Кыштын ызгаардуу суугунда Айдай жолдо кетип бара жатып, жол боюнда турган унаага көзү түштү. Эмнегедир унаада эч ким жоктой сезилди. Ал акырын басып, унаанын жанынан өтүп, аялдамага келип автобус күтүп калды.
Күндөгүдөн кеч чыккандыктанбы, автобус кечикти. Айдай абдан үшүп кетти. Калың кар жаап жаткан.
Аңгыча эле унаанын эшиги ачылып, ичинен сымбаттуу жигит түштү да, Айдайды көздөй түз басып келди.
"Саламатсыңбы, карындаш? Үшүп калдың го. Кайда барасың, жеткизип коёюн", – деди ал.
Айдай жигитке карап, бирок сыр билгизбей, акырын гана үн катты: "Жок, ырахмат". Ичинен өзүнчө ойлонду: "Мени көрүп, унаадан ушул убакка чейин түшпөй отуруп, эми эмнеге жеткизем деп калды экен?" – деп чоочулады.
Муну байкаган кыраакы жигит жылмая карап: "Коркпо, карындаш. Автобусту көпкө күтүп калдың, үшүп ооруп калба. Эми автобус келбейт окшойт, күндө чыккан убагыңдан кеч чыктың", – деди.
Айдай ого бетер таңыркай карап: "Бул кайдан билет менин кеч чыкканымды?" – деп жигитке суроолуу карады.
Жигит анысын түшүнгөндөй: "Мен дагы күнүгө сен чыккан убакта иштен чыгам. Дайым сени көрөм. Мен тигил жакта иштейм", – деп, көп кабаттуу имараттын бирин көрсөттү. – "Кеч да болуп кетти, жалгыз сени кантип бул ээн жерге таштап кетмек элем?"
Айдай эки жагын карады, эч ким жок, жалгыз экенин байкады. Колундагы саатына караса, сааттын жебеси түнкү 11ден өткөнүн көрсөттү. Бул айланчыктап кетпей турган чоочун жигитке карап, жүзү жылуу көрүнгөндүктөн, айласыздан макул болду, жалгыз калуудан коркуп.
Жигит Айдайга жымая кол жаңсап, унаа тарапка ылдамыраак басып, унаанын эшигин ачты. Айдай унаага келип отуруп, ичинде эч ким жок экенин көрүп: "Бул эмнеге мынча кечке отурду, кимди күттү болду экен?" – деп ичинен ойлоп койду.
Унаада үнсүздүк өкүм сүрүп, бир азга жымжырт боло түштү.
Тынчтыкты унаа ичиндеги үналгы бузду. Үналгыдан эртеңки күндүн аба ырайын айтып жатты. Жигит: "Эртең да кар жаайт тура", – деп үн катты.
Шаардын жарк-журк эткен шамдарын унаа ичинен карап бара жаткан Айдай жөн гана баш ийкеди.
Кайрадан жымжырттык өкүм сүрдү. Ошол учурда үналгыдан "Таанышуу бурчу" программасы старт алганын алып баруучу жарыялады.
Кызык, ошондо Айдай бул жигиттин аты ким болду экен деп ойлоп калды.
Ал аңгыча эле жигит: "Менин атым Азат. А сеники ким болот?" – деди.
Айдай күлүмсүрөп: "Айдай", – деди.
"Кубанычтамын, жакшы атың бар экен".
"Сиздики да. Мен да кубанычтамын". Айдай акырындык менен унаа ичиндеги жылуулукка көнө баштады.
"АНТ" фирмасынын маңдайындагы тигүү цехинде иштейсиңби? – деди Азат.
"Ооба, ошол жакта иштейм. А өзүңүзчү, ким болуп иштейсиз?"
"Мен архитектор болуп иштейм". Бирок Азат эмнегедир "АНТ" фирмасынын директору экенин айтпады, азыр айтууну туура көрбөдү.
"Айдай..."
"Мм..."
"Сен каяктан болосуң?"
Айдай азга ойлоно калып, анан жооп берди. Шаар четиндеги айылдардын бирин айтып, көңүлсүз унчукпай калды.
