-Ата, сырттагы туалетти бузуп, үйгө унитаз коёлу да, Ваня атасына кайрылат.
-Менин туалетим сенин эмнеңе тийишип жатат, эч кимге мешать этпей забордун жанында, сайдын боюнда турат.
-Уят да эми ата, современный жашасак болбойбу?
-Кой, башымды оорутпа, өмүр бою сыртта турган туалетке асылба!
Ваня үндөбөй бурулуп кетти. Кечке маал машинасын от алдырды да, караса атасы эч жерде көрүнбөдү, акырын жылып келип, туалетти сайга түртүп ийди. Эч нерсе билмексен болуп барып жатып алды. Эртеси атасы:
-Туалетти сен сайга жыгыттыңбы?
-Жок, ата.
-Мойнуңа ал, тиги Сёма досуң алманы айтпай кыйып койгондо, мойнуна алып, атасы кечирген, урушкан эмес. Ваня ойлоно түшүп:
-Ооба ата, мен кулаттым туалетти. Атасы бар күчү мене желкеге чапты.
-Ата, Сёма мойнуна алганда кечирди дедиң го, десе:
-Сёма алманы кыйганда атасы алмада олтурган эмес да...дейт имиш 🤣🤣🤣
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3