Бул кабарды Шамиль Кайратка айтып берди эле өзүн койорго жер таба албай тынчы кетип полковникке нааразы болду.
--Жолдош майор,эмне кылсам?Полковникке өзүм кирип ошол иштин жагдайын түшүндүрсөмбү?
--Жок,сен азыр кирбе,ачуусу таркасын.Мүмкүн ошондо киреерсиң .Бирок ,менимче бул аракетибизден эч нерсе чыкпайт го деп ойлоп жатам.Эгер биздин жетекчи мындай ачылбаган ишке кызыкдар болсо, жок дегенде угуп коймок.Ал укмак турсун эмне жөнүндө экенине да кызыккан жок.Менимче,бул киши адашып башка кесип тандап алгандай.Бул жетекчибиз келгенден бери кадрлар туура эмес тандалып,каалаган орунга коюлуп,чыгаан накта профессионал кызматкерлерибиз башка орунга которулуп же жумуштан кетти.Азыр биз да тилибизди тишибизге катып отурган учурубуз.Эски иштер ачылбай калып кетти.Эгер ал жөнүндө айтчуу болсоң же кууп чыгат же жумуштан четтетет.Бул киши менен иштөө кыйынчылыкка түртүп баратат.Тамыры күчтүү жетекчибиз эч ким менен эсептешпей калган учур.Иштейсиңби,анын айтканы менен бол.Анын айтканы менен болбойсуңбу,анда арызыңы жаз.Мына азыр биздин акыбалыбыз.
--Жолдош майор,бул иш унутта калбаш керек.Жогорку жака болсо да арыз менен кайрылып,ишти карадан кароо керек экенин талап кылышыбыз керек.
--Күчүбүз жетеер бекен?
--Бийлик бир эле Самарбековдун колунда эместир.
Ушул учурда Кутман Самарбеков Шамиль тапшырган ишти окуп жаткан.
Аны Кыязовдун өлүмү эмес ,кимдер бар экени ,кимдердин аттары иш кагазда аталып өткөндөрү кызыктырып жатты.
Жакын мамиледе болбосо да райондун жетекчи кызматкерлеринин бири Муса Айдаровдун аты жүргөнүнө таң калды.
Калган төрт жаран жөнүндө маалыматы жок экен.Телефондун баскычтарын басып алоо деп катчы кызды чакырды.
--Ме,мобу кишинин телефонун тез таап алып кел,--деп куш тилиндей кагазды,кирип келген катчы кызга сунду.
--Жарайт,--деп катчы кыз чыгып кетти.Самарбеков кабагын чытыган боюнча иш кагаздардын барактарын бирден өткөрүп жатты.Ал көздөрү баракта болгону менен ою Муса Айдаровдо эле.Атайын жолугушууга шылтоо табылбай жатканда,бул иш аркылуу жыкындашат экенмин деп ойлоп койду.
Катчы кыз Муса Айдаровдун телефон номерин таап келип ,сыпаа гана ийилип чыгып кетти.
Эмнеден баштасам экен дегендей бир аз ойлоно түштү да ,,азыр түз эле айтканга болбойт.Бир жерге чакырайын,анан эмне деген сөз чыгат көрө жатаармын",--деп телефондун туткасын көтөрүп ,баскычтарынан номерди тере баштады.
--Алоо,угуп жатам ,--деди аркы башынан телефонго бирөө жооп берип.
--Ассалом алейкум ,Муса Айдарович.Сиздин тынчыңызды алган райондук милиция бөлүмүнүн жетекчиси Кутман Самарбеков.
Муса Самарбековду көрүп жүрсө да экөөнү байланыштырган же кез келтирүүчү иш боло элек эле.
--Алейкума ассалам,--деп жооп берди Муса.Милициянын жетекчисине эмнеге керек болуп калдым экен деп ойлой кетти.
--Аксакал,сизге бир сөздөрүм бар эле ,жолугушсак болоор бекен?
--Албетте болот,кабылдамага келиңиз.
--Жок Муса Айдарович,башка жерде жоолугушсак дейм.
--Таак,анда кечки саат бештерде эс алуучу бактын жанындагы чайканадан жоолугалы.
--Жарайт,макул.
Муса телефондун трубкасын коюп жатып.
--Келгенине бир жыл болбой жатып райондун кооз жеринен жер керек болуп калган экен да,--деп сүйлөнө кетти.
