Анемияны кээде дененин депрессиясы деп салыштырышат —
качан организм толук күчү менен иштей албай,
жашоого энергиясы жетишпей турган абалда болот.
Психосоматиканын көз карашы боюнча,
анемия – бул ички түгөнүү,
эмоциялык чарчоо жана жашоого болгон күч-кубаттын жетишсиздиги.
Бул абалда адам өзүнүн энергиясын башкалар менен бөлүшө албайт,
анткени анын ичиндеги резервдер да түгөнгөн.
Анемия төмөнкү себептерден улам күчөшү мүмкүн:
• Эгер бала кезиңизде сизди “алсыз”, “ыйлаак”, “жараксыз” деп
башкалар сындап, сиз ошол сөздөргө ишенип калган болсоңуз,
денеңиз да күчүн жоготуп, ошол ишенимге баш ийип жашайт.
• Эгер катуу травмалардан өтүп, оор сыноолорду баштан кечирсеңиз,
денеңиз сизге тиешелүү эместей сезилиши мүмкүн,
сиз аны “жоготуп” же “башкаларга берип” койгондой болосуз,
анын натыйжасында ички бүтүндүгүңүз жоголот.
• Эгер күн сайын башкалардын кубанычын көрүп,
өзүңүз акыркы жолу качан кубанганыңызды эстей албасаңыз,
дене да ушул абалга ылайыкташа баштайт –
анын кубаныч жаратуу мүмкүнчүлүгү жоголот.
• Эгер жашоодо эч нерсе каалабасаңыз,
денеңиз да муну сезип, үмүтсүздүккө түшөт.
• Эгер өзүңүздүн жашооңузду башкалар көзөмөлдөп,
чет жактан коюлган эрежелер менен жашоого аргасыз болсоңуз,
денеңиз да каршылык көрсөтүп,
өз күчүн жана энергиясын өндүрүүнү “саботаж” кылат.
Депрессия – бул үмүтсүздүк, келечекке ишенбөө,
жашоонун жакшырышына ишенбөө.
Ал узак убакыт бою өзүн бактылуу сезбегенден,
жашоосу канааттандырбай калган шарттардан келип чыгат.
Анемияны күчөтүүчү терс ойлор:
• “Мен мындан ары баары жакшы деген түр көрсөтө албайм.”
• “Мен өзүмдүн бир бөлүгүмдү түбөлүккө жоготтум.”
• “Мен жылмайам, бирок чыныгы кубанычты сезбейм.”
• “Мен эч нерсе каалабайм.”
Өзүңдү табуу – күчтү калыбына келтирет
Өзүңдү анализ кылып, кайсы бөлүгүң бул жашоодон баш тартканын табуу маанилүү.
Сиз анын жанына барып, аны түшүнүүгө аракет кылыңыз.
Ага мындан ары аны жалгыз калтырбай турганыңызды,
анын жашоодо маанилүү экенин,
өзүңүз менен бир бүтүн экениңизди айтсаңыз,
денеңиз бул кабылдоону сезип, жооп кайтара баштайт.
Жашооңузду сүйүү менен кабыл алыңыз,
анткени сиз өзүңүзгө энергияңызды кайтарганда,
денеңиз да кайра жанданып, жашоо агымына кошулат.
Гулжан Койчуманова.
#анемиянынпсихосоматикасы_элдик
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3