Акыры мен бөтөн эмесмин го, канынан жаралган баласымын, сен ошону түшүнүп жатасыңбы?
Аскар:
— Болду, дос, эми сабыр кыл. Өткөн өттү, кеткен кетти. Болгону сен алардан сабак ал. Минтип, жинди сууну ичип, жашооңду оңдой албайсың, калган өмүрүңдү талкалайсың. Досум, сен сынба. Күчтүү бол, кайраттан. Бакай аяш атамдын аткарылбай калган армандарын орундатышың керек, — деп, атамды эсиме салып, мени чыйралтты. Анан: “Жүр, кеттик”, — деп, мени колумдан алып тургузду.
Мен кайыңга жөлөнүп туруп, чаңга оонаган кийимдеримди күбүп:
— Дос, билесиңби? Мен ушул сууну жээктеп, ак кайың арасында Айдай менен таттуу күндөрдү өткөргөм. Ага деген алгачкы кадамымды дал ушул жерде, ушул кайыңдын түбүндө жасагам. Аттиң, Айдай да ошол күндөрдү мага окшоп эстээр бекен? — деп оор улутунуп, үшкүрүп алдым.
— Эстейт, кантип эстебесин? Сен анын алгачкы махабатысың. Силердин махабатка мына мен өзүм күбө болгом! — деп, мени жооткотту.
Биз унаага олтуруп, Айдайды көздөй жөнөдүк. Жок дегенде бир көрсөм деген үмүт менен. Ушундай учурда досуң болгон да жакшы тура деп, мен өзүмчө ичимден Аскарга ыраазы болуп бара жаттым. Ал мени издебесе, таппаса, ким билет, ал жерде дагы канча өзүмдү жемелеп, жемелеп олтурмакмын.
Айдайдын агасынын үйү коңшу айылдын чоң көчөсүндө эле. Айдайдын үйүнө жакындаган сайын жүрөк ооруп, көөдөн өксүп баратты. Үйгө жакындаганда унаанын ылдамдыгын азайтып, жай айдап өтүп бара жаттым. Эшик алдында эл көп, музыканын үнү бийик чыгып, ары-бери чуркаган кызмат кылган кыздардын баарынын маанайы көтөрүңкү экени байкалып турду.
ТОЙ КҮНҮ
Айдай:
Күзгүнүн алдында, ак көйнөк кийип олтурган элем. Курбум Айдана чач жасалгамды жасап жатты. Оюма Бакыт түштү. Анын кечээки абалы көз алдыма элестеди. Мурдагысынан бир аз азып калган. Көздөрү күлүңдөбөй, жалбырап, сөздөрү жүрөк оорутуп турду. Эмнегедир ага боорум ооруду. Канткен менен, менин алгачкы махабатым, алгачкы өпкөн ысык демим эле. Анда ким ойлоптур мындай болот деп? Эч оюма да келген эмес, эки ажырым жолго түшүп, аны жек көрүп калам деп.
Эми минтип тагдыр экен, биздин насибибиз үзүлүп, такыр эле башка адам менен өмүр жолумду улап олтурам.
Уландысы бар...
08.02.2023.
Кундуз. Б.А.🫰
#Чыныгытурмуштанбирүзүм😊
#ушугонжурок_элдик
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6