(61-62-63 бөлүм.)
'Чындыкты көрүмө ала кетишим кыйын,эртеби-кечпи бир өлүм башымда,айтаар мезгил келди окшойт" деген Сыпаа:-Мырзабек кагылайын,мен да силерге,өзүм менен ала жаткыс сырымды айтайын,аялың Асия менен Үмүтжан бир тууган,Асия муну билип кетти,биздин бир тууганчылыгыбызды сыйлап,төрүмдөн көрүм жакын калды,саналуу убакытта бардыгын жайгаштыра албастырмын,жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын,Үмүтжандын өз ата-энеси берген ысымы Турдугүл эле,сиз бизге алыс киши эмес экенсиз,сиздер менен сиңдим бактылуу балалыктын даамын билип өстү,ушуга да каниет.Аман-эсен,кыздары бар экен,мурдараак билгенимде эмне,саналуу күндөрүм калганда таап олтурам,анын үстүнө эскини жаңыртпайын деп Асия өлөөр жылы
Касымдардыкына барып кеткен,ал учурда Сыпаанын кырк тарамышы тырышып,жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп,эч кимге унчуккан эмес.Асия каза болуп,коюлгандан кийин гана куран окутуп өзү келип кеткен.Айпери каза болгондо келип,баарыңарды алып кетейин дегенде,ичинен гана жыйрылганы болбосо,Мырзабектин бул айтканы баарынын тагдырын татынакай чечкендей болгон.Иштин ийне-жибине
чейин угушуп,эмне деп айтышаарын билбей делбе тап болгон булар,ичтен
сызыша,бир топко унчукпай,дел болуп,баш көтөрө алышпай, үч
жерде тымып олтуруп калышты.
Бир гана жеңилдегенден Үмүт-
жан жеңилдеп,Касымдын өз атасы
болбогондугуна сүйүнүп жатканын
эч ким сезбеди.
Эртеси айылдын молдосун чакыртышып,нике кыйдырткан Мырзабек,айылга той баштап,төшөк жаңыртып,энеден эрте калган үч баласына,кадыры бийик эне бол,эжең көрбөй кеткен
жакшылыкты сен көр,көзүм өтүп,көкүрөгүмдө жүрөгүм сокпой калганча,мен сендикмин,балдарым үчүн,сен үчүн жашап,силерди эч нерседен кем кылбайм деген уба-
далуу улуу анттын алдында,эки бө-
лөк,бир бүтүн болуп,үзүлгөндү улаар,чачылганды жыйнаар,энелик
улуу милдетти Үмүтжан ала,бузулган үйлөрдүн түндүгү тиреле,уугу уучтала,керегеси кенен
тартылып,эки кемтик бир бүтүнгө
айланып,жакшылыктан үмүтү үзүлбөгөн жашоолордун шамы күйүп,үй-бүлө курулду.Сыпаанын да,тилегени жерден табылып,өрт чалган денесинин табы кайткандай
жеңилдеп калды.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(62-бөлүм.)
Таазим турмуштан уу жутуп,чиедей эки кызын нары бери сүйрөп,жакшы эле азап тартып,Болгонбай менен капилеттен баш кошуп,асмандан ак кочкор багына түшкөнсүп,үйү үйдөй,жайы жайдай,эри эрдей болуп,өзү самаган,өзү көксөгөн бакытына эми жеткендей,Болгонбайдын жакасын кирдетпей,эки кызын "аталатып",ден соолугуңду арак менен суук алып койгон тура деп,доктурга көргөзүп,маалы менен тамагын берип,өксүтпөй,кемитпей,сенин ден соолугуң оңолгончо,үй-жайды карап,кыздарыңа көз бол,эми менин санаам тынч,базарды мен "талкалайм"
деп,таң заардан кетип,кечкисин эки колу үзүлүп түшчүдөй азык-түлүк көтөрүп келип,эч кимге көз карандысыз, эч нерседен кем кылбай багып,апаңызга барып келели деген демилгени да,өзү колго алып,барышкан эле
Эне байкуш кантсин,Болгонбай теңин тааптыр деп,жетине албай айлына тойчук кылып,Таазимди абдан жакшы кабыл алып узаткан.Эртең кетебиз деген күнү,Чырак баласын ээрчитип,огородтун башына барып,кенен бир саат олтуруп,келишти.Чырактын суранганы,Таазимди ыйлатпа,кыздарына тийе көрбө,жашооңдун жакшы күнү ушул,үйлүү-жайлуу чолпондой аялга туш болупсуң,эми ит болсоң,өз убалың өзүңө,өлсөң сөөгүң көмүлбөй калат деп,кан какшап узатты.Көкүрөгү тынчыбай,күнү-түнү ойлогону Таазимдин татынакай эки кызы.Болгонбайдын оңолгону оңолгон,көзү ошол бойдон,кагылайын кудайым,мунун сук көзүн кыздарга арттыра көрбө деп,күн сайын жалынганы жалын-
ган.
