Ошондон баштап биз көп уруша баштадык. Калыйпа апанын сөздөрүнөн улам мен сүйгөн, мени сүйгөн адамым өзгөрө баштады. Мен аны эч эле тааный албай калдым; ал ачуулуу болуп, мага орой сүйлөп, кээде кол көтөрүп калчу болду.
Мен Бакытка таарынып Асан агамдын үйүнө барып, жеңеме чет-четин чыгарып айтсам, жеңем менин турмушумдун бузулушун каалабадыбы, айтор, акыл айтып: "Жашоодо, турмушта өйдө-төмөн болот, чыда, кыз. Унчукпасаң акыры жеңиш сен тарапта болот. Кетсем мен деле кетмекмин, мына бир аз чыдап койдум эле, азыр очор-бачар болуп бактылуу жашап жатабыз. Баары жакшы болот, ага таарынба, жумуштан келсе жылуу тосуп ал, тамак-ашын даярдап жакшы мамиле жаса, эркек эмнеси болсо да алданат", – деп акырын жолго салып койчу болду мени.
Мен үмүттөнүп, канча аракет кылбайын, Бакыт эч өзгөрбөй койду. Баштагыдай, эч кимге көрсөтпөй койнуна катып алып келген гүлдөрү жок. Дайым мени "эркем" деп маңдайыман сүйчү эле, антпей да калды.
Ал күнү адаттагыдай үй тирилигим менен алек болуп жаткам, кеч күз болчу. Ичимдеги балама 6 ай болуп калган.
Бир маалда Бакыт келип: "Бул ким?" – деп ызырына сүйлөдү. Мен чоочуп кеттим да, анын колунан өзүмдүн телефонумду көрдүм. "Эмне болду сизге?" – десем. Эч нерсе түшүндүрбөй эле уруп кирди.
Мен түшүнгөн жокмун эмне болгонун; телефонумду колума карматты да, бир жактарга кетип калды.
Телефонумду ачып окусам, бир мээге сыйбаган кат келген экен, белгисиз бир номерден. Мен ызаланып, бүт дене боюм ооруп ыйлап кала бердим. "Кантип ушуга ишенди? Мен кантип ушундай ишке бармак элем?" – деген мени бир да жан аяган жок.
Ошондон кийин ал кыздарга бара баштады, жаман ыплас иштери менен мага жийиркеничтүү болуп, мен аны менен жашаган жашоомо өкүнүп, ага такыр көңүл бурбай калдым.
Бир күнү жумуштан келип: "Мага сен эмне көп калгансыңбы, менин келип кеткеним сага баары бирби?!" – деп ура кетти.
Ооруп турган жанымды аяп, мындан ары аны менен ажырашарымды айттым. Биринчи жолу ага тил кайрып турганымды уккан ал, эч нерсе дебей мени бир нече убакытка тиктеп турду да, сыртка үнсүз чыгып кетти.
Ошол маалда кайненем келип: "Кет бул үйдөн, мен сени, сенин үй-бүлөңдү жек көрөм. Сенин атаң менин сиңдимдин өмүрүн алган!" – деп мени үйдөн сүйрөп чыгып салды.
Мен апалап жалынып-жалбарып ыйласам да мени укпады. Кыштын күнү караңгыда, ызгаардуу суукта көчөдө калдым. Айлам жок, унаа тосуп, түн ичинде ыйлап, шишип-көпшүп агамдын үйүнө келдим.
Таң сүрүп калганда ичим ооруп, суум кетип ооруканага түштүм. Ичимдеги 8 айлык балам өлүк төрөлдү. Аны уккан менден көп кан кетип, эс-учумду билбей калдым.
Көзүмдү ачсам ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө экенмин. Агамдын айтымында, дарыгерлердин күчү менен араң аман калыпмын. Бирок келечекке кадам басчу бар үмүттүн бири болгон эне болуу укугунан ажырап, мындан ары төрөр-төрөбөсүм күмөн, бир Кудайга гана маалым экенин дарыгерлер айтышты.
Канча азапта кыйналып жатсам да Бакытты күттүм, ал келбеди. Бакыт эмес, ажырашуу кагазы келип, жан дүйнөмдү сыздатты. Айла жок, аргасыз ал кагазга кол коюп бердим.Он, он беш күндө ооруканадан чыгып өз үйүмө бардым. Заңгыраган үйдө эч ким жок, жалгыз калдым. Эмне кыларымды билбей, абдан түнт болуп, мени кайгы басып, адамдарга болгон бардык ишеничти жоготтум.
Күндөр зымырап өтүп жатты. Чамасы эки ай өтсө керек. Бакытты үйлөндү деп уктум. Аны угуп: "Мен кантип эле, менден оңой эле баш тартты?" – деп, бул өмүргө жашагым келбей калды. Өз өмүрүмө өзүм кол салдым. Бирок анда да ажалым жок экен, аман калдым. Асан агам убагында ооруканага жеткирип келген экен.