Чынында эле атка минер жетекчилер Мусага көп кайрылып жакшы жерден жер алып бер дешчү.Азыр да милициянын жетекчиси ошондой ой менен жолугушууну суранып жатат го деп ойлоду.Кечки тамакты чайканадан ичкиси келип ошол жака Самарбековду чакырган.
Жумуш күнү аяктап Муса өзү айткан жерге барганда ,алда качан эле келип күтүп турган полковник Мусанын машинасына басып келди.Кол алып учурашып алган соң, Мусага,,машинаңызда сүйлөшсөк болобу",--дегенде ,Муса жактырбай: ,,Бул эмне битирленет ия,чай алып бергиси келбей турабы",-- деп ойлонуп алды да кайра машинасына отурду.
Самарбеков да машинага отурганда,, кана ,эмне жумушуң бар эле",--дегендей Муса полковникти тиктеди.
--Аксакал,кечиресиз.Сизди чакырып тынчыңызды алганым үчүн.
--Эч нерсе эмес,машинада эмес кенен тиги жакта эле отурсак жакшы болоор эле ,--деп дагы эле чайдан үмүт кылып турду.
--Жок,башкалар жолтоо болбосун дедим .
--Кана,эмне сөзүңүз бар эле?
--Муса Айдарович, кандайдыр бир иш ачылып ,анда сиздин аты жөнүңүз жазылып жүрөт.Кандай жагдайда аралашып калганыңызды билбейм.Бирок,бул кишилер менен чогуу сиз да бир чуулгандуу ишке катышып калгандайсыз.
Самарбеков төш чөнтөгүнөн кагаз алып чыкты да ачып туруп Мусага сунду.
Самарбековду бир тиктеп алган Муса ,колундагы кагазга үңүлө карап өңү кубарып кетти.Аны байкап калды да Мусанын колунан кагазды алып бүктөп чөнтөгүнө салып алды.
Муса сүйлөбөй эле Самарбековду тиктеп калды.
--Кана,бул адамдар жөнүндө эмне айта аласыз?
--Эч нерсе,убагында биз жалаа менен кармалып кийин коё берилгенбиз.Баарында күбө далилдер бар болгондуктан бул иш жабылган.
--Ошондо, сиз прокурор Төрөбек Кыязовдун өлүмүнө эч ким жоопту эмес дегиңиз келип тарабы?
--Албетте,ал прокурордун өлүмүнө биз эч кандай тиешебиз жок.Аны өч алуу максатында бирөөлөр өздүк куралы менен атып ошо бойдон табылган жок.
--Муса Айдарович,эгер ошол курал табылган болсо,анда күнөөкөрлөр жазаланыш керекпи?
--Жолдош полковник,-деп Муса баягыдан бир аз жумшарып ,Кутман Самарбековдун сөздөрүнө жооп таба албай кыйытып ар нерсени айтууга өттү.
--Жолдош полковник,эми жок нерсе жок да,аны издеп да табыша алган эмес.Күнөө тагыш оңой,аны далилдөө керек.Аны үстүнө он беш жыл өтүп кеткен ишти ким чукуп ким карамак эле.
--Муса Айдарович ,менин каякта иштееримди утуткан жоксузбу?Ошол тапанчанын сыры баарына маалым болуп кетсе эмне кыласыз.Анда он беш жыл илгерки иш да козголуп кетишинен чочулабайсызбы?
----Сиз эмне дегиңиз келип турат?
--Так эле ошол тапанча сиздин сейфиңизден чыгып отурат,буга эмне дейсиз?
Муса полковниктин оозун карап жооп бермек түгүл, тамагы кысылып кеткендей галстугун бошотуп ,шилекейин араң жутууга жарады.
--Алишер Мусаев деген сиздин уулуңузбу?Сиздин акчаларыңызды уурдап камалып кеткенин эстейт чыгаарсыз?
--Чыгыптырбы,--дегенге эле араң жарады Муса Айдарович.Бир кезде акчалары менен кошо тапанчасын да уурдап кеткени эсине түштү.
Акча да ,тапанча да ошо бойдон жок болуп,далай түйшүк жаратканын эстеди.
--Ооба,ошол кылмышкер бир адамды өлтүрүп камалып отурат.
--Шүмшүк,жашабагыр,--деп тилдеп алды Алишерди эстеп.
--Алишер Мусаев деген кылмышкерден так эле ошол тапанча табылган.
--Ошол тапанчабы мүмкүн башкадыр?
