– Айдай эжеке, сиз билесизби, мен кимге байдым?
– Жок, билбейм, кана айтчы, кайда, кимге бардың?
– Мен чоң энеме байдым. Чоң энем мага көп куйут бейди. Ал менин куйут жакшы көйөйүмдү билет да, айтайынбы, ал мен үчүн өз колдойу менен жасап коюптуй. И-ий, айтмакчы, мага Йинат байкем жакында той болот деди го.
Ошол учурда Азат сөзгө аралашты.
– Чү-үш, айтпа, ал сыр дебедим беле.
– Ой! – деп Алия эки колу менен оозун жаап, – Унутуп калбадымбы! – деп кыт-кыткылыктап күлүп калды.
– Мага да айтканга болбойбу? – десем, Алия:
– Атаке, айта бейейинчи, бейейинчи? – деп сурана баштады.
Азат Алиянын мурдунан акырын чымчып:
– А-а-ай, и-и-ий, ушунтесиң да анан.Макул, айта бер.
– Уйаа! Уйаа! – деп Алия алаканын чаап сүйүнүп, кулагыма шыбырады: – Атам үйлөнөт экен. Бирок мен аны түшүнбөдүм, эмнеге той экенин. Сиз билесизби?
– Мен жок, билбейм, – деп башымды чайкадым.Калп айтканыма уялып.Бетим албырып кызара чыкты. Алия Азатка суроолуу карап:
– Атаке, сиз айтыңызчы, ал эмне той? Суйанам, суйанам, атаке! – деди.
Азат:
– Кел, кызым, – деп Алияны чакырды. Алия менин кучагымда эле. Ал Азатка чуркап барды. Азат аны алдына алып:
– Алия, сен айтчы, Айдай эжекеңди жакшы көрөсүңбү?
– Ооба, аябай, аябай! – деди Алия.
Анда Азат:
– Мен Айдай эжекеңди чоң энеңе келин кылып алып барам. Анан биздин үйдө келин той болот.
Алия азга унчукпай ойлоно калды.
– А-а, мен эми түшүндүм! Сиз Айдай эжекени жакшы көйөсүзбү?
– Ооба, мен Айдай эжекеңди жакшы көрөм. Сен да жакшы көрөсүң го, ээ? Биздин үйдө келин той болгондон кийин, Айдай эжекең биз менен чогуу, биздин үйдө жашайт. Сен ошону каалайсыңбы, кызым?
Алия Азаттын алдынан секирип түшүп чуркап:
– Уйаа! Уйаа! Азода апа, Азода апа, атам менен Айдай эжекенин тоюу болот экен! – деп үй ичинде сүйүнүп тызылдап жүгүрдү.
Мен акырын:
– Алия, абайла, жыгыласың! – деп, Алиянын артынан жөнөдүм. Анын көздөрүндөгү кубанычы мага да сүйүнүч тартуулады.
Мен бакчада Алия менен аябай ойноп жаткам. Алия божурап суроо артынан суроо берип жатты. Мен бирине жооп берсем, экинчисине күлүп, "Мынча таттуу кызсың! Мен сени жанымдан артык жакшы көрөм го!" дедим, ичим эзилип.
Алия:
– Мен дагы сизди жакшы көйөм, – деп, менин узун чачтарым менен ойноп жатып: – Айдай эжеке, сиз атамды жакшы көйөсүзбү? – десе болобу.
Ошондо биздин ойногонубузду карап отурган Азат бизди тыңшап калды. Азатты байкаган мен аны жылмая карап, Алиянын кулагына акырын шыбырадым. Алия кыт-кылыктап күлүп калды. Азаттын ичи бышып кеттиби, айтор, биздин жаныбызга келип отурду.
– Кана, кызым, айтчы мага, Айдай эжекең эмне деди?
Мен ошол замат Алияга:
– Чү-үш, айтпа, ал экөөбүздүн гана сырыбыз болот, – десем, Алия көздөрүн жайнатып, атасына айтпайм деп башын чайкап, мен тараптык болуп:
– Бул кыздардын сыйы, сизге укканга болбойт, – деди.