Эс-учумду билбей кансырап келген мени дарыгерлер аман алып калышыптыр. Уйкуда жатсам, апам, атам биздин үйдүн бакчасында кичинекей баланы эркелетип жүрүшөт. Аларды көргөн мен чуркап жетип бардым. "Апа, бул ким?" – десем, "Сенин кызың,менин неберем", – деп, мени күлө карады. "Апа, мага бериңизчи, мен алайынчы", – десем, "Жок, кызым, сага эрте. Бир аз тыңып ал, анан аласың. Бар, кызым, бара гой, Асан агаңа, алар сени күтүп жатышат.Кызыңды атаң экөөбүз эле карап алабыз", – деп көздөн кайым болушту. Мен: "Апаке, атаке, кетпе, кайдасыңар?" – деп ыйлап жатып ойгонуп кеттим.
"Айдай, Айко", – деп Асан агам саамайымдан сылап жаткан экен. Агамды кучактап алып аябай ыйладым: "Ага, мени кечир, эми мындай катаны кайталабайм. Мен өз жашоом үчүн күрөшөм", – деп сөз бердим. Муну уккан агам сүйүнүп: "Болот агамдын аманатысың, агам акыркы мүнөттөрүндө сени мага тапшырган, сени коргой албадым, мени кечир, карындашым, кечир", – деп жашып кетти.
Он күндөн кийин үйгө келдим. Агам мага шаардан батир алып койгонун айтты. "Сен шаарга бар, окуу, өзүңдү алаксыт, бул жакта жүрсөң кыйналасың", – деди. Муну уккан мен абдан кубандым, окууга тапшырганы шаарга кетмей болдум.
Мына ошентип шаарга жол тартып, жашоонун жаңы барактарын ачканы кеттим. Келип күзгө чейин бош отурбай, курстарга барып, окууга баш-отум менен кирдим. Андан тышкары тигүү цехине иштеп алдым, күнүмдүк ичкен-жегениме, баскан-турганыма акча болсун, Асан агама жүк болбоюн деп. Азыр болсо мугалимдик кесипке ээ болууга окуп, иштеп жатам. Бул түнү өткөнгө көз чаптырып ыйлап алдым.
Жалгыздыктан, караңгыдан, үшүгөндөн коркчу элем. Менин өмүрүм корккон нерселериме барып байланып калды.Мен адамдарга болгон ишеничти эбак жоготуп койгом."Мени кайрадан ишендирчү адам табылбайт", – деп жүрчүмүн.Азатты жолуктурган бүгүнкү күн "жакшы адамдар бар экен" деген үмүттүн учкунун менде пайда кылды.Түн бир оокумга чейин ойго жаттым.
Эртең менен окууга барам,окуудан кийин жумушка барам.Ушундай эгиздей окшош күндөрүмдү жылуу жылмаюусу менен Азат кээде кооздочу болду. Жүзүмө кызыл жүгүрүп, алдыга деген арыштарымды кенен таштаганга талпына баштадым. Бирок кээде кайненем Калыйпа апанын айтканы эске түшө берет.
"Атамды неге мындай деп айтты экен?" – деген ойлор мени көп кыжаалат кылчу.Атам бирөөнүн өмүрүнө зыян келтирмек түгүл, катуу сүйлөбөйт эле.Атамды жек көрүүсүнүн себеби эмне экенин билгим келди. Апамдын жакын курбусу Батма эжени издей баштадым."Билсе ошол билет, бардык чындыкты", – деп Асан агам айткан эле.Өзү билбестигин айтып. Азаттын жардамы менен Батма эжени да таптым. Ага телефон аркылуу байланышып, жолугууну өтүндүм. Ал дароо эле макул болду.Шаар ичиндеги чоң тойканалардын бирин иштетет экен. Ошол жактан дем алыш күндөрү жолугалы деди.
Азат экөөбүз жолугушууга убагынан бир аз эртерээк бардык.Азат абдан ачык мүнөз, шайыр жигит экенин аралаша баштагандан баштап биле баштадым.Ал менин жашоомдо пайда болгондон бери, менин түшкөн туңгуюгумдун ичине жарыктар акырындап түшө баштады. Мен дагы баштагы Айдай калыбыма келе баштаган элем.Экөөбүз эч кимге көңүл бурбай, сөздүн кызыгында отурганыбызда.Биздин сөздү орто бойлуу, ак жумал эже бузду.
"Сен Айдайсыңбы?"
"Ооба!" – деп ордумдан шаша тура калдым. "Сиз Батма эжесиз да, ээ?" – деп, ага үмүттөнө карадым. Менин тынчымды алган сырдын түйүнү чечилер деп. Ал учурда атамды эч жамандыкка кыйбадым. Мен үчүн атам дүйнөдөгү эң мыкты, боорукер адам эле.
