- Карма дейм, метрди! – деди эжем ачуу үнү менен. Эшиктен кирип-кирбей жатып, дендароо боло, айтканын аткарганга шаштым. Эжем буркан-шаркан түшүп алыптыр. Кызы экөө чубалган узун метрди ары-бери сүйрөп, үйдүн ичин ченеп жүрөт. Эжем мыкты юрист, баса. Колунда Жарандык кодекс. Улам барагын ачып, мага карап:
- 51ди үчкө бөлсө, канча болот? – деди каардуу тигиле.
- Билбейм... – дедим.
- Көк мээ!.. Жездең экөөң минени билесиң өзү?.. Агер экинчи жанагы сөйрүктү жезде дейт экенсиң, менден бирди көрөсүн!.. – эжем бөлмөгө батпай турду.
- Жездем үйдө жокпу? – дедим сөз таппай.
- Жок!.. Жездең крит!.. Бүттү болду... Ким колхоз экенин көрсөтөм, ага!.. Карма дейм метрди!.. – эжем бөлмөнүн аркы бурчуна жыла басты.
“Иш чатак экен” деп атам ичимен. Кайран жездем, колу ачык, берешен эле. Шаарда чоңойуп, оюндагысын ойлонбой сүйлөгөнү эле болбосо, мыкты жигит болчу. Ка-аап... Эжемди “колхоз” дегенине кичине тырчыя түштүм. Биздин урукка сөз тийгизип жатпайбы. Мүлктү бөлүштүрүп баштадык. Жарандык Кодексти улам барактап коёт. Кыскасы, үйдүн үчтөн бири жездеме тиймек болду. “Ушуга шүгүр десин!.. Адам кылып койгонума миң марта ырахматын айтсын, жанагы бочка апасы экөө!..” деп эжем метрди чубалта кармап, ары-бери басат.
Жездемдин чемоданы эшиктин оозуна турат күнөөлүү адамдай...
Бирок... Бир үй-бүлөнүн талкаланганына ичим ачышып турду. “Шаарга келбесем мындай болбойт эле” деп өзүмдү жемелейм. Кызын аяп кетем. Атасын жанындай көрчү. Эжем сөзгө келчүдөй эмес. “Колхоз” дебей эле койсо болмок. Эх жездем, ай, жездем... Көзүм илинип кетиптир...
Таң эрте ашканадан жездемдин бакылдаган үнүн угуп калдым. “Кыздар чайга келгиле” деп, кыңылдап ырдап алыптыр. Дале санаам тынчыбайт десең. Акырын бутумдун учу менен ашканага кирип бардым. Эжемдин баягы айбаты жок, тооба. Жүзүнөн күлкү чайганын көрүп, “үх!..” дедим. Метр шкафтын үстүндө салаңдап туруптур. А жарандык Кодекс ачылган бойдон чалкасынан жатат...
Көрсө, эжем менен жездем урушканда, байкуш чемоданга эле күч келчү тура, эшиктин оозунан кайта берип...
07.02.2022ж
Шекербек Калыков. Бишкек ш.
#метр_элдик
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 7