Азат өзүнчө: "Каап, сурабай эле койбой, капа кылып алдым окшойт", – деп кыжаалаттана түштү.
Ошол учурда Айдай: "Келип калдык, токтотуп коюңуз", – деп үн катты.
Азат жол жээктеп барып, анан токтоду да. Айдайга карап: "Сени капа кылып алдымбы?" – деди.
"Жок, капа болгон жокмун. Мен өзүмчө эле, сизге анын катышы жок, ойлонбоңуз", – деп.
Ыраазычылык билдирип, ак жол тилеп, жүз сомдуктан экини сунуп коштошуп түшүп кетти.Азат "Жөн эле койбойт белең" дегенге да үлгүрбөй калды.Көп кабаттуу үйлөрдүн бирин көздөй багыт алып басып бараткан Айдайга карап: "Мынча татынакай кыз эмнеге дайым ойлуу, муңайып жүрөт болду экен?" – деп, Айдайдын карааны көрүнбөй калгыча узата карап көпкө турду да. Бирок Айдай менен таанышканына кубанып, үйүн көздөй жол тартты.
Айдай үчүн туулуп өскөн жерин, ал жакта көргөн күндөрүн эстөө оор эле. Мүмкүн болушунча андай суроолордон өзүн алып каччу. Бирок бул учурда андай кыла албады. Айдай оор улутунуп, үйүнө кирип, жарыгын жандырды. Өткөн күндөрү эсине түштү.
Ал кезде ата-энесинин эрке, тентек кызы эле. Бак аралап, көпөлөк кууп ойногон. "Аттиң, мени неге жалгыз калтырдың? Бир туугандарым да жок, мени тапкан ата-энемдин өмүрүн узак кылбадың", – деп көпкө өксүп ыйлап жатты. Азыр болгону 22 жашта гана. Бирок ал көргөн күндү, кээ бир орто жашап калгандар да көрө элек. Айдайдын ата-энеси бири-бирин абдан жакшы көрүшчү. Эс тарткандан Айдай ата-энесинин урушканын, атасы апасына кол көтөргөнүн көргөн эмес. Алар бири-бирин сыйлап. Айдайды мээримге бөлөп, "жалгызыбыз, медерибиз" деп бапестеп багып өстүрүшкөн. Апасы ал учурда мектепте мугалим, атасы райондук милиционер эле. Кокусунан келген айыкпас жаман дарт, апасы Асылды эки жыл төшөккө жаткырып, Айдайдын 12 жашында көз жумган. Акыркы мүнөттөрүндө кызынын колдорунан кармап алып, мөлт-мөлт жашын төгүп: "Айдайым, сен эстүү кызсың, сен мени жоктоп көп ыйлаба, атаң сенин дайым жаныңда болот. Биз адамбыз, баары бир топурактын кишисибиз, бир күнү болбосо, бир күнү өмүрдөн өтөбүз. Ошол үчүн кызым, сен күчтүү бол", – деп. Атама аманат кылып таштап кете берген эле."Мен жаш секелек, ойнок кыз болуп, ал сөздөргө маани бербептирмин. Атам экөөбүз ээн үйдө апамсыз жалгыз калдык.Башында ыйлап-ыйлап, акыры тирүү жанбыз да, апамдын жоктугуна да көндүк.Мен мектепте жакшы окудум, атам мени апам айткандай, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, карегим менен тең айланып өстүрдү.
Мен бойго жетип, сынылып чоңоё баштадым. Апам чачы узун кыздарды жакшы көрчү эле. "Чачын кырккандар бактысын кошо кыркат, кызым", – деп, чачымды кыркууга тыюу салчу. Мага да чачымдын узун болгону абдан жакчу. Мени туугандарыбыздын баары "апаңа окшошсуң, сулуусуң" дей беришчү. Мен ого бетер мактанып, эч жериме чаң жугузбай, эч кимди теңиме албай чоңойдум.
Ошондой күндөрдүн биринде коңшу айылдагы Бакай байдын баласы Бакыт сени жактырып калыптыр деп курбуларым такыр жанымды койбой: "Койгулачы, кайдагыны айтпай. Мага сүйүүнү ким коюптур, мен окуйм, иштейм", – деп эч кимди жакын жолотпой жүрдүм.