– А-а, ошондойбу? Анда мага уул керек, – деп, мени көзүн ойноктотуп карады. Менин заматта бетим кызарып, албырып күйүп чыкты. Аны байкаган Азат мени кучагына алып,чекемен өөп койду. Бизди көргөн Алия “Ой!” деп колу менен бетин жаап, кыт-кыткылыктап күлүп жатты. Алияны көргөн биз да күлүп калдык. Азаттын мындай мамилесине ичим жылып, анын көкүрөгүнө башымды жөлөп, эркелей отурдум.
Алия биздин жаныбызда кужурап сүйлөп жатып, акыры уктап кетти. Азат аны акырын түздөп, төшөккө жаткызып, үстүн жаап:
– Бул тентек кыз – Жанарадан калган белек. А сен болсо ата-энеңден калган мага аманатсың. Мен эми калган өмүрүмдү силер деп улантам, – деп, мени жылуу кучагына алды.
Мен деги үшүгөн жүрөк аны сезгендей, дене-боюм жибигендей туюлуп, ошол учурда өзүмдү эң бактылуу сездим. Азат экөөбүз көпкө сүйлөшүп отурдук.
Мен ошентип эртеси айылга сапар алдым. Азат эки күндөн кийин ата-энеси, туугандары менен менин колумду сураганы, Асан агамдын алдынан өткөнү келмек болду.
АЙЫЛ
Калыйпа бүгүн күндөгүдөн ойлуу эле. Өткөн күндөрүнө сереп салып, бакчада отурган. Эмнегедир сиңдиси Кадича эсине түштү. Ал баягы кара баскан күнү эжесине келип:
– Эже, эгер мен бул өмүрдөн узап кетсем, менин кегимди аласыңбы? – деген эле.
– Сен эмне деп жатасың, жинди болдуңбу? Өмүрдөн узап кетем дегениң эмне? Оң-тетири сүйлөбөй, жөн жүр! – деп урушуп койбоду беле.
Кадича өз өмүрүнө өзү кол салып, бул жашоодо жок болот деп, такыр жүз уктаса, оюна да, түшүнө да кирген эмес. Кадичанын жок болгонуна чыдабай, анын кегин алам деп жүрүп, канча адамдын өмүрүнө зыян келтирип алганын ал учурда түшүнгөн эмес.
Мына, минтип уулу Бакыт да бактысыз болуп калды. Бакыт эр жүрөк, күчтүү, эрктүү эле. Анын минтип бир учурда турмушунан сынат деп ойлогон эмес Калыйпа.Айдайдын кеткенине мына быйыл күз айларында эки жыл толот.
Бирок Айдай кеткенден бери Бакыт бир да жылмайып, шайдоот, көңүлдүү жүргөн жок. Дайым ойлуу, жүзү муңайып, кайгы басып, мурункудай апалап, аны айланчыктабай, алыстап да кетти. Балдарынын арасынан Бакыт апасына өзгөчө жакын эле. Өч алам деп жүрүп, уулу Бакыттын бактысына балта чаап алганын кеч түшүнүп.Азыр өкүнсө да баары кеч. Мурдагыдай жашоого да кайтып бара албайт. Же балким сиңдиси Кадичанын жоктугуна моюн сунуп, анын өлүмүн кабыл алганда,уулу Бакыт бактылуу болор беле?
Калыйпанын Кадича көптөн күткөн бир боору эле. Апасы Уулбү төрөй албай жүрүп, Калыйпа 15 жашка чыкканда төрөгөн. Калыйпа сиңдисин көзүнүн карегиндей көрүп, аны бапестеп, апасынан талашып жүрүп багып чоңойткон. Ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп, аны өз жанынан артык көрчү. Капысынан аны жоготуп алган азабына чыдабай, ойлонбой көп ката кетирип, канча адамдын өмүрүн кордука салды. Бирок ал нерсе Кадичанын ордун толуктай албады.Тескерисинче, Калыйпанын жашоосуна терс таасирин тийгизип, азыркы учурда бармагын тиштеп өкүнүп отурган чагы.Анысы аз келгенсип, жолдошу Бакайдан да ажырап калды. Жолдошу каза болгонуна туура үч айдын жүзү болду. Жолдошу Бакайдын өлүмү анын кылган ишинин кесиринен болду.
