● Кандай абалда болбоңуз, эң биринчи ӨЗҮҢҮЗДӨ БАР БОЛУҢУЗ, ӨЗҮҢҮЗДӨ ЖАШАҢЫЗ!
● Өзүңүздө жок болсоңуз, эч ким сизди толуктап бере албайт. Анткени сиздин жүрөгүңүз сизде жайгашкан.
● Өзүңүздү жоготкончо сүйбөңүз. Өзүңүздү жоготуп алган соң сизге ал сүйүүнүн эмне кереги бар. Сүйүүңүз менен бирге өзүңүздө бар болуңуз!
● Өзүңүздө түгөнүп калганча түйшүк тартпаңыз. Эгер өзүңүздө жок болуп калсаңыз, канча мээнет кылбаңыз кубаныч ала албайсыз.
● Эч кимдин куралы болууга жол бербеңиз. Анда такыр өзүңүздө жашабай каласыз.
● Эки жүздүүлүктөн оолак болуңуз. Себеби бул өз эркиңе каршы чыгуу дегенди түшүндүрөт. Өзүндө түгөнүп бараткан адамдар гана эки жүздүү боло башташат.
● Өзүңүздө бар болуу үчүн чыныгы жүзүңүздөн качпаңыз. Керек болсо эки эсе беттешиңиз. Өзүңүздү жакындан тааныган сайын, өзүңүздө бар болуп жашай баштайсыз.
● Сезимдериңиз, акылыңыз, чечимиңиз үчүн да жалгыз өзүңүз жоопкерчиликтүүсүз. Ишенип коюуңуз, кимди күтпөңүз мында сиз баары бир жалгызсыз. Күткөн сайын өзүңүздө жок боло бересиз.
Зарема Игамбердиева.
#заремаигамбердиева_элдик
Комментарии 7