Ошентип 10-классты да аяктадым. Жайкы каникулда курбуларым менен тоого эс алууга чыктык. Ал жактан баягы Бакай байдын уулу Бакыт менен тааныштым.Чындыгында келбети келишкен, айтканын аткарган, бир сүйлөп, түз жүргөн, эч кимди теңине албаган жигит экен.
Бара-бара ал экөөбүз жакшы сүйлөшө баштадык. Ал абдан мүнөзү курч,эркөөкүрөк бала эле. Негедир мени менен сүйлөшкөндө ийилип, мага абдан жакшы мамиле кылчу. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаганда 11-классты аяктап.
Мына эми чоң окуу жайга тапшырам деп турганда атам жол кырсыгынан каза болду.
Ал күндөр мен үчүн абдан оор болуп, жашоом токтоп калчудай азаптуу күндөрүмдө жанымда болуп, мага үмүт берип, эртеңиме ишендирген Бакыт эле. Мен аны караан тутуп, жакынымдай көрүп, атамдын мага болгон мамилесин андан издеп баштадым. Аны абдан жакшы көрүп, ансыз жашоону элестетүү кыйын болуп калды.
Ошондой күндөрдүн биринде атамдын иниси Асандын, жеңем Айгүлдүн колунан ак көйнөгүмдү кийип турмушка узадым. Мына ушундан кийин жашоо башталды. Бакыт экөөбүз эриш-аркак бактылуу жашап жаттык. Эмнегедир Бакыттын апасы Калыйпа апа мени анча жактыра бербеди. Мен чоң окуу жайга окуймун десем: "Жок, окубайсың, үйдө отур. Келиндин орду үйдө болуш керек.Тиги Бакайдын келини окуп жүрөт деп элге сөз болобуз, ансыз да сөз кылганы биз", – деп такыр көнбөй койду.Абдан жаман болдум.Бакытка арыздансам: "Апамдын сөзү бизге мыйзам, окубайсың дедиби, демек окубайсың", – деп үмүтүмдү үзүп салды. Ошентип ага моюн сунуп, үй кожейкеси болуп кала бердим.
Кайнатам жакшы киши эле. Ал ар дайым жылуу сөзүн айтып, кабак-кашыма карап турчу. Антсе Калыйпа апа ага жини келип: "Эмнеге эле минте бересиң, төбөбүзгө чыкмай болду го", – деп жактырбай калчу.
Мен ошентип кош бойлуу болуп да калдым. Боюмда үч ай бар эле, уй саап келе жатып, кайненем менен Бакыттын сүйлөшкөнүн угуп калдым. Эне-бала эркелешип, кадимкидей сырдашып жатты. Мен ары-бери иш кылып жүрүп, алардын мен жөнүндөгү сөздөрүн угуп калдым, тыңшап калсам. Кайненем минтип калды: "Тигил катыныңдын үйүн саталы, агаңдын үйүнө жардам болсун", – деп айтып баштады. Мен аябай ызаландым, бирок унчукпадым. Бакыт мага айтканда: "Билбейм, Асан агамдан сураңыз", – деп койдум. Бирок мен Бакыттан мындайды күтпөгөм. Ичимен таарындым, ага билгизбедим. Кандай күндө болсо да ал үйдө менин ата-энем жашаган, менин балалыгым өткөн, мен төрөлүп өскөн, мен үчүн ыйык үй эле. Менин оюмду сурабаганы мени капа кылды. Асан агамдын макул болбосун билгем, ошон үчүн унчукпадым.
Бакыт Асан агамдан барып сураганда, ал ачууланып урушуп: "Сатылбайт. Өзүңөрдүн байлыгыңар аз эмес, ошолорду жумшагыла. Ал карындашыма ата-энесинен калган мурас", – деп коюптур. Калыйпа апа аны канчага чейин таарынып айтып жүрдү. Мени күнөөлөп, акырын бирдеме деп шыбырап койду да: "Тигиң", – деп Бакыттын кулагын жеп...
04.02.2023.
Уландысы бар....
Кундуз. Б.А.
#Чыныгытурмуштунбирүзүмү
#ушугонжурок_элдик
Комментарии 16