"Сиз сулуу экенсиз. Менин апам сыяктуу. Менин апам да абдан сулуу. Тиги текчеде турган апамдын сүйөтү, каясаңыз", – деп кичинекей колдору менен көрсөттү.
Сүрөттө жагымдуу жылмаюусу менен, ак жумал, көздөрү жайнаган келин турду.
Мен Алиянын чачынан акырын сылап: "Сен апаңа окшош экенсиң", – дедим. Алия өзүнчө кудуңдап алды да: "Атаке, мен чоңойгондо апамдай болом, ээ?" – деди.
Азат мээрим толгон көздөрү менен Алияга карап: "Ооба, кызым, сен апаңдай сулуу, акылдуу кыз болосуң", – деп жылмайды.
"Айдай эжеке, апам бизди бийиктен, асмандан каяп туят, анткени апам бейиштик болуп учуп кеткен", – деди да. Азаттын колдорунан жетелеп, быйтыңдап майда-майда басып жөнөдү. Азат мага карап кол жаңсап "жүр" деп ишарат кылды. Мен алардын артынан сөздөрүнө кулак салып жөнөп калдым.
"Атаке, Азода апа сиз жакшы көйгөн тамакты жасады. Мен сизди күтүп жаткам, чогуу жейли деп.
Сиз билесизби, ал эмне тамак?"
"Жок, кызым, билбейм. Ал эмне тамак, сен айтчы".
"Ал байго, алчы оёмодо, ошону да билбейсизби, билесиз, алдабаңыз", – деп божурап сүйлөп бара жатты.
Биз ашканага кирип келдик.
"Келиңиз, Азат Асылбекович, тамак даяр. Алия сизди күтүп тамак жеген жок, курсагы да ачып калса керек. Тамакты жей бер десем, такыр көнбөй койду", – деди Азода эже.
"Макул, Азода эже, ырахмат сизге, бара берсеңиз болот, сиз бошсуз", – деди Азат.
Мага карап учурашып, орундуктун бирин көрсөтүп Азода эже чыгып кетти.
Мен акырын отуруп, атамды эсиме түшүрдүм. Биз да апамдан ажырап. Чоң үйдө ээнсиреп калган элек. Менин атам да кудум Азаттай болуп болгон мээримин мага төгүп, кабак-кашыма карап, такыр катуу айтпай үзүлүп түшүп отурчу эле. "Эми кайда, боз топурак алдында, муздак жайда жатат". Өз оюм менен алек болуп жаткан менин көздөрүмө жаш толуп чыкты, мындай абалымды билгизбөөгө аракет кылып, көздөрүмдөн куюлуп аккан жашымды сүртүп жатсам.
"Айдай эжеке, сиз ыйладыңызбы? Бизге таарындыңызбы, биз сизди капа кылдыкпы?" – деп, суроо артынан суроо узатты.
"Жок, таарынган жокмун. Менин да ата-энем периште болуп учуп кетишкен. Болгону алар эсиме түштү". Алия Азаттын алдынан түшүп келип, менин токтобой агып жаткан көз жашымды кичинекей колдору менен аарчып жатты.
Мен анын мээримдүү жүзүнөн акырын өөп. "Болду, мен ыйлабайм", – деп өзүмдү жыйноого аракет кылдым. Азат: "Ичип алчы", – деп чыныга суу куюп сунду. Ичимде чогулуп калган буктун баары чыктыбы, айтор, кыйла жеңилдеп калдым.
Биз чогуу көңүлдүү тамактандык. Анан бата кылып, алар конок бөлмөгө чыгышты. Мен ашканада калып, идиш-аякты жууп, жыйнап чыксам. Алия Азаттын колунда уйкуда экен. Азат аны көтөрүп, өз бөлмөсүнө жаткызганы конок бөлмөдөн: "Мен азыр келем", – деп чыгып кетти.
Мен бөлмөдө текчеде турган сүрөттөгү келинди карап, аз өмүр сүрсө да бактылуулук жүзүнөн көрүнүп турганына суктана карап ойго чөмүлдүм. Азат жаныма качан келгенин байкабай калдым. Ал менин ойлуу турганымды көрүп, чоочутуп албайын деп акырын үн катты.
Эмнелерди ойлоп жатканымды, анын жүзүндөгү жылмаюусу унуткарды.
"Алия уктадыбы?"
"Ооба, уктады. Сени менен ачык сүйлөшөйүн дегем".
"Айта бериңиз, угуп жатам".
"Алгач отуруп алалы, ээ?"
"Иий, макул", – деп күлүп калдым. Экөөбүз орундуктарга отуруп. Бир саамдан кийин сөзүн баштады: "Менин келинчегимдин каза болгонуна быйыл үч жылдын жүзү болду. Алия төрөлгөн күнү анын апасынан ажырагам. Бир кубаныч, бир өкүнүч бар, айла жок экен, кантебиз, өмүр өтүп жатат, жашоо улаганга аргасызбыз. Билбейм, мүмкүн Алия болбогонунда мен эмне болмокмун. Менин өмүр сүрүп кетишимдин себеби да Алия".