--Жок,Муса Айдарович.Так эле өзү,муну экспертиза далилдеди.Прокурор Кыязовду аткан тапанча менен Абыш Алимов дегенди аткан ок бир эле тапанчадан атылган. Анын үстүнө жоголгон тапанчанын номерлери менен дал келет.
Мусанын айласы калбай калган өңдөнөт.Бирок ,көп нерселерди акча менен бүтүрүп жүргөн Муса соодалашканга өттү.
--Жолдош полковник,эми ал малда бир аз келишпечилик да болуп кеткен.Тапанчаны мен катып жүргөнүм менен прокурордун өлүмүнө менин тиешем жок.
--Эгер,чукуй баштасак күнөөлүүлөр да оңой эле табылат,бул жагына ишене бериңиз.
--Жолдош полковник,андан бери далай суулар акты,ким бар ким жок дегендей.Ушул ишти жаап эле койсок кантет.Анын үстүнө ошол күнөөлүүлөрдү каяктан тапмак элек.Тынч жаткан Кыязовду да козгобой тим эле койбойлубу?
--Эми,ошентсек да болот ,бирок бизде ушул ишти козголушун каалап, ишти колуна алчу адамдар бар.
--Өз бааңызды айтыңыз, ошолордун оозун жабуу үчүн канча акча керек,--деп кууланып полковникти арбай баштады.
--Эгер менин жаман оюм болсо биринчи сизге келмек эмесмин, Муса Айдарович.Бирок кылмыш деген кылмыш бир күн болбосо бир күнү чындык кашкая ачык көрүнүп,күнөөлүүлөр табылып калуусу да мүмкүн.
Полковник Самарбеков чөнтөгүнөн калем кагаз алып чыкты да бир миллион деп жазды ,анан Кайрат менен Шамильди эстеди да эки жүз миң деп кошуп койду.
Муса бул цифраларды окур менен эле түшүндү да ,,жарайт,келиштик ",--деп койду.
--Анда мен барайын,Муса Айдарович жакшы калыңыз,--деп Самарбеков машинадан түшүп кетти.
Бул жаңылык аябай кымбатка түшкөнүнөн ичтен бир сөгүнүп алды да машанасын айдап үйүн көздөй жөнөдү.
Кайрат Шамилге бир эки жолу келип эч жаңылык жок экенин билип маанайы чөгүп өз иштери менен алек болуп жүрө берди.
Полковниктин ошол иш боюнча өзү аракет кылбасын билип, иш папканы кайтарып алууну көздөп,ал ишти башка жака тапшырууну ойлоп жатты.
Бул арада Алишердин иши сотко өтүп аны менен алектенген Шамиль менен сүйлөшүүгө эч мүмкүнчүлүк болбоду.
Сот процесси эки айга созулуп акыры Алишер менен Камилжанга өкүм чыкты.Натыйжада Алишерге он төрт жыл,Камилжан бул ишке жардам берүүчү катары таанылып беш жылга эркинен ажыратылды.
Мамлекет тарабынан берилген адвокаттар коргоп ишин жеңилдете алган жок.
Баардык иш жабылган соң Кайрат кайрадан тергөөчү Шамиль Жайнаковго келип прокурор Төрөбек Кыязовдун ишин жандандыруу керек деп айтты эле :
--Кайрат,биз кичинекей адамдар экенбиз .Биздин колдон эч нерсе келбей калды .Ошол ишке тийиштүү адамдар акула экен.Биздей чабактарды оңой эле жутуп койчудай.Бул жөнүндө унутушубуз керек.
--Эмне деп жатасыз жолдош майор?
--Кайрат,жогору жактан ошондой буйрук келди,ме мобуну ал да унутуп өз ишиң менен алек бол ,--деп столдун тартмайынан бир пачка акча алып чыгып столго таштап койду.
--Бул эмне?
--Бул жүз миң,оозубузду ачпашыбыз үчүн сый акы.
--Эмне ,сиз ошого көндүңүзбү?
--Башка арга жок .Эч нерсеси жок калып кеткиче ,аз болсо да бул өз мээнетибиз.
--Жолдош майор,бул мээнет эмес ,бул пара. Сиз Кыязовду өлтүргөндөрдү ашкере кылуунун оордуна пара алып жашырып жатасыз.Кыязов кайтып келбейт,ал жер астында. Ал эми канына забын болгондор сайрандап жүрө берсинби?
