Таажезде каза болуп,коёр күнү бардык.Анын колундагы келини чет тили мугалими.Сегиз балалуу,биринен бири кичине.Таажезде да көп балалуу болгон.Үйлөнө электери үйдө.Айтор,бир үйдө он бештей киши жашайт.Оокат жайы иреттүү,таза.Жыл сайын кызылча эгишип,жабыла иштеп, жакшы түшүм алышат.Өз оокаттарына тың...Келиндин керээли кечке жаны тынбайт.Бир казан тамак,күн сайын нан жабуу,үй жайды тазалоо,жанагынча кишинин кир когу дегендей...мектептеги жумушу...
Эртерээк барып алган экенбиз,чоочун аялдар менен бир бөлмөдө отуруп калдык.Эми,аялдар отурган жерде бекер отургуча,айранга нан туурап жейли деп, таанышып,кобурашып отурдук.Бир аял,кудагый экен.Болгондо да жанагы сегиз баласы бар келиндин апасы тура.Ал киши орду менен сүйлөп,зыңгырап кийинген,модница,каранын сулуусу, турмушта көптү көргөн,жашоодо опол тоодой орунду алып койгондой сезилди.Өзүнүн кызы кирип чыккан сайын,энелик мээримин төгө карап,жылуу узата карап калып жатканын байкадым.
-Жалгыз кызыңызбы? Кызыга сурадым.
-Жок,эки кызым бар....Бул кыз улуу кызым,мындан кийин да бир кызым бар.Өзүм күйөөдөн эрте калгам,жаш кезинде эле каза болгон.Эки кыз менен айылда жашоом өтпөй,тобокелге салып,экөөнү алып,шаарга келе бергем.Эмне деген кыйынчылык баштан өтпөдү.Кагылып,согулуп отуруп,жашоом оңолду,үйлүү-жайлуу болдук.Тапкан ташыганым ушул эки кыз үчүн болду.Жакшы кийинттим,ичинттим,окуттум.Азыркы улуу кызым аябай жакшы окуду.Болгон олимпиада аттуудан куру калбай,орун алып келчү.Чет тилин жакшы көрүп окуду,Европага барам,ошол жакша жашайм,иштейм деп кыялданчу.Аны менен кошо кыялдарга батып уктап,максаттарга жетеленип ойгоном.Мектепте эле чет тилди суудай сүйлөчү,ата энелер чогулуштарында дайыма мактоо угуп,кызым менен сыймыктанып кайтам.Үйдө эч бир жумуш жасаткан жокмун.Элементарно,камыр жууруп,нан бышыруу,кир жууш,үй жыйноо дегенди да билчү эмес.Ал дайыма китеп менен отурчу.Түн ортосуна чейин окуйт,таң атпай туруп алып деле окуйт.Кызымдан көптү күттүм.Кийин университетке өз күчү менен өттү,аны да аябай жакшы окуду.Мен анын Европага кетерин,ошол жакта жашарын бөркүмдөй көрдүм.Жигит менен да сүйлөшпөйт.Курбу да күтүп,отуруш дегенди да билген жок.Университет-үй,үй-университет маршруту менен гана жүрдү.
