Карыларыбыз аман жүрүшсүн.
Ак баталарын берип, төрүбүздүн көркү, жашообуздун кубанычы болуп сак-саламатта, дөөлөттүү өмүр сүрүшсүн.
🌹🌹🌹
Аткан таңдан алалы биз ырыскы,
Ушул күн болсун бизге кызыктуу.
Жакшы кабар, жүрөктөрдү кубантсын,
Биз жашайлы ар бир күндү татыктуу.
Ак баталар, каалоо тилек айтылсын,
Жаратканым кабыл кылсын баарысын.
Жолугушуу, той, майрамдар көп болсун,
Кудай берсин эки дүйнө жакшысын.
🌹🌹🌹
КАРЫЛАР ДЕЛЕ ЖАШ БОЛГОН
Карылар деле жаш болгон,
Кырчындай жаштык убакта.
Кылактап оюн салышып,
Кылтылдап кырк жаш куракта.
Эр ортону эллүү дешип,
Элирип далай ойношкон.
Эстен кетпейт ал күндөрү,
Эрме чөлдү бойлошкон.
Алтымыш жашты атташып,
Ардактуу эс алышты.
Азыр деле жашбыз дешип,
Абайлап басып калышты.
Жетелешип жетимиште,
Жаштыктын ырдап ырларын.
Жашайлы бирге ээрчишип,
Жашоонун көрүп жыргалын.
Сексенден ары ашканда,
Жакбай калат сөздөрүң.
Бозомук тартып тунарып,
Курчу кетет көздөрүң.
Карылар болсо төрүндө,
Ырыстуу болот үй бүлөөң.
Кут төгүлүп үйүңөрдө,
Берешен болот дүнүйөң.
Автор
Айнаш Исмаилова.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3