"Мен сени көргөн күндөн баштап, жүрөктө бир жылуу сезим пайда болду. Сени өзүмө жакын көрөм, жашым менин 35ге келип калды, жаш эмесмин. Эгер сен макул десең, сага баш кошуп, бир түндүктө түтүн булаткым келет. Сенин оюң кандай? Шыр жооп бербе, ойлон, "жок" деген сөзүңдү угуудан корком. Анткени мен сенин "жок"' дешиңди каалабайм. Жакшылап ойлон, мен сенин "ооба", "макул" дешиңди канча болсо, ошончо күтүүгө даярмын. Болгону сенден өтүнөрүм, "жок" дебе, макулбу?" – деди аяр көздөрү менен мага карап.
Эмнегедир билбейм, жүрөгүмдүн дүк-дүк эткени сыртка чейин угулуп жаткандай сезилди. Өзүмдү түшүнө албай турдум, анан: "Ойлоноюн, мен азыр мындайга даяр эместигимди", – айттым.
Бирок ичимден Азатты жоготуп алуудан коркуп турдум. Ичим уйгу-туйгу сезимдердин курчоосунда калды. Анан дароо эле: "Мен үйгө барайын", – деп жеткирүүсүн өтүндүм. Азат макул болуп, бирок:
"Жообуңду күтөм, билгин сен мага жагасың. Мен сени жакшы көрөм", – деп мени өзүнө тартып, маңдайыма акырын өөп койду.
Мындайды күтпөгөн менин бетим албырып, аябай уяла түштүм. Бүт дене боюм дирилдеп чыкты. Кетүүгө камданып, шашып калдым. Менин бул абалымды көргөн Азат, мени өзүнө каратып алып: "Мени кечир, сенин алдыңда мен өзүмдү башкара албай кетем. Сени жакшы көргөнүмдөн улам болсо керек", – деп актана баштады. Жөн гана башымды жерге салып, көздөрүмдү андан ала качтым, уялганымды билгизгим келбеди.
Уялганымды көргөн Азат өзүнчө жылмайып алды да: "Жүр анда жолго чыгалы", – дегенде, ошону эле күтүп тургандай шашыла эшикке чыктым. Азат мени үйгө жеткирип келип, мени менен жылуу коштошуп анан кетти. Үйгө келгенден кийин, менде сүйүнүчтүн көз жашы агып, ата-энемдин сүрөтү гана ага күбө болду. Бүт дене боюмду жылуулук каптап, эртеңиме үмүт пайда болуп, Азат үчүн, Алия үчүн өмүр сүргүм келди.
Бирок эмнегедир менин денеме сиңип калган жалгыздык, коркунуч ойлорумду өзгөрткүсү келди. Өз бөлмөмө кирип, жумшак керебетиме боюмду таштап, көктү карап, ойго баттым. Өзүмө суроолорду бердим: "Мен жакшы кылдымбы? Билбейм, бирок ишенүү керекпи, жокпу? Адам өмүрүндө бир чалынып, жыгылган жерди кайра баспоого аракет кылат го. Менде жүрөгүмдө дагы деле коркуу бар, бүт өмүрүмдү ага арнасам, кайрадан баягы күндөр келбес бекен, жүрөгүндөгү мага болгон сезимдери өчпөс бекен?" – деген ойлорду ойлоп көпкө жаттым.
Кимдир бирөө менен сүйлөшкүм келди, бирок ким менен сүйлөшөм, кимге айтам? Бакыт менен ажырашкандан бери, мен туңгуюкка түшүп, жакын курбуларым менен да сүйлөшпөй кеткем.
"Бир учурда эч кимди теңсинбей жүргөн кыз, мына минтип мусапыр болуп калыптыр", – деген сөздөрдөн качтым. Ансыз деле ар кандай сөздөр айтылды, мени азапка салган, мен аларга чыдабайт элем. Ошондон улам такыр мени тааныбаган адамдар менен аралаштым, эч ким тааныбаган чөйрөдө болгон элем.
Менин мектепте окуп жүргөнүмдө классташ кызым Айдананы издей баштадым, телефон менен сайттардан анын аты-жөнүн жазып. Ал мен ажырашып, азаптарда жүргөнүмдө дайым акыбалымды сурап, мен ыйласам кошо ыйлап жанымда болгон эле. "Башыңа кайгы түшкөнүңдө, кимдин ким, кандай экени билинет тура".
Мен аны Одноклассникиден таптым. Үй-бүлө курган экен. Достук шилтеме жөнөттүм. Сүрөттөрүн карап отурсам, мектептен экөөбүз чогуу түшкөн сүрөттөрдүн бирин: "Курбум, сени аябай сагындым", – деп киргизип койгон экен. Мени сагынган, жакшы көргөн дагы бир адам бар экенине абдан кубандым. Көрсө мен да аны сагыныптырмын.
"Салам, кандайсың Айдана? Бул мен Айдай", – деп билдирүү калтырдым. Көп өтпөй эле жооп келди.
"Жакшы, жаным Айдай, кандайсың, кабарсыз кеттиң го, каяктасың?"
"Шаардамын".
"Иий, жакшы болбодубу, мен дагы шаардамын, жакшымын, жолугушалычы".
"Макул".
Экөөбүз жолугушууну дем алыш күндөрүнө белгиледик.
Мен Айдана менен сүйлөшүп жатсам, Азаттан мага билдирүү келди.
Уландысы бар...
06.02.2023.
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 11