(58-59-60 бөлүм.)
Эски көрүстөндүн этегиндеги жаңы жалгыз мүрзө,чалыныкы экенин айттырбай билген Сыпаа,кыздарына баса бергиле дегендей ишарат кылды да,өзү мүрзөгө жакын келип,көчүк басты:-Кара жерден айланайын,сенин сөөгүңдү ит-кушка жем кылбай катып алганына баа бердим.Болбосо,сенин жексурлугуңду,маңкурттугуңду билип туруп,бир ууч топурагымды ыраа көрбөс элем.Сени кайсы шайтан сүзүп,кенедей кызыңды чыркыраттың,кантип дитиң барды,эмгиче денем дүркүрөйт,сен төрт аяктуу айбан экендигиңди билгенимде,өз колум менен тытып,өлтүрөөр элем.Мындан бир канча жыл мурун жер төлөөгө музоо түшүп кетиптир деп,экөөбүз эки үч ирет чыгарган элек,көрсө сен арам малдын да,абийирин булгап жүргөн турбайсыңбы?Кардым эмес кадырыма наалат айтам,сени менен бир жаздыкка койгон кайран башым,ала жип аттабаган,өмүр бою сенден башка бир адамга ачпаган этегим,бөтөн эркектин колу эмес,сөөмөйү тийген
де,үрккөн денем,кайран гана бир
чөөгө тепселенген жаштыгым,уйпа-
ланган өмүрүм.Адам менен эмес,
айбан менен эмес,маңкурт менен
текке кеткен тагдырымдын бүтүндөй ойрону чыгып,ак кепин-
деп,аруу жууп,бегим,береним деп,
кошок кошпой,өз босогоңдон сөө-
гүңдү чыгарбай,дүңгүрөтө "эсил кайдан" айтылбай,караңды жамынбай,чычкандын өлү-
мүндөй өлүмгө өзүң өзүңдү татык-
туу кылып,эскини жаңырта,этектей
жерди ыраа көрүп,сени жашырган
кара жерге наалат.Сенин сөөгүң кө-
мүлбөй,айылдын төрт көчөсүнүн кабанаак иттери,башыңды тоголотуп,жилигиңди жерге тийгиз-
бей,жула качып,талап жегенин көрсөм,моокумум канмак.Наалатым сага,көзүмдүн тирүүсүндө,тозоктун отуна күй,жер
да батыра албай,сөөгүң көрүңдөн чыгып,кепиниңди кемирип,тирүү-
нүн көзүнө урунба.Чырактай кызымдын арбагы урсун,жерге бат-
пагыр,тирүүңдө. көзүңө айтсам болмок,ылайым,сөөгүң чачырап,ал
жайда да,жай алба.Мына ушунун
баарын айткан Сыпаа жеңилдеп,"апа" деген үндөн селт дей түштү.Чоң машина жолдон,Айгерим кыйкырып жаткан
эле,жеңил машинанын токтоп тур-
ганын көргөн Сыпаа,кадамын тез-
детти да,кайта кайрылып келемби,
келбеймби деген ой менен,бир азга
токтоп,айлананы тегерете карап туруп,жөнөдү.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(59-бөлүм.)
"Төлөккө шар бара жаткан машина экен,апа.Ырас болбодубу"деген,Үмүтжан,апасын олтургузду да,эңкейип чекесинен өөп койду.Сыпаа өрттөнүп турган,ишенип таштаган балапанын жоготуп,өзүн күнөөлүү сезген Сыпаа үчүн,бул көрүнүш эне-бала ортосундагы түбү жок мамиленин эң кымбаты эле.Айдоочу өтө шайыр,сүйлөөк неме экен:-Секрет болбосо,кимдикине баратасыңар деп сурады."Кошаалынын
Мырзабегиникине баратабыз,ал менин инимдин баласы"деди,Сыпаа.-Аа,Мырзабек байке Төлөктө эмес да,ал берки кардондо эле турат эмеспи.Тойго эрте бараткансыздар го,кечээ эле мени "ээ кыйсыпыр,жеңелүү кылайын,алтынчы
күнү бошсуңбу"дегенинен,сиздин бир ооз сөзүңүз,катта майрам дегенмин.Ушул алтынчы күнү алып келет дейби деп тактап сураган айдоочунун сөзү,тигилерди чекеге томуйта бирөө черткендей болду."Каяктан алат экен" деп,сураган Сыпаага:-Билбейм,башка айылдан го,болбосо мени айдатпайт эле,өзү деле жакында машина алган.Сонун адам да,байкуш аялы да,жакшы жеңе эле,сизге абдан окшош болчу,сизди көргөндө,Асия жеңени көргөндөй болдум деген айдоочу да бир ирет,Үмүтжанды карап койду.Үмүтжандын ою бузулду,апама айтып,артка кайтып,Апар тайэжемдикине кетсекпи,бир ооз бир нерсе айтты деп эр издеп келе жатканымды кара,чын эле үйлөнгөн жатса,үйрү тобубуз менен барып калганыбыз кандай болот деп оюнун аягына чыга электе,тар жолдун чекесине чыга токтогон кара мерседестен,Мырзабекти даана тааныды,Үмүтжан.-Мына,өзү тосуп келе жаткан турбайбы,ал катар токтоду да:-Мырзабек байке,конокторуңузду мен алып келе жатам деди,башын терезеден чыгарып,артыман айдаңыз деген "кыйсыпырга":-Кайсы коногум,
мен запчастька бараткам,борборго деген Мырзабек алдыңкы орундагы
Сыпааны көрүп,машинесинен шашып түштү да,эшигин ачып,кубанганын жашыра албай:-Мен өзүм барып алып
келейин деп жаткам,кана менин машинеме түшүңүздөр деп,чоң эле киши калдастап,бардыгын өз машинесине отургузду.-Омей,байке
жеңем өзү келе жатыптырбы деген
"кыйсыпыр" оозун ачып,мерседес-
тин чаңында кала берди.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(60-бөлүм.)
