Предыдущая публикация
Белгиленди мугалимдер майрамы,
Макул болду он эки ай да жыл дагы.
Мээнетиңер акталганы ушул бул,
Ажоо болот, айга учкан эл дагы.
Дүйнө кезет, билим алып дегдеткен,
Окумуштуу чыгат ушул мектептен.
Мугалимдер "а" тамгасын таанытып,
Бүт баарысын мезгил ченеп эстеткен.
Окутканын кимдер кандай бааласын,
Узун өмүр, ден соолукту кааласын.
Ай ааламды алып берсе жарашат
Арноо белек эң жакшысын арнасын.
Мугалимдер эч бааланбай калбасын.
Билгендерди кудай өзү жалгасын...
Урулкан Т.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2
МАЙРАМЫНАР МН УРМАТТУУ МУГАЛИМДЕР!