(56-57 - 58бөлүм.)
Эски көрүстөндүн этегиндеги жаңы жалгыз мүрзө,чалыныкы экенин айттырбай билген Сыпаа,кыздарына баса бергиле дегендей ишарат кылды да,өзү мүрзөгө жакын келип,көчүк басты:-Кара жерден айланайын,сенин сөөгүңдү ит-кушка жем кылбай катып алганына баа бердим.Болбосо,сенин жексурлугуңду,маңкурттугуңду билип туруп,бир ууч топурагымды ыраа көрбөс элем.Сени кайсы шайтан сүзүп,кенедей кызыңды чыркыраттың,кантип дитиң барды,эмгиче денем дүркүрөйт,сен төрт аяктуу айбан экендигиңди билгенимде,өз колум менен тытып,өлтүрөөр элем.Мындан бир канча жыл мурун жер төлөөгө музоо түшүп кетиптир деп,экөөбүз эки үч ирет чыгарган элек,көрсө сен арам малдын да,абийирин булгап жүргөн турбайсыңбы?Кардым эмес кадырыма наалат айтам,сени менен бир жаздыкка койгон кайран башым,ала жип аттабаган,өмүр бою сенден башка бир адамга ачпаган этегим,бөтөн эркектин колу эмес,сөөмөйү тийген
де,үрккөн денем,кайран гана бир
чөөгө тепселенген жаштыгым,уйпа-
ланган өмүрүм.Адам менен эмес,
айбан менен эмес,маңкурт менен
текке кеткен тагдырымдын бүтүндөй ойрону чыгып,ак кепин-
деп,аруу жууп,бегим,береним деп,
кошок кошпой,өз босогоңдон сөө-
гүңдү чыгарбай,дүңгүрөтө "эсил кайдан" айтылбай,караңды жамынбай,чычкандын өлү-
мүндөй өлүмгө өзүң өзүңдү татык-
туу кылып,эскини жаңырта,этектей
жерди ыраа көрүп,сени жашырган
кара жерге наалат.Сенин сөөгүң кө-
мүлбөй,айылдын төрт көчөсүнүн кабанаак иттери,башыңды тоголотуп,жилигиңди жерге тийгиз-
бей,жула качып,талап жегенин көрсөм,моокумум канмак.Наалатым сага,көзүмдүн тирүүсүндө,тозоктун отуна күй,жер
да батыра албай,сөөгүң көрүңдөн чыгып,кепиниңди кемирип,тирүү-
нүн көзүнө урунба.Чырактай кызымдын арбагы урсун,жерге бат-
пагыр,тирүүңдө. көзүңө айтсам болмок,ылайым,сөөгүң чачырап,ал
жайда да,жай алба.Мына ушунун
баарын айткан Сыпаа жеңилдеп,"апа" деген үндөн селт дей түштү.Чоң машина жолдон,Айгерим кыйкырып жаткан
эле,жеңил машинанын токтоп тур-
ганын көргөн Сыпаа,кадамын тез-
детти да,кайта кайрылып келемби,
келбеймби деген ой менен,бир азга
токтоп,айлананы тегерете карап туруп,жөнөдү.
(Уландысы бар.)
(56-бөлүм.)
Убакыттан өткөн дарыгер жок да,мезгил таразалап,убакыт дарылап,тирүүлүктүн арабасынын дөңгөлөгү жешилбей,тешилбей,кылдырап жүрө бере тургандыгын аңдабайт экенбиз.Айперинин өлүмү ар бир үйдөгү кыз балага аяр мамиле жасатуу менен
эр бүлөнү баш көтөргүс кылгансып,атаңдын гөрү,аны өзүбүз эле соттоп,бычып салмакпыз,акмакты дешип,жаш кары дебей ызырынышып,эми гана басылгандай болду.Бир гана бул үй-бүлөөдө эч нерсе унутула турган эмес,Үмүтжан короого кире албайт,Айгерим уй саап жатсам,тайатам артымда карап ту-
руптур дегенден кийин,Үмүтжан энесине көчүп,жер которуп кетүүнү
сунуш кылды эле,Сыпаа да,жерге батпай,араң жүргөнбү,дароо макул
болду.-Агаңдын үйү,алып кал,кай-
рылып келе турган эч ким жок,ку-
ран окутуп,Айперини эңсеп келсек,
элим-журтум сен турбайсыңбы,эм-
не кылсаң,өз эркиң,асты жер төлөө
нү жер менен жексен кыл деген
Сыпаа,чейрек кылым жашаган үйү
нөн,жөн гана бир жакка кеткендей
чыгып кетти.