Алыс жакта жүрүп,өз үйүнө келгенсип,Мырзабек үйгө келээри менен эле,Сыпаанын бөлмөсүн көргөзүп:-Жетише албай калдым эжеке,терезени чоңойтуп берсемби деп ойлогом,бул бөлмө апамдын бөлмөсү эле,кичине терезени чоңойтсоң бардык тарапты көрмөкмүн дечү,жасаганга үлгүрбөй калдым.Эми,сөзсүз чоңойтом эжеке,баарын көрөсүз,бул жактан деп,Сыпааны кучактап өөп,чыгып кетти.
Айыл уу-дуу:-Ботом,тийчү немеси өзү издеп келиптир го деп бири айтса,-ой,ал деген Асиянын эле сиңдиси экен,Асия балдар үйүндө чоңойгом деп жөн эле айткан го,же катышчу эместир,тим эле эки тамчыдай болгон неме экен,тестиер кызы менен келиптир дешип,жаңшып жатышты.
Мырзабек ошол эле күнү бир козусун көтөрүп чаап союп,Сыпаанын алдынан өтүп,уруксат сурап,адал нике кылайын.Мындан кийинки жашоо-
тирилигиңер менин мойнумда,уу-
лум деп эсептеңиз деп:-Жубайым
Асияны онунчу классты бүтүп,Мин-
Кушта фломастер чыгарган завод-
то иштеп жүргөндө таанышып,ала качып алгам.Анда төркүн жок,эки кызын өлөөр алдында апасы балдар үйүнө тапшырып кеткен экен.Сиңдисин бирөөлөр багып алып,дайынын да,билбей калып-
тыр.Көп жыл издеди,архив өрттөнүп,эч нерсе табылбай калды.Өзү жаман дартка кабылып,
беш жыл алыштык,ооруну жеңе ал-
бадык.Үмүтжанды көргөндө,жогот-
конум табылгандай болду,мен кызына ата,Үмүтжан балдарыма эне болсун эжеке,өлбөгөндөй оокат,мал-жан бар,эч нерседен кемитпей,кор кылбай,жаман суук
сөз тийгизбей багып алууга кудуре-
тим жетет.Сиз менин бир тууган эжем,энем,кайынэнем катары үйү-
бүздүн куту,төрүбүздүн көркү болуп,
бакдөөлөттүү өмүр сүрүшүңүзгө,
шарт түзүп берүүгө милдеттүүмүн.
Айткан ак тилегиме Үмүтжан деле
каршы болбостур,сиз каршы болбосоңуз,айылымдын ак батасын алып,той кылайын,буга кандай дейсиз,эжеке деп,Сыпаага
кайрылды.
Сыпаа көз алдынан нелерди чуурутуп өткөрүп жатканын ким билсин.Согончогу канабай жүрүп,
жетим балдар үйүнө барып эркек уул багып,алгылары келген.Балдар үйүнүн директору жакшы тааныш,
жердеш болгондуктан,эркек баладан көрө таза ден соолуктуу
кыз ал,эки бир тууган кыз бар,бири
оорулуу экен,жүрөгүндө бар.Бири
таптаза,издээри жок,томолой,доку-
менти да тез бүтөт деп,ошол аялдын тили менен,Үмүтжанын асырап алганын,эстеп олтурду.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9