Күчтүү болгондон чарчай берсек анда "күч" деген сөздүн мааниси жоголбойбу. Күч деген сөздүн өзү "бийик тоо" деген сыяктуу маанини түшүндүрөт эмеспи.
Анда эмне үчүн "күчтүү болгондон чарчадым" деген сөздөр айтылып келет? Күч менен чарчоо экөө бири-бирине карама-каршы болушабы?
Күчтүү болгондон чарчоо деген бул - алсыз болгонуң жакшы дегенди түшүндүрбөйт.
Кызык!?
Анда, бул сөздүн сыры эмнеде болду экен?
Адам...
● Аргасыз өзүн кыйнап, өз каалоолоруна каршы чыкканда чарчайт.
● тартынып, оюн ачык айтпай жүрө бергенден чарчайт,
● өз дүйнөсүн укпай башкаларга "жок" деп жооп бере албагандан чарчайт.
● сөзүнө турбаган адамга кайра-кайра ишенип, алдана бергенден чарчайт.
● Кечире албаган адамын жек көрүп, таарына бергенден чарчайт,
● бүт түйшүктү өзүнө ала бергенден чарчайт,
● жан дүйнөсүнө керектүү азык албай калгандан чарчайт,
● "сабрдын түбү сары алтын" деп, укугун тебелете бергенден чарчайт.
● ар кимдин жашоосуна кийлигишип, адамдарды сүйө албагандан чарчайт,
● көңүлүн ооруткан адамды "кечирдим" деп, анын бардык азабына чыдай бергенден чарчайт,
● эртеңкисинен коркуп, ойлору чачыраганда чарчайт,
● баарына кызмат кылып, өзүн унутуп калгандай чарчайт.
● өзүнө чынчыл боло албай, эки жүздүү боло бергенден чарчайт,
● өзүн кыйнап кошомат мамиле жасагандан чарчайт,
● пайдасы тийбей калган үчүн "эч кимге керегим жок" деген жалгыздыктан чарчайт,
● басмырлаган адамдардын сөзүнө ишенип, өзүн басынтып сүйө албагандан чарчайт.
Андан соң жүрөгү каттууланып, моралдык жактан катуу чарчайт, алсырайт, жыгылат, ыйлайт, келечегинен коркот.
Күчтүү адам...
жашоосунан рахат алат. Өзүн эркин сезүү менен тынчтыгын жоготпойт. Күч жумшап жасаган иштери үчүн кубанат, сыймыктанат. Жакшы жыйынтык алып келсе да алып келбесе да аракетинен кайтпайт. Анткени бул адамда зор ишеним жана тирүү үмүт бар.
Күчтүү адам чарчабайт, анткени...
● ал өзүнө күч бере турган багытта жашайт,
● аны артка тарткан негативтерден алыс болот,
● жан дүйнөсүн керектүү азыктар менен тоюндуруп турат,
● өзүнүн күчү жетпеген нерсеге убакыт коротпойт,
● жасакерленип өзүн кыйнабайт,
● алсыздыгын токтоосуз жүрөк менен кабыл алат,
● бирөөлөрдүн кемчилигин көрсө алгач өзүнө суроо берет.
Жашоодо өйдө-ылдый абалдар боло турганын эске ала турган болсок күчтүү болууга тийишпиз. Алсырап көрүңүз. Дароо тебелеп-тепселеп "кел, сенин жашооңду мен жазып берем" деген адамдар үстөмдүк кыла башташат.
Ал эми күчтүү адамдарга алар таасир бере алышпаганын билген үчүн кийлигише алышпайт бирок урмат көрсөтөт.
Келиңиздер күчтүү болобуз!
Күч бизге сезимдерибизди башкара билүүдө, чечим чыгарууда, өзүбүздүн үстүбүздөн иштөөдө ар дайым керек курал.
ЧЫНЫГЫ КҮЧТҮҮ АДАМ, ӨЗ ЖҮЗҮНӨН КАЧПАЙ, БОЛГОНУНДАЙ БОЛУУ МЕНЕН КҮЧТҮҮ.
Игамбердиева. Зарема
#игамбердиевазарема_элдик
Комментарии 3