Мен Асылдын мынтип айтканын туура көргөн жокмун. Эмнеге сен үчүн жамандыкка даяр турган курбуң үчүн өз бактыңдан баш тартышың керек?
Бирок ал жерден Асылга бул сөздөрдү айта албадым, анткени Кадича бар болчу. Аны баары бир Болот жакшы көрбөйт эле. Кадича Болотту да, өзүн да, Асылды да бактысыз кылган жатат.
"Мындай өзүмчүлдүк кылбоосу керек эле", – деп ойлондум да, ошол замат акырын эшикке чыгып кеттим. Дароо эле Болотко айтууну чечтим. Маратка жолугууга жөнөдүм. Маратка бардык чындыкты айттым, эмнегедир ал үчүн менин айткандарым жаңылык болгон жок.
"Сен билет белең, Кадичанын Болотко сезимдери бар экендигин?" – десем, Марат жөн гана баш ийкеди.
Бир нече убакыт ойлонуп туруп, анан гана: "Кадича кызык экен, анда намыс деген жокпу?" – деп Марат ачууланды. "Ага Болот айтты го, сезимдери жоктугун жана болбостугун. Мен аны түшүндү го деп ойлогон элем".
Анан экөөбүз кеңешип, бул болуп өткөн окуяны Болотко айтууну чечтик. Ал тезирээк аракетин кылсын деген ойдо. Ал кезде биз акыркы курсту аяктап, экзамен, зачётторду тапшырып жүргөн элек. А Марат менен Болот окууну аяктап, иштеп баштаган, турмуш жолуна аттанууга даяр эле. Алардын бири-бирине болгон таза сезимдери эмне болмок, бир Кадича деп жокко чыгарууну Болот каалабайт эле.
Экөөбүз ээрчишип барып Болотко ошол күнкү окуянын чоо-жайын айттык. Ал ата-энесине Асылга үйлөнөрүн айтып, даярдык көрө баштады. Асыл ошол күндөн баштап Болот менен сүйлөшпөй, баш кошуудан баш тартты. Ал күндөрү Кадича абдан көңүлдүү жүрдү, Асылдын кыйналганын көрүп, аны аяган жок. Мен ичимден "шашпа, сагабы?" деп жүрдүм. Акыркы экзамен тапшырган күнү мен Асылды өз үйүмө конок болуп кетүүсүн өтүндүм.
Асыл ал учурда санаадан өңдөн азып кеткен.
"Асыл, Кадичага айттыңбы?" – деп сураганда.
Мен: "Жок, айтпадым, мен сени гана күтөм, келип конок бол. Кадичага ооз ачпа, ал таарынып калбасын", – дедим.
Асыл макул болуп жумушуна жөнөдү. Бул жөн гана шылтоо болчу. Биз Асылды ала качуу жолун ойлоп, ишке ашыруунун амалы эле. Минтпесек экөөбү тең, бири-бирине болгон кусалыктан, сагынычтан абдан кыйналып кетишмек.
Ошентип ойлогон оюбуз ишке ашып, Болот Асылды ала качып алды. Алар баш кошушту, алардын бактысында чек жок. Эки-үч айдан кийин Асыл кош бойлуу экендигин айтты, биз кубанып, майрамдап жүргөнүбүздө, суук кабар уктудук.
"Кадича өз өмүрүнө кол салып, ооруканага түштү", – деп. Ал кезде Марат экөөбүздүн да турмуш жолуна аттанган алгачкы күндөрүбүздүн бири эле.
Биз төртөөбүз ооруканага бардык. Кадича эки бир тууган болчу, Калыйпа анын бир тууган эжеси эле. Алар жандандыруу бөлүмүнүн оозунда дарыгерди күтүп турушкан экен. Кадичанын эжеси, ата-энеси тызылдап жакшы кабардан үмүттөнүп турушканында. Бизди көрүп эжеси дароо эле Асылга колун кезеп: "Баарына сен күнөөлүүсүң, эмне келдиң, мактанганыбы?! Шашпа, сениби, сага көргүлүктү көргөзөм!" – деп айкырып-кыйкырып жатты.
Кадичанын апасы Уулбү абдан жакшы аял болчу. Ал кызы Калыйпаны: "Токтот, ачууңду бас, ызы-чуу чыгарбай, уят эмеспи!" – деп тыйып койду. Бизди жылуу кабыл алды. Төртөөбүз күнөө кылып койгондой башыбызды жерге салып турдук. Жакшы кабар уксак экен деп тилеп. Ал аңгыча эле жандандыруу бөлүмүнүн эшиги ачылып, дарыгерлер чыкты.
"Кадичанын жакындары ким?" – деди дарыгер. Биз "Кызыма эмне болду?" деп жамандыкты сезгендей Уулбү эже: "Жок, жо...ок!" – деп ыйлап баштады. Дарыгер: "Кайрат кылгыла, болгон аракетти кылдык, кызыңардын өмүрүн сактай албадык", – деп басып кетти.Төртөөбүз дароо эле дендароо болуп калдык. "Кантип эле, ушундай кантип болсун, өз жанын өзү кантип кыйды?"
"Кадича, кызым, эмне кылып койдуң? Жок дегенде мени ойлоп койсоң болмок", – деп жоолугун ыргытып, жер тытып буркурап боздоп, эне байкуш ыйлап жатты.
