Калыйпанын санаасын байкаган Ажар:
– Билбейм, жеңе, Айдай сизге эмнеге жакпай койду? Жакшы бүлөө, эстүү келин эле. Мен Айдай менен Бакыттын бирге болуусун аябай каалагам. Эми Бакытты караңызчы, кандай бала эле, эми кандай болуп калды? Чынында Бакыттын абалын көрсөм, жүрөгүм аябай ооруйт, – деди.
Ошондо Калыйпа чыдабай буркурап ыйлап жиберди.
– Кана эле кайрадан чогуу болушса! Менин да санаам тынат эле. Эми Айдай бизди кечирбейт го…
Көз жашын көл кылып, өкүнүүдөн туталанып алды да, көз жашын аарчып, заматта баягы муздай жүзүн калыбына келтирип, бир жерди тиктеп телмире отуруп калды.
АЙДАНАНЫН КАТАМАСЫ
Айдай айылга келип, Бакыттын атасы Бакайдын көзү өткөнүн угуп ыйлап алды. Ал жакшы киши эле. Андан бир жамандык көргөн эмес. Дайым айланып-кагылып, Айдайды мактаныч тутчу. Айдайдын ар бир ишине канааттанып, аны мактап, жактачу. Өзгөчө анын жасаган каттамасын аябай жакшы көрчү. Суранып жасатып, “Апамдын каттамасындай” деп жечү. Айдай да кайнатасы үчүн бат-баттан каттама жасап берчү.
Айдай бүгүн да каттама жасады. Жеңеси Айгүлгө чогуу барып, бата кылып келели деп өтүндү. Жеңеси бир аз кыйылып отуруп, айласыз макул болду. Айдай каттамасын алып, жоолугун салынып, Бакыттын үйүнө келе жатты.
Бир саат аралыгында Бакыттын үйүнө да жетип келишти. Айдай акырын келип, Бакыттын үйүнүн каалгасын тыкылдатты. Бакыттын жеңеси Барчын эшик ачып, Айдайды көрүп сүйүнүп кетти.
– Ой, Айдай, кел, келе гой! Кандайсың? – деп, кучактап өөп учурашты. Эмнеге келгенин да түшүндү, колундагы каттаманын жытынан сезип. Алар да учурашып, ичкери киришти.
Айдайды көргөн Калыйпа менен Ажар ордунан тура калышты.
Ажар:
– Келгиле, келгиле, – деп барып, алардын алдынан тосуп чыгып учурашты.
Айдай Калыйпаны караса, ал биринчи жолу Айдайды жылуу тосуп алды.
– Кел, кызым, – деп Калыйпа Айдайга төрдү көрсөттү.
Айдайдын эмне үчүн келгени Калыйпага белгилүү эле. Анткени жолдошу Бакай Айдайды аябай жакшы көрчү, өзгөчө Айдайдын жасаган каттамасын тамшанып жечү. Айдай көтөрүп келген каттама Калыйпанын эсине Бакайды салды. Бакайды эстеген Калыйпа көзүнө жаш алды.
Айдай жеңеси менен төргө өттүп. Айдай акырын үн катты.
– Биз атама Куран түшүргөнү келдик эле, – десе, Калыйпа келини Барчынга:
– Небереси Акайды чакыр, чоң атасына Куран окусун, – деди.
Небереси Акай келип, Куранды кырааты менен окуп жатса, Калыйпа Айдайдын көзүнө жаш алганын байкады. Жүрөгү зыркырап, ичинен:
"Кызым ай, бул үйдө сенин канча көз жашың төгүлбөдү! Мына бул каткан жүрөгүм Кадичамды жоктоп, өч алууну гана көздөп туруп албадыбы!" – деп кейип, сыртынан буркурап ыйлап алды.
Куран да окулуп бүтүп, дуба кылып, баары алакан жайып бата кылышты. Бир-эки чыны чай ичкенден кийин Айдай жеңеси экөө аларга "Кайрат кылыңыздар" деп, оордуларынан туруп, коштошту. Аларды Барчын узатып чыкты.
ЖОЛУГУШУУ
Айдай Барчын менен коштошуп бурулганда, ары жактан бир унаа келип, алардын жанына жакын токтоду. Унаанын эшиги ачылып, ичинен Бакыт түштү. Айдайды көргөн Бакыт саамга эмне кыларын билбей, бир ордунда каккан казыктай катып калды.
Бакыттын жүрөгү тилинип тыз-тыз деп жатты. Азыр эле досу Аскардан Айдайдын келгенин, анан турмушка чыгарын да угуп, айласы куруп турганда, мына минтип Айдай алдынан жарк этип өзү чыгып турат. Айдайды көргөн Бакыт “Кантип эле мени унутту? Башкага мени кантип алмаштырганы жатат?” деген ойлордун курчоосунда калганда, анын оюн Айдайдын сөзү бузду.
– Кандайсыз, жакшысызбы? Атаңыз Бакайды уктум. Жакшы киши эле, мен аны абдан жакшы көрчүмүн. Арты кайырлуу болсун, сизге сабыр тилейм деп.
Анан жеңеси экөө ары басып кетишти.
Бакыт тилден калган немедей, аларды узата көпкө карап турду. Ичиндеги ызаасына чыдабай, Айдайды жоготконуна көзү жеткендей болуп, кылчайып карап койбой кетип бараткан Айдайды карап, ичи өрттөнүп күйүп баратты. Өзү эч ойлогон эмес эле, Айдайды көргөндө ушундай абалда калам деп.