Калыйпанын эсинде.Бир күнү эле Бакай эшиктен ачууланып үйгө кирип келди.
– Сен кандай адамсың? Сен деги адамдардай жашай аласыңбы?! – деп, ачуусу менен Калыйпаны жаактан ары чаап жиберген эле. Ал Бакайдын биринчи жана акыркы жолу кол көтөрүшү болду. Жаагы ысып, эмне болгонун түшүнбөй калган Калыйпа:
– Сага эмне болду? Сен кантип мени урдуң? Мен сага эмне жамандык кылдым? – десем эле, Бакай:
– Жамандык башкага эмес, мага кылсаң болмок. Сен кантип ошончо адамдын өмүрүнө кол салдың? Андай ишке кантип дитиң барды, акмак?! Менин кашыктап тапкан кадырымды чөмүчтөп төкмөй болдуң го! Сен эмне, адамдан жаралган жырткычсыңбы, ия деги?! Мен түшүнө албай жатам, ким менен жашап жатканымды. Бул сенин кылгандарың акылга да сыйбаган нерсе го! – деп, көкүрөгүн мыжыгып жыгылган эле. Ошондон кийин бир жарым жыл төшөктө жатып көз жумду.
Калыйпа ошондо кана катасын түшүнүп, көзү ачылды. Катасын түшүнгөнү түшүндү, бирок кайрадан баарын баштоого анда кеч эле. Жолдошу менен жашаган 40 жылдык өмүрү бир заматта ойрон болуп, таянган тоосу кулап, кучагы бош калды. Ушундай ойлордун курчоосунда калган Калыйпа абысыны Ажар жанына келип калганын байкабай калды. Ажардын “Жеңе, жеңе” дегени анын оюн бузуп, көңүлүн бурду. Ойго чөмүлгөн Калыйпа абысынын көрүп эсин жыйнап, ага карады.
– Кандайсыз, жеңе? Ден соолугуңуз жакшыбы?
– Жакшы, Кудайга шүгүр. Кел, отур, жөн жай эле келдиңби?
– Ооба, жеңе, жөн жай эле, ал-акыбалыңызды сураганы эле.
– А-а, анда жакшы. Ай, келин, чай алып келчи, – деп Калыйпа үн катты.
– Азыр, апа, мына баратам, – деп келини Барчын заматта дасторкон жайды.
Калыйпа сезип турду, бул Ажардын жөн келбегенин. Чай куюп жаткан келинине:
– Биз өзүбүз куюп иче беребиз. Сен бар, ишиңди кыла бер, – деп, чай куюп, Ажарга сунуп: – Кел, нанга кара, – деди.
Ажар бир нерсе айтайын деп барып:
– И-ий, ичип жатам. Сиз дагы чай ичсеңизчи, – деди.
Ажар Бакайдын иниси Атайдын аялы, Калыйпанын бир тууган абысыны. Ажардын бир нерсе айтайын дегенин байкаган Калыйпа:
– Эмне айтайын дедиң эле, айтсаңчы, кишини кыжалат кылбай, – деди.
Ошондо Ажар:
– Тиги,тиги, келиниңиз Айдай шаардан келиптир го. Эртең Асандын үйүнө жуучу келет экен, Айдайдын колун сураганы, – деп калды.
Калыйпанын башынан ылдый бирөө муздак суу куюп жибергендей эле болуп, чыйрыгып үшүп чыкты. Анан сыр билгизбегенге аракет кылып:
– Келсе келет да, мага анын эмнесин айтып жатасың? – деди ачууланып.
– Мен жөн эле укканымды айттым, – деп унчукпай калды Ажар.
Калыйпа уйгу-туйгу ойлорун баса албай, уулу Бакытты ойлоп оор үшкүрүп, “Эми уулум Бакыт эмне болот?”-деп санаага батты.
Уландысы бар...
06.02.2023
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 8