Конок деген ким? Конок кандай шартта келет, аны элибиз кандай кабыл алган жана анын кандай маданияты бар? Андай болсо, анын түрлөрү, мааниси тууралуу сөз кылалы.
Адегенде, кыдырма конок-бул, алыс-жакын туугандардын, көңүлү жакын, санаалаш адамдардын чакыртпай келип, кыдырып учурашуу, сырдашуу максатында үйдөн наар татышы, т.а., алыстан атайын келип, туугандашып, жакын жалпы туугандарынын үйлөрүнө бир нече күндөп, жумалап конуп, кыдырып сый көрүп кетүүчү конок. Коноктун мындай түрү чачкын аймактарда жашаган кыргыздарга мурдатан эле айрыкча мүнөздүү. Алар саналуу убактан кийин, үй ээсин тажатып жибербеш үчүн, кийинки тууганынын үйүнө барат же өз үйлөрүнө кайтат. «Биринчи күн-мейман, экинчи күн-ысман» деп ошон үчүн айтылса керек.
Арналуу конок – бул, көптөн бери үйүнөн наар сыздыра элек сыйлашкан жакын адамдардын же куда-сөөктөрдүн үйгө чакырылышы. Ал атайын конок айттырып, атайын чакырчу адамды жиберип, анан келер күндү болжоп, күтүнүп, мал союп, даярданып күткөн конок. Мындайда конокторго белек-бечкек даярдап, баалуу тартуу берип, мал энчилеген учурлар да болот.
Саламчы конок. Алыстан же жакындан, урматтап- сыйлаган адамына учурашып коюу, көрүшүп чыгуу үчүн келген, кээде аз убакытка деле салам айтып кире калган учурлар көп эле болот. Андайда үйдө шарты бар адам келген адамдын убактысына карап чай берип, «чыс-пыс кылган» учурдар болот. Саламчы конок деп ушулар айтылат.
Сый конок. Атайын чакырып коноктобосо да, күтүүсүз жерден алыстан келген сыйлуу адамдарды кыргыздар шашылыш түрдө болсо да, тай союп, кызыр эмди козу союп, кымыздын мыктысын берип сыйлап конок кылат.
Баскын конок- бул да эзелтеден элибиздин турмушунда болуп келген. Оокаттуу байлар, текеберлүү төбөлдөр айрым басташкан тарабындагыларга айттырбай барып, аларды сынап мамиле жасаган, ыңгайы келсе басынтып кетүү максатында, үстөмдүк көрсөтүп, жалгыз эмес, топ-тобу менен барып үйүнө түшүшү. Мында үй ээси айласы жок, колунда бар болсо да, жок болсо да, баса жаткан конокту намыс үчүн күтүнүп, уруусун, айылын сөзгө сындырбаска аракет кылып, конокту узатышчу. Ошон үчүн мындайды элибиз «баскын конок» дешчү экен.
Туткун конок- бул дагы мурдатан элибизде болуп келген. Ал эмнени билдирет? Уруулук чабыштардын мезгилинде ортону тычтандыруу, эки жаатты элдештирүү максатында бир тараптан экинчи тарапка элчилер барган. «Элчи менен тилчиге өлүм жок» демекчи, алар оң жоопту укканча күтүүгө туура келчу. Аларга урмат-сый көрсөтүлбөсө да, өзүнчө жайда кармалып, конок күтүлгөндөй түр менен, бирок сакчылардын кайтаруусунда бир нече күн кармалышкан. Муну «туткун конок» деп коюшчу улуулар.
Кудайы конок (алыстан, башка жактан келген конок) Коноктун бул түрү-алыстан ат арытып, арып-чарчап келатып, түн киргенде аргасыз кез келген жериндеги үйгө кайрылып түнөп кетүүсү. Мындайда элибиз үйүндөгү бар-жок шартына карабастан, «келгенче конок уялат, келген соң, үй ээси уялат» деп, барына сүйүнүп, жогуна уялып конок күткөн. Келген адамды «кудай жиберген конок» деп урматтап, «балким, Кожо кыдыр өзү болуп жүрбөсүн» дегендей, көңүлүн оорутпай күтүп узатууга аракет кылышкан.
Милдеттүү конок – жарыя боюнча аш-тойго алыстан келген же күлүккө ат кошууга, көк бөрү, жорго, эр эӊиш оюндарына катышууга келгендерди абалтан “милдеттүү конок” деп сыпаттаган. Андайда айыл эли келгендерди нарк боюнча милдеттүү түрдө коноктоого алган. Муну элибиз “конок алуу” же «айыл ынтымагы» дешет. Милдеттүү алган конокту жакшы карабай коюшкандар уятка калган. Андайлар ынтымактан чыгарылган.
Шылдыӊ конок – өткөн кылымдарда айрым дөгүрсүгөн бай-бийлер келген коногуна өзү минип келген атын союп коноктогону тууралуу эл ичинде айтылып келген болмуштар, улама кептер муну далилдейт.
КОНОК КААДАЛАРЫ:
- үйгө салам айтып, таазим этип кирүү сыпаты;
- келген үйдүн шартына көнүү сыпаты;
-сыпайы болуу сыпаты;
- ыксыз сүйлөбөө сыпаты;
- үйдүн намысына шек келтирбөө сыпаты;
- өзүнүн жаман сапаттарын көргөзбөө сыпаты;
- берген тамагына ыраазы болуу сыпаты;
- келген үйгө көз артпоо сыпаты;
-үй ээсине басынтып мамиле кылбоо сыпаты;
-кетеринде сылык коштошуу сыпаты;
-келген үйүн ушактап кетпөө сыпаты;
-ыраазы болуп кетүү сыпаты ж.б.
#конокмаданияты_элдик
Нет комментариев