--Кайрат,Кыязов сенин кимиң айтчы?Жада калса аны көргөн да эмессиң.Кежирленбей мобу акчаны алгын да өз тирчилигиңди кыл,--деп тергөөчү ачууланып кетти.
--Албаймын,мен сизге окшоп саткын эмесмин.Мен бул ишти жогор жака барсам да акырына чыгарам,--деп тез тез басып эшикке чыгып кетти.
Шамиль колуна акчаны кармаган боюнча Кайраттын артынан тиктеген боюнча калды да:
--Тфуу,энеңдурайын,өз убалың өзүңө ,--деп,акчаны кайра столдун тартмайына салып койду.
Кайрат полковниктин кабылдамасына келип такыр кире албай койду.Катчы кыздан кирүүгө руксат берүүсүн суратты эле,бош эмесмин деп кабыл албай койду.
Күндөр өтүп жатты,Кайратка эч кандай тапшырма да берилбеди.Кандайдыр бир иштер болсо ,кол алдындагы Кубатовго эле буйрук берилип ошол аткарып жатты.Кайратты жумуштан четтетип койгондой Самарбековдун аны менен такыр иши болбой калды.
Ушул күндөрдун биринде Кайраттын машинасын Коопсуздук комитетинин балдары токтотту да ,Кайратты машинадан чыгарып кыймылдаба деп буйруп ,өздөрү машинаны тинте баштады.
Ары бери тинтип жатып скоч менен оролгон ак порошокту таап алып:
--Сиз,наркотикалык банги затты мыйзамсыз жүргүзүп жаткандыгыңыз үчүн кармаласыз.
Кайраттын колуна кишен салып өзүнүн машинасына салып кетишти да ,Кайраттын машинасын айып төлөчү короого киргизип коюшту.
Бирок сураксыз эле үч күнү өттү.Кайра кайра ,,мени эмнеге кармадыңар,наркотикалык банги затты мыйзамсыз кармаганымды далилдегиле.Мен эч кандай наркотикалык зат менен алектенбейм .Бул жалаа.Машинага атайын таштап ушул ишти уюштургансыңар.Бул иш полковник Самарбековдун колунан келет",--деп айтып, тергөөчүлөрдү чакырса да бири да бут басып келбеди.
Үч күндөн соң коопсуздук комитетинин тергөөчүсү келип Кайратка түз эле :
--Ага лейтенант,сиз чоң бир жетекчинин куйругун басыптырсыз.Сизди оңой эле койо бербейт.Ошондуктан өзүңүздү аяп ал иштен баш тартып,жумуштан өз эркиңиз менен арыз жазып бошоп кетпесеңиз,сизди жаман иштер күтүп турат.Сизге достук кеңешим,кыйыктанбай арызыңызды жазыңыз.Ошондо сизге эч кандай кылмыш иши козголбойт.
--Эмне мени ушундай жол менен сындыргыңар келеби,--деп Кайрат тергөөчүүгө ачууланды.
--Сиз жаш экенсиз,бөөдө өз тагдырыңызды сындырбаңыз.Ушундай буйрук берилген,сизге нарко затты мойнуңузга илип ,өзүңүздү бүт республика боюнча жарыя кылып, шерменде кылып кылмыш ишин козгоону каалайсызбы?.Өзүңүз билесиз,нарко зат үчүн кандай жаза берилерин.Мен айтып бүттүм.Эгер ошого көнсөңүз мени чакырып коюңуз ,--деп коопсуздук комитетинин тергөөчүсү камерадан чыгып кетти.
Кайратты ой басып калды.Ушунча ак иштеп ,анан шермендечилик менен иштен жөн айдалбастан камалып кетүү ,Кайрат үчүн бул акыйкатсыздыктын акыркы чеги болчу.Эгер камалып кетсе ата- энеси элдин бетин карай албай ,күйүтүнөн өлмөк.Келинчеги Алина, уулу Жакшылык анда кандай күн көрөт.
Эки күн ойлонуп ата -энесин,келинчеги менен уулун кыя албай тергөөчүнүн сунушуна макул болду.
Аны чакырып жумуштан өз калоосу менен бошогону туралуу арызын берип камактан чыкты.
Кечее эле досторчо мамиле кылган кесиптештери жүзүн үйрүп чындап эле нарко зат менен алектенген адам катары көрүшүп сүйлөшүүдөн качышты.