"Ооба, садага болоюн, мен Батма эжеңмин. Апаңа абдан куюп койгондой окшош экенсиң, кудум Асылдын өзүн көргөндөй эле болуп турам".
Ошол учурда Азат сөзгө аралашып: "Келиңиз, отуруңуз", – деп отургучтун бирин көрсөттү.
Ошондо гана эсиме келип, мен да шаша кол жаңсап: "Отуруңуз", – деп калдым.
Батма эже сөзүн баштаар алдында: "Биз барганда сен абдан кичине кыз элең, эсейип эрезеге жетип калганыңды көрүп кубандым", – деп, ата-энемди эстеп жашып калды.
Бир аз унчукпай, үнсүз отурду да. Анан сөзүн баштады.
"Биз анда студент элек, үч курбу бир окуу жайда окуганбыз, бир батирде жашаганбыз.
Күндөрдүн биринде Кадича келип: "Тигил үчүнчү курстун жигиттери кечеге чакырып жатат, барып келели", – дей берди. Ал шаан-шөкөттү жакшы көрчү. Акыры биз макул болуп. Ал кечеге бардык, кечеден сенин атаң Болот, анын достору, менин жолдошум Марат менен таанышып калдык.
Аларды жакындан таанычудай бат эле аралашып кеттик. Биз ошондон кийин бат-бат жолугуп,мен Марат менен, Асыл Болот менен кыз-жигит болуп калдык. Ошол күндөрү дайым шайыр жүргөн Кадича көңүлсүз жүрүп калды.Асыл окуудан тышкары дүкөндө сатуучу болуп иштечү.Дем алыш күнү уктап жатсам, бирөө эле ыйлап жатканынан ойгонуп кеттим. Ойгонсом Асыл жумушка эбак кеткен экен.Кадича керебетинде бүк түшүп алып ыйлап жатат.
"Кадича, сага эмне болду?" – деп, ордумдан туруп барып аны сооротууга аракет кылдым. Ал: "Эмне, мени эмес, тиги жетимди сүйдү",– деп бакырып ыйлап сүйлөп жатты. Башында эч нерсе түшүнө берген жокмун: "Ким, кимди айтып жатасың?" – деп.Кийин ойлоно келсем, менин,Кадичанын ата-энеси бар.Асылдын ата-энеси кичинесинде каза болуп, Асыл балдар үйүндө өскөн, жакшы окугандыгы үчүн окууга өз күчү менен бюджетке өтүп окуп жаткан.Биз контракт менен окучубуз. Экзамен, зачёттордо Асылдын жардамы менен баа алып, тез эле бошоп чыкчубуз. Асыл ичинде кири жок, ак көңүл, бар нерсесин аябай берген, мээнеткеч кыз эле. Анан да өтө намыскөй болчу. 'Бул сөздөрдү угуп, Кадича, эсиңе кел, сен кимди айтып жатасың?' – десем.
Ал: "Тиги жетим Асылды. Мен аны Болот менен ажыратып, колуман келсе аны өлтүрүп салгым келет. Эмне үчүн ал сүйгөнүнө жетиши керек, менчи, мен неге жетпешим керек? Мен да Болотту сүйөм. Мен аны сүйөрүмдү ага айттым. Мен байдын кызымын, эч кимиси жок,эч нерсеси Асыл ага тең эмес, менмин анын теңи, уктуңбу?" – деп ыйлап жатты. Бирок ал: "Мени сүйбөйм, Асылды сүйөм, ага үйлөнөм", – деп айтты деп доолуланып ыйлап жатканынан, мынча ичи тар деп соороткум да келбей калды.
Ошол учурда Асыл келип калган экен. Баарын уккан окшойт, көздөрү кызарып ыйлап алган. Мен тез эле Асылдын жанына барып: "Уккан сөздөрдү оюңа алба, ачууланып сүйлөп жатат. Билесиң го, ал бат эле кайра жазылат, кантип силерге бакыт каалай албасын?" – десем.
Асыл буркурап ыйлап жиберди: "Мен да аны сүйөм", – деп. Анан көзүнүн жашын бат эле аарчып: "Мага сүйүүдөн да достук артык. Мен Болотко турмушка чыкпайм. Сен менин курбумсуң", – деп Кадичаны кучактап алып ыйлады да."Сен мени курбусуз калтырба, макулбу?" – деп Кадичанын сөзүн алды.
Ошол учурда мен Асылдын колундагы шакегин байкадым, анан жерде жаткан гүлдү көрүп. Болот Асылга баш кошууга сөз айтканын түшүндүм.
05.02.2023.
Уландысы бар...
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштанбирүзүм
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 9