Аларды узатып жаткандардын ыйлаганын айтпа,чиркин уккандын
кабыргасы сөгүлүп:-Эми каякка ба-
рат байкуштар,Сыпаага кыйын болду,төрүнөн көрү жакын калган-
да,жер которуш оңой бекен дешип,
"жол караган озот,жер караган тозот",ботом,Үмүтжан да,бир нерсе
ге,ишенип чыгып кеткендир.Ээр-
чишкен үч муунду айт,жаралары айыгып,жандары тынч болсун деп,
тилешип,чиеленген турмуштун та-
таалын кара,ушундан көрө,айыл-
дын бир баласы зордуктап койсо,мынчалык оор болбос эле
дешсе,ээ койсоң,дагы бир шордуу
шорломок да,өлчөөсү өзү менен
кетсин дегендер да,болду.
Алардын беттеген жери бар,Сы-
паанын мындайраак бир тууганынын жалгыз ба-
ласы Төлөктө турат,малдуу-жандуу,
мындан төрт жыл мурун аялы төрөттөн каза болгон,үч баласы-
нын алды,студент.Өткөндө,сөөккө
келгенде:-Эжеке,балким силерди
алып кетейин,баарын эстеп,көрүп,
жашай албасаңыздар керек,бал-
ким Үмүтжан макул болсо,баш ко-
шуп алсак,эч кимибиз эч жерде кор
болбос элек,балдар үчүн кандай немеге туш болом деп,үйлөнбөй жү
рөм,баарыбыздын башыбыз кошу-
луп,армансыз адамча жашасак,бир
ойлонуп көрүңүз деген эле.Сыпаа да,Үмүтжан да,бул сунушту отуз силкип,кырк кагып,туура көрүшүп,күткөндөрү бардай,басып
кеткендери да,ошондон.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(57-бөлүм.)
Кайран гана аты таттуу тирүүлүк,пендеңди он ойнотуп,тогуз толготуп,эпке келтирип,тагдырын чүкөдөй чөк да,бөк да түшүрүп,алеки заматта айкүр кондурганына не бересиң.Жолго чыккан үч караандын ою үч бөлөк.Күлгүндөй өмүрү,кыз алган жары менен кечирген бир бакча өмүрү,кастарлаган кайындары,алдынан аттап өтпөгөн абысын ажыны,улуу деп сыйлаган
улуу айылы,түбөлүк жазданаар топурагы калып,көз алдынан урунттуу нерсесинин баарын өткөргөн кара жыгачтай катып,сы-
ры кетсе да,сыны кетпеген сыр аяк
тай болгон Сыпаа,жол четиндеги көрүстөндүн тушуна келип,Айпери-
нин мүрзөсүнө токтоп,отура кетти
-Кечир,каралдым.Мен калкалай ал-
бадым сени,сени бөлөктүн көзүнөн,
бөтөндүн сөзүнөн коргоп,жолуңду
карап,колтугумда кордук көргөзбөй
агып,энеңдин аманатына кыянат-
тык кылып,чөөгө жем кылганымды
эстегенимде,өзүмдү кечире албайм
Кечир,мени көлөкөм.Акыретте мен
сага жолукпаганга аракет кылам,се
ни кантип тик карай алам карал-
дым.Бармактайымда баш кошуп,
өмүрдүн ысык-суугун чогуу тарткан
адам аттуу айбан менен жашаган-
дыгымдын өзү менин кемчилигим.
Каралдым,эмнеге чыдадың зөөкүрдүн зомбулугуна,күлгүндөй
жаш денеңе каапыр кантип батын-
ды,акылым айран.Кенедей жүрөгүңө баарын кантип батырдың
жаркылдаган жарыгым,кантип "ата"дегенге оозуң барып,зымга тизгендей,сыр бербедиң.Акылың-
ды калчап,ажалды тандадың ка-
ралдым,жигин билгенде,ошол жер
төлөөгө өз кепинин өзүнө кийгизип,
жексен кылып,азыр сени ээрчитип,
басып кетпейт белем.Балалыгың-
дын балдай убагын убайым менен
өткөрүп,менин эмнемди аядың,ал
өзүн өзү жазалады,ал ошондой өл-
үмгө татыктуу болду.Чын жашоо
ошол тарапта болсо,жолуңдан чык-
пасын,тозоктун отунда чыркырап,
сени