Ошо күндөн бир ай өткөндө кандайдыр бир зөөкүрлөр түнү кол салып Кайратты токмоктоп кетишти.Ата -энеси Кайраттын үстүнө үйрүлүп түшүп зөөкүрлөрдү каргап жатышты.Ооруканага келген милиция кызматкери Кайратты кимдер урганын териштирип ,арызын алып кетти.
Бирок ,эч кандай жыйынтыгы жок ошо бойдон изилденбей,токмоктогон зөөкүрлөр табылбай калып кетти.Он беш күн дегенде бети башы жарылган Кайрат үйүнө чыкты.
Отура берип тажаган Кайрат машинасын айдап эл ташып такси кызматына кирип кетти.Чындык жок экен да,акыйкат акчалуу адамдардын чөнтөгүндө экен деп үшкүрүнүп алат.
Ата -энеси менен келинчеги Алина :
--Сени үйдө болгонуң эле жакшы экен.А болбосо милицияда иштегениңде сени жумалап көрбөй калчы элек ,-деп сүйүнүп да коюшат.
,,Эгер мындай акыйкаттсыздыктын курманы болоорун билсем, беш жылдык өмүрүмдү окуу менен өткөрбөй ошондо эле таксист болуп алмак экенмин",---деп Кайрат ,жок жерден жалаага кабылып жумушунан айдалганына ичи күйүп кетет.
Эпилог
Кайрат машинасы менен келатса алдынан милициянын машинасы торой токтотту.Дагы эмне болуп кетти деген Кайрат, машинасын четке буруп токтотуп машинасынан чыкты эле,токтогон милициянын машинасынан чогуу окуган досу Эмилбек түшүп Кайраты көздөй басты.
Кайрат да Эмилбекке утурлай басып :
--Эмилбек досум ,алдыман торой тосконуңа жол болсун,тынчтык элеби?,--деп сурады учурашкан соң.
--Кайрат досум,тынччылык эле,сен капа болбо,мен сенин оордуңу ээлеп опер группаны жетектеп калдым.
--Оо куттуктайм,досум .Эмне капа болмок элем. Кайра кубанычтамын,мени менен беш жыл чогуу окуган досум ,менин ишими улантса,кантип сүйүнбөй койоюн,--деп ,чын ниетинде Эмилбекти сыга кучактап койду.
--Кайрат,мен сени кандайча жалаа менен айдатып жибергенин билемин.Мен бул ишти ким кылганын изилдеп,сага жалаа жапканын далилдеп,сени өз ордуңа отуруушуңа жардам берем.Ак ийилет бирок сынбайт дейт.
--Досум,рахмат жакшы оюңа. Бирок,мен үчүн өзүңү курмандыкка чалба.Алар сени да мендей кылып жалаа жаап жумуштан айдап жибербесин.Ак ийилет бирок сынбайт дейт.Бирок,барсканы күчтүү болсо ,кийиз казык жерге кириптир деген да сөз бар. Бийлик колунда турганда акты да кара деп коюу аларга оңой экен.
--Көңүлүңдү чөгөрбө ,досум.Биздин көчөгө да майрам болоор,--деп Кайрат менен коштошуп машинасына барды да :
--Досум,сен момундай балдарды тарбиялапсың,рахмат,--деп бармагын чычайта көрсөтүп,Кайраттын колунда иштеген опер группанын балдарына ыразычылыгын айтып машинасына отуруп жүрүп кетти.
Кайрат Эмилбектин кеткенин караган боюнча ойлоно,кандай гана сонун күндөрү өтүп кеткенин эстеп машинасында көпкө отурду.
ЧЫГАРМАНЫН СОҢУ
Автор Каныбек Кыргызбаев.
Беловодск.06.08.2025 жыл.
Урматтуу чыгарманы сүйүп окуган окурмандар.Ошентип дагы бир акыйкатсыздыктын курманы болгон каарманыбыздын окуясы ушуну менен аяктады.Чыгарманы күтүп окуганыңыздарга миң мертебе ыраазычылык айтам.Бар болуңуздар,дайыма үй- бүлөңүздөр менен тынч аман болуңуздар.
Саламым менен Каныбек Кыргызбаев.
#жоголгонмиллион_элдик
Каныбек мырзага ыраазычылык билдиребиз


Кызыктуу чыгармалардан элге тартуулап, жаркылдап аман журо бериниз


Комментарии 33
Бар болунуз