Ошол эле учурда экинчи кызым начар окуду,тентек болду Үйдөгү жумуштун баарын ошол кызым жасайт.Өзүбүз шаарда жашасак да,болгону үч баш адам жашасак да,ал кызым сырттагы кемегеге тамак жасагынды жакшы көрөт.Күлала болуп,от жагып,тамак жасайт,камыр жууруп,нан бышырат, үйдөгү жумуштун баары анын мойнунда.Мен соодадамын,эрте кетип,кеч келем.Улуу кызым болсо чилистен.Аны мен ар тараптан колдойм Ушул улуу кызым бутуна турса,сиңдисин сүйрөп кетер деп коём.Ошондой күндөр өтө берди,кызым акыркы курста окуп жатканда күйөөгө тийип кетти,анын кайсы маалда жигит менен сүйлөшкөнүн билбейм.Ачуум келип,өзүм кууп келдим.Келсем,кемпир-чалга келин болуптур.Үй толо кайын сиңди,кайын эже,кайын агасы экен.Көп балалуу үй бүлө.Кудай көрүп турат,кызымды ыраа көрбөдүм.Ушунча жыл кылган эмгегим,анын максаттары,изги тилектери талкаланды.Шамал учургандай кыйсыпыр түштү.Кызыл диплом өлдү.Ошончо жыл көз майын коротуп,китеп тиктеген түндөр, экөөбүз отуруп бирге кыялданган кыялдар, жаркын келечек таразанын бир тарабында,экинчи тарабында мына бул кемпир чалдын үй толо бала чакасы,небере чөбөрөсү жана менин кызыма күйөө болчу кара баласы турду.Ушулар жөнүндө кызыма какшап жаттым,уруштум,жалындым.Болбоду.Мен ушул жерде каламын деди .Сен бул жерде кала албайсың,камыр жуура албайсың,нан бышыра албайсың,үй жыйнай албайсың,тамак жасай албайсың,уй саай албайсың,сен эч нерсе жасай албайсың ,айылдын оокатын кыла албайсың деп,дагы бир саат лекция окудум.Бир ооз гана ,,үйрөнөм,, деген жооп берди.Ошону менен артка кылчайбай,нан да ооз тийбей,чыгып кеттим.Кызыма катуу таарындым.Көпкө каттабай да койдум.Кудаларыма кеп сөзгө да келбедим.Ыйладым.Ойлондум.Максаттарга жетүүгө жарым карыш калганда жанагы кара бала кайдан чыга калды деп, күйөөсүн да жаман көрүп жүрдүм.Акыры,эне экенмин, бактылуу болсун деп,кудаларым менен эшик төр көрүштүк.Ошондо да ичим жылыбайт.Баягы аппак кызым жок.Айылдын эмне жумушу болсо, баарын кылат,колу бети туурулуп,көзүмө жаман көрүнөт.Баарынан да кызым ,,кызылча отоп жүрөм,, дегенде жанымды коёрго жер таппай тыбырчылайм.Кызылча отоого кызыл диплом керек беле деп.Кышында кызым бир жумага төркүлөп келди.Кадимкидей өзгөргөн.Кайын эне,кайын атасын жакшы көрөрүн сөздөрүнөн байкадым.Аларга чаң жугузбайт.,,Бир короо үй бүлөңөрдү кантип тойгузуп атасың,кемпир-чалдын,анын балдарынын малайы болуп жүрө бересиңби,, деп маселени кабыргасынан койдум.Эгерде ажырашууга макул болсо,ажыраштырып алайын деп ойлодум.Анда кызым ,, Мама,мен күйөөмдү гана эмес,ошол үй бүлөнүн баарын сүйөм.Апама ыракмат,баарын өзүн үйрөттү.Баары жакшы адамдар.Эгерде,дагы бир жолу ушундай сөз айта турган болсоңуз,экинчи басып келбейм,,.Ошону менен сөз бүттү...
Мына, эми,кызым өзү очор бачар болду.Күйөө балам да жакшы чыкты.Камыр жумур катышып калдык.Көрсө кыздын бактысы бир гана окууда же Европага барууда эмес окшобойбу.
-Ооба,кызыңызды билем,жакшы келин болду.Шаардык кыздай болбой,айылдын эле карапайым келини,баары колунан келет.А экинчи кызыңыз кайда?
-Сиз кандай ойлойсуз?деп суроомо суроо менен жооп берди да ,жылмайып алды.
-Экинчи кызым Европада жашайт.Мектепти эптеп бүтүп,курс окуп,тил үйрөнүп,Европага кетип калган.Ал жакта иштеп,окуп жүрүп,азыр жакшы жумушта.Бир жылда бир келип турат.Мени баштан аяк кийинткен,эс алууга путевка алып берген,жер кыдырткан ошол кыз.Күйөөсү бельгиец.Ал күйөө балам да жакшы
Мына,жашоо кандай көп кырдуу.Ээси эки кылам десе эгем бир кылат дегендей,менин мыкты окуп,Европаны багынтат деген кызым айылда,ал эми,күйпүл күчүктөй түйшүкчүл,тентек кызым Европада деп сөзүн бүтүрдү.
Тагдыр деген ушул.
Айгул Усупова.
#тагдыр_элдик
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14
Мага да ушундай билимдүү, ыймандуу, акыл ,- эстүү, мени үй бүлөм м-н сүйгөн кыз келин болуп келсе экен
Апасы болсо карыганда дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп жатыптыр..