Сасык тумоонун мезгили келди. Эгерде кокусунан сизге сасык тумоо жармашып, чүчкүрүп, мурдуңуз бүтүп, жөтөлүп баштасаңыз дароо бул оорудан айыгуу аракеттерин көрүңүз. Ооруну өтүштүрүп жибербестен, башталганын сезгениңизде дароо өзүңүздүн саламаттыгыңыз үчүн кам көргөнүңүз жакшы.
Мен мисалы бир нече медициналык эмес таасирдүү ыкмаларды тандап алгам.
1. Мурунга сарымсак тамчылатуу.
Сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалары менен мен түнкүсүн мурдума сарымсакты кесип салып коем. Мурун көңдөйүнүн бетин күйгүзүп албас үчүн сарымсактын кесиндилерин бинт менен ороп коюу керек. Эгерде бул ыкма убагында жасалса, анда оорунун белгилеринен арылууга бир түн жетиштүү. ошондой эле сарымсактын ширесин тамчылатып коюу да натыйжалуу келет.
Эскертүү: Бирок сарымсакты мурунга салып жатуу ыңгайсыздык жаратат десеңиз, уйку алдында бир нече саатка салып жүргөнүңүз да таасир берет.
2. Үч тарелка бал
Бул ыкма таң калычтуу болгону менен натыйжалуу. Аны тамак жаңыдан ооруп баштаганда колдонуу зарыл. Ал үчүн кадимки жалпак тарелканы аласыз да, бетине жука бал сүйкөп чыгасыз. Андан соң балдын баарын тарелканын бетинен тилиңиз менен жалашыңыз керек. Бул учурда сиздин тамагыңызга бал толук сүйкөлөт. Бир күнгө ушундай үч тарелка сиздеги сасык тумоо сен көр, мен көр жоголмокчу.
3. Тамакты туз, сода, йод аралашмасы менен чайкоо
Бул ыкма сасык тумоонун башталышында жана өтүшүп кеткен абалында да таасирдүү. Бул аралашма деңиз суусу сыяктуу болуп калат. Мен аны төмөнкүдөй даярдайм, бир стакан кайнак сууга 1 чай кашык туз, жарым чай кашык сода жана суу мала күрөң тукө жеткидей бир нече тамчы йод кошом. Канчалык көп жолу чайкасаң, ошончолук жакшы.
Эскертүү: Ушул эле аралашма менен мурун көңдөйүн чайкоого болот. Ал үчүн алканыңызга аралашманы алып, манжа менен мурунуңуздун бир жагын жаап, экинчисине тартып, кайра чыгарасыз. Ошентип мурунуңуздун эки жагына тең аз болгондо 3 жолудан жасасаңыз сөзсүз жардам берет.
4. Итмурунду демдөө
Жакшы, эски эмес итмурунду сатып аласыз да, аны кайнак сууга термоско түнгө калтырып демдеп коесуз. Таасирин жогорулатуу үчүн итмурун мөмөсүн майдалап койсоңуз болот. Бир күндө 3 стакандан кем эмес ичүү керек. Ушул сыяктуу эле башка чөптөрдөн демдеп ичүүгө болот.
5. Малина
Малина – эң мыкты табигый антибиотик. Чоң энелерибиздин текшерилген рецепттеринин негизинде малина кыямын колдонууга болот. Бирок жакшысы жаңы терилген же тоңдурулган малина сатып алып, демдеңиз. Ошондой эле кургатылган түрүн да колдонууга болот.
Ал эми сиздин, урматтуу окурман, өз тажрыйбаңызда колдонгон таасирдүү ыкмаларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз жана оорубай жүрүңүз
Төмөндө сасык тумоону дарылоодо пайдалуу ар-түрдүү рецептер келтирилет
Түштүк Африкада сууктап калганда жарымы бал, калган жарымы кара мурчтан турган суюктукту колдонушат.
Тибетте сарымсак кошулган спиртти сүткө кошуп ичишет.
Еврейлер сууктап калышканда тооктун ысык шорпосун ичишет. Шорподогу цистеин аминокслотасы былжырды азайтат, ал эми буусу мурундун көңгөйүн нымдатып, анын сезгенишин жана мурундун бүтөлүшүн азайтат.
Америкада сасык тумоолоп калаары менен төмөнкү рецепт менен жасалган суюктукту ичишкенге шашылылашт: чай кашык жалбыздын үстүнө бир стакан ысык суу куюп, аны 3-5 мүнөт жай отто ысытыш керек, андан соң аны чыпкалап алып, ага чай кашык бал кошулат; сарымсактын бир бөлүгүн майдалап туурап, кашык менен жакшы эзип, ага жогорудагы суюктукту куябыз. Даяр жылуу дары суюктукту жатаардын алдында ичиш керек.
Индияда иммундук системанын иштешине дем берген имбир кошулган чайды колдонушат. Вируска каршы 10 компоненти бар имбирь инфекциянын организмге тереңдеп киришине жакшы бөгөт болуп эсептелет. 280 мл жылуу сууга майдаланган специяларды кошуп (кара мурчтун 4 даны, 4 даана кардамон, 3 гвоздика жана даамына жараша имбирь менен корица), аны кайнагандан кийин жай отто 20 мүнөт кармаш керек. Ичердин алдында ага бир чымчым кара чай, бир аз сүт жана чай кашык бал кошулат. Боюнда барларга имбирди колдонууга болбойт.
Гректердин дарысы индиялыктардыкына окшоп кетет. Апельсиндин же лимондун 2 тилимин 2 станан кызыл виного салышат, чай кашык балды, 2 гвоздиканы жана чымчым корицанын кошуп, суюктукту кайнатып, аны ысык кезинде кичинеден ууртап ичишет.
Орустар ооруунун алгачкы белгилерин сезээри менен төмөнкү дарыны ичишет. 300 граммдык идишке, анын 1/3 бөлүгүндөй ысык чай, так ушул эле көлөмдө кызыл вино (адатынча кагор) жана да малина вареньесин куюп, бир лимондун ширесин кошушат. Жатаардын алдында ичилет.
Мексикалыктар калмепирден ашкан дары жок деп эсептешет. Калемпир былжырды азайтат, бронхту кеңейтет, коюлантуучу жана микробторду өлтүрүүчү мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ооруй баштаганын сезген мексикалык тилдин баш жагына чай кашыктын төрттөн бир бөлүгүндөй майдаланган калемпирди салып аны дароо муздак суу менен ичип иет.
Кыргыздар койдун майын көп колдонушат. Өрчүп кеткен бронхит учурунда жана кургак жөтөлдө төштү жана арканы эритилген койдун майы менен сүртүп, полиэтлен менен жаап адам жылууланып жатышы керек. Айрым учурда койдун майына бал кошсо болот Мындайда аны жатаардын алдында кылган оң. Адатынча 1-2 жолудан кийин адам жеңилдеп калат. Ысык сүткө эритилген бир кашык койдун майын кошуп жатаардын алдында 3-5 күн ичкен да пайдалуу.
Эгер 3-5 күндөн кийин жакшы болуп кетпесеңер, дененин температурасы түшпөсө, анда бул сасык тумоо же ОРВИ болбошу мүмкү
н, дарыгерлерге кайрылган туура болот.
Интернет булактарынан алынды...
Ташбу Жамиловнанын баракчасынан алып келдим.
#сасыктумоо_элдик
Нет комментариев