Айдай алыстап баратканда, анын атын кантип атап жибергенин сезбей да калды. Бирок Айдайы карабады. Акыры чыдабай кетип, артынан жүгүрүп барып, карылуу колдору менен анын жумшак колдорунан кармап, Айдайды өзүнө жакын тартты. Айдайдын көздөрүнөн мурунку аны жакшы көргөн көз карашты издеди, бирок таппады. Ичин куйкалап жаткан ызаасын,кызганычын баса албай, мукактана сүйлөдү.
– Айдай, сенде сөздөрүм бар. Экөөбүз сүйлөшөлү, ээ? Макул де, макул дечи, суранам.
Айдай Бакыттын колдору дирилдеп турганын сезди. Андан колун тартып алууга аракет кылды. Колун бошото албасына көзү жеткен Айдай:
– Колумду коё бериңиз, менин сиз менен сүйлөшчү сөзүм жок. Сүйлөшүүнү да каалабайм. Колумду оорутуп жатасыз, коё бериңиз! – деп, ачуулана аны карады.
Ошондо Бакыт бир аз бошотконсуду, бирок коё бербеди. Бакыт мындан башка мүмкүнчүлүк болбосун сезди. Анан Айдайды жетелеп, унаасына жөнөдү. Айдайдын жеңеси Айгүл:
– Коё бер кызды! – деп, Бакыттын жолун кесе чыга калды.
Бакыт:
– Кечиресиз, жеңе, менин Айдайга айтарым бар, – деп Айдайды көтөрүп жөнөдү. Жанатан бери унаа ичинде буларды карап отурган Аскар унаадан түшө калып, унаанын эшигин ачты. Бакыт Айдайды унаа ичине салып, унаасын кайдадыр айдап жөнөдү.
Зуулдаган унаа айыл сыртындагы чоң суунун боюна келип токтоду. Бакыт бир топко чейин үнсүз отурду. Ичиндеги буркан-шаркан болуп жаткан сезимдерин басууга аракет кылып, анан Айдайга карап, дирилдеген үнү менен:
– Качан келдиң?
Айдай жай гана:
– Бүгүн келдим, – деп, Бакыт тарапты карап да койгон жок.
Айдайдын бул көңүлкоштугу Бакыттын жүрөгүн оорутту. Бакыт дагы өзүн жыйнап, араң үн катты.
– Турмушка чыгасыңбы?
– Ооба.
– Качан?
– Эртең.
– Кимге?
– Жактырган адамыма.
– Ал адам ким?..
Айдай жооп кайтарбады. Бакыттын жини келе түштү.
– Мен сага ал ким деп жатам? – деп үнүн өктөм чыгарды Бакыт.
Айдайдын да жини келе түштү.
– Сиздин аны сураганга укугуңуз жок. Эсиңизде болсун, сиз экөөбүз ажырашканбыз. Ал менин жакшы көргөн адамым, мен сизге түшүндүрө алдымбы? Эми эшикти ачыңыз, мен кетейин, – деди Айдай.
Бакыттын ичи күйүп, сөз таба албай калды. Анан аздан соң:
– Аны эсиме салбай деле койсоң болот, ажырашканыбызды. Эгер билсең, Айдай, ошол ажырашуу кагазын сен жөнөткөнсүң. Аны мен кантип унутайын?
Эмнегедир Айдай уккан кулагына ишенбей, күлкү, ый аралаш сүйлөдү.
– Демек, аны мага сиз эмес, мен жөнөткөн экем да, ээ? Билем, ансыз да сиз күнөөнү тез эле башкага оодара саласыз. Макул, мен жөнөткөн болоюн. Мен балабыздан ажырап, кан жутуп отурганымда, сиз эмеспи менден баш тарткан? Сизди качан келет деп күтүп жатканымда, мага сиз эмес, ажырашуу кагазы келген. Анан мен эмне кыла алмак элем? Ал учурда ыйлап-ыйлап кол коюп бергем.
Анан Айдай унаанын эшигин ачып, жерге түшүп баратып:
– Эми мындан ары менин жашоомо жолтоо болбоңуз. Бир ирет бактыма балта чапкансыз, экинчи ирет аны кайталоого мен жол бербейм. Мен баарын билем, менин ата-энемдин өмүрүнө коркунуч жаратып, алардын өлүмүнө мына, сиз, сиздин апаңыз себеп болгонун. Мен сизди, силерди жек көрөм! – деп, унаанын эшигин тарс эттире жаап, түшүп кетти.
Бакыт Айдайдын артынан барайын дегенде, Айдайдын агасы Асан да жетип келип калды. Айдайдан сурап жатты:
– Баары жакшыбы, сага эч нерсе кылбадыбы?
– Эч нерсе кылбады, баары жакшы, – деп Айдай агасы Асандын унаасына барып отурду.
Айдайдын агасы Асан Бакытка келип:
– Эй, бала, соо жүргүнүң. Айдай үчүн сен мындан ары жоксуң.Эгер Айдайга бир нерсе кылчу болсоң, алдыңдан мен чыгам, уктуңбу?! Ай, ушу атаңды гана сыйлайм, болбосо... – деп, колун шилтеп басып кетти.
Уландысы бар...
06.02.2023.
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 15