"Болгонбай каза болуптур,сөөгү
келе жатат" деген кабар келээри менен,Чырак "өлөөрүн өлүптүр,ку-
дай абийирдүү өлүм бере көр" деп,
тилеп,сөөктү күтүп алуунун камын
көрүшүп,боз үй тигилип жатканда,кабарды угузган Чекирди
чакырып:-Айт,жүрөгүм өлдү деген-
ди укканда жарылбаган,эми жарыл
мак беле-деди.-Жеңе,аялы бычак-
тап салыптыр,аялы өзү милицияга
барып,кыздарын убактылуу жакын-
дары келгенче деп,бир борборго алып кетиптир,укканыма караган-
да,Болгонбай улуу кызын зордук-
тайм деп,чыр ошондон деп уктум.
Милиция сөөгүн берээрден мурун,
экспертизадан өткөрдү,кандай болсо да,аялынын сотунда иштин
бети ачылат.Укканым ушул,деди Чекир.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(63-бөлүм.)
Чырактын чыркыраганындай эле бар эле,эне жүрөгүнүн сезгенин айт,бир тууганынын кыздарына кол салган неме,кандан бектен кайра тартпай,бок курсагы тойгон соң,ойлогонун оңобой,тиги сук көздөрү бир балээнин ичинен чыгат,мен бар үчүн,кыздарды кайтаргандыгым үчүн,качып кетип,шордуу Таазимге жолугуп,анын да жашоосун бузду деп,көзүнөн сокур жаш чыгарып,оозу толуп "кулунум" деп айта албай,айылдыктардын айылдай кең пейили менен,ак кепинделип,жерге берилди.Күбүр-шыбыр болсо да,тышта айтылып,бир зөөкүрдүн абийирин кара жер койнуна алып,жашырды.
Бир эки ай өтпөй эле,соттон жабырлануучу катары энесине чакыруу кагазы келип,Жийдешти ээрчиткен Таазим жолго чыкты.
Сот процесси өтчү темир тордун ичиндеги колун жаңы гана кишенден бошоткон Таазимдин бет маңдайына барган Чырактын:-Башыңды көтөр,кыздар кайда деген эки ооз сөзү Таазимдин оозун ачырып:-Апакебай,деп башка үн ката албагандыгын,салбырап,буркурап тургандыгын көргөн кишинин ааламы аңтарыла тургандай көрүнүш эле."Сот келе жатат" дегенде,баары ордунан туруп,пакене бойлуу,жүзү жылуу,орто жашап калган сот аял орун алды.
Процесс башталып,жабырлануучу тараптан энеси,карындашы катышып олтурат деп,Чырак менен Жийдештин аты аталганда эле,Чырак:-Урматтуу сот,ооба мен өлгөн баланын өз энесимин,мен энесимин деп айткандан уялып турам.Менин ит уулума иттин өлүмүн берсин деп,кичинекей жээнине кол салганда тилегенмин....деп,бардык нерсени айтып,кызым карындашы Жийде да,Таазимдин аша кол салып,өлтүрүп салганына,туура чечим кылган деп ойлойбуз.Ал Таазимдикинен кетсе да,башка бирөөнү сыздатмак.Чиедей эки кызы үчүн ушул ишке барган энеде эмне айып деп,Таазимди суроо-сопкутсуз эле чыгаргыла,эки кызынын тагдыры эмне болот деп,ботодой боздоп ыйлады.Сот айым отуз жылдан бери биринчи ирет,ушундай процесс болуп жатат деп,амалы түгөнүп,баары мыйзамдуу чечилиши керек деп жатты.Ал күнү сот иши бүткөн жок.Чырак бир ай бою соттук инстанциялардын бардык жагына чуркап жүрүп,Таазимди төрт жыл үй камагына кесип,Чырак өзү чыгарып
келди.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10