Ошол күндөн тартып Калыйпа Кадичанын өмүрүнө бизди күнөөлөп келет. "Ал акырындык менен өч алууну баштады, ошонун курмандыгы кызым сен да болдуң. Сенин күнөөң жок эле, кызым", – деп Батма эже ыйлап калды. – "Сенин жалгыз болуп калганыңдын себеби да ошол. Ал төрөт үйүндө иштечү, Асыл толгоо тартып барганда Калыйпага туш келип калган экен. Ал Асыл кыйналып жатса да карабай коюп, баланы тондон ажыратчу укол сайдырып койгон. Ошондон улам кызматынан ажыраган. Асылдын ден соолугуна коркунуч туудурулуп, сен оор операция жасоо аркылуу жарык дүйнөгө келгенсиң, ошондон кийин Асыл төрөбөй калды. Калыйпанын жек көрүүсүнүн залакасынан мен да Маратымдан ажырап калдым.
Ал каргашалуу күнү атаң экөөбү бир унаада эле. Ал күндөрү мен Маратымдан ажырап, өз азабымдын кайгысын тартып, Маратымды жоктоп, сени эске албай, канатыма калкалабай калганым үчүн мени кечир".
"Айдай, сен азыр жашсың, келечегиң алдыда. Тагдыр, пешене деген ушул экен, качсак кутулбайбыз. Кызым, турмушум бузулду деп эч чөкпө, сен бактылуу болосуң, кечиримдүү бол, өч алам дебе. Ар бир кылган жаман ишибиз өз башыбызга муш болот, ошону унутпа. Болгон чындык мына ушул, кызым", – деп Батма эже сөзүн аяктады.
Азатка карасам ойлуу экен. Демейде шайыр жүргөн баланын бул абалы мени абдан чоочутту. Азат экөөбүз Батма эже менен коштошуп. Кайра үйгө кайтууга жолго чыктык. Мен өзүмчө уккандарыма сереп салып, эмнегедир жеңилдей түштүм. Атамды күнөөлүүдөй сезген жокмун. Тескерисинче, абдан кубандым, атам өз бактысы үчүн күрөшкөнүнө.
Мен ушундай адамдардын кызы болгонума өзүмчө сыймыктанып. Атам менен апамдын сүйүүсүнө суктандым, алардын бири-бирине болгон сезимдери таза бойдон сакталганы, бири-бирине болгон сый-урматы өзгөчө болуп, эч кимге окшобогону мени кыйла толкундатып. Алар чогуу аз жашаса да бактылуу болушканы мени бакытка бөлөдү.
Ошентип ойлоп алып, Азатка карасам, ал дагы деле ойлуу, көңүлсүз экен. Ортодогу тынчтыкты бузуп, сөздү өзүм баштадым.
"Сизге эмне болду, эмнеге мынча ойлуусуз?" Ал мага бир башкача жылуу көз караш менен карап, анан мындай деди.
"Сен эмненин курмандыгы болдуң?"
Биз Азат экөөбүз жакшы сүйлөшүп кеткенибиз менен, бирок жеке жашоо жөнүндө ортодо талкуу курган эмеспиз. Мен көпкө чейин айтсамбы, айтпасамбы деп үн катпай отурдум. Акыры айтууну туура көрдүм.
Сөзүмдү "алгач эле мен адамдарга болгон ишенимимди жоготком" деп баштадым. "17 жашымда турмушка чыккам. Азыр Батма эже айткан Калыйпа апанын уулуна. Мен ал адам менен туура 3 жыл чогуу жашадым. Эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө бир жылдан ашып калды".
Анан Азат мага карап: "Мен да үйлөнгөм. Бир кызым бар. Аты Алия", – деди.
Менин көздөрүмө жаш толду.Кызымды эстеп. Эне болор-болбосума өкүнүп. Азатка байкатпай терезеге карап, көз жашымды сүртүп.
"Алия канчада, каякта?"
"Алия менде, үчкө чыгып калды, азыр үйдө. Мени күтүп жатат".
"А келинчегиңиз?"
Азат мукактана: "Төрөттөн каза болгон", – деп оор улутунуп үшкүрдү.
"Сагындыңызбы...?"
"Ооба, абдан. Бирок айла жок экен, өлгөндүн артынан өлмөй жок дегендей, өмүр өтүп жатат. Анын көзүнөн көргөн көз карашты, жылуулукту сенден көрөм. Көздөрүңөрдү окшоштурам", – деди да. – "Алияны көргүң келеби?"
Мен эч ойлонбой: "Ооба", – деп жооп бердим. Биз көп өтпөй эле, заңгыраган үйдүн алдына келип токтодук.
Экөөбүз ээрчише үйгө кирдик. Кичинекей кыздын булактын шыңгырындай жагымдуу үнү чыгып жатты. Ал бир нерселерди санап жатты: "Бий, эки, үч, төйт... уя, уя... Санап бүттүм! Төйт, төйт экен!" – деп чуркап жөнөдү. Бизди көрүп: "Ой, атам келди! Уя, уя!" – деп секирип, кыт-кылыктап күлүп сүйүнүп жатты.Чуркап келип Азаттын мойнуна асылып, бетинен акырын өөп койду да.
Мага карап: "Саламатсызбы? Атоо, бул эжеке жаңы нянябы?"
"Жок, кызым, бул Айдай эжекең болот", – деди да, кызынын чекесин өөп койду.
"Саламатсызбы, Айдай эжеке?"
Мен да Алияга карап: "Саламатчылык, кандайсың, Алия?" – дедим.
"Менин атымды билесизби? Сизге атам айтты беле?"
Мен "ооба" деп анын бойтойгон колдорунан өөп койдум.
Ал мончоктой көздөрүн балбылдатып, кыт-кылыктап күлүп калды.
Уландысы бар...
05.02.2023.
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 9