Бир адам соода кылуу үчүн сапарга чыгат. Кеме менен деңизде бара жаткан учурда катуу шамал болуп, толкун кемени оодарып кетет. Оозу-мурдуна суу кирип, алы куруп калган жолоочу бир тактайдын үстүнө чыгат да, эсинен танып калат. Бир убакта көзүн ачса кум үстүндө жатыптыр. Көрсө ажалы жетпеген жолоочуну толкун аралдын жээгине чыгарып салган экен. Ордунан араң турган ал эки жагын караса, өзүнөн башка бир да жан жок. Ары басып, бери басып, акыры ээн аралда жалгыз калганын билет. Олтурганда эмне, баары бир жашоо керек. Жолоочу жашоо үчүн күрөшө баштайт. Дарактагы мөмөлөрдү чогултат, чөптөрдүн тамырын терет. Чакмак таш таап от жагат. Ошентип, аралда жашоо башталат. Ар кандай бутактарды чогултуп, камыш менен байлап өзү батчудай баш манек жасап алат. Күндөр күнгө уланып олтуруп, арадан бир жыл өтөт. Бирок, аралга эч ким келбейт. Бир күнү кармаган балыгын кууруу үчүн от жагып, балыкты ага бышырып олтурса, жанынан бир канаттуу учуп өтөт да араак барып жерге конот. Жолоочу дароо таягын алып анын артынан чуркап жөнөйт. Эми эле чаап алайын дегенде канаттуу уча качат да, дагы бир аз ары барып конот. Ошентип олтуруп жолоочу бир топ узап кетет. Акыры аны кармоодон үмүтүн үзүп ордуна кайра келсе, ал жерде сапырылган күлдөн башка эч нерсеси калбай күйүп кетиптир. Кайгырган жолоочу Аллага кайрылып: "Оо, Аллахым, эмне үчүн мени мындай абалга калтырдың? Мени ысык-сууктан коргогон ушул алачыгым эле, эми эмне кыламын" - деп, ыйлай баштайт. Ошол убакта анын кулагына кимдир бирөөлөрдүн басып келе жаткан дабышы угулат. Кайрылып караса жанында үч адам турат. Сүйүнүп кеткен жолоочу тигилерди кучактап жыгылат. Анан алардын бул жерге эмне үчүн келгендигин сурайт. "Биз кеме менен дайыма ушул аралдын жанынан өтөбүз. Бүгүн да ушул жерден өтүп бара жатып, асманга көтөрүлгөн түтүндү көрүп калдык да бул жерде бирөө болсо керек деп кайрылдык" - деп, жооп берет тигилер. Ошондо өз кемчилигин түшүнгөн жолоочу Аллага сажда кылып, жаман күмөн кылгандыгы үчүн кечирим сураган экен. Жамандык артынан жакшылык болору шексиз.
Алайчы Сейитбеков
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Ошондо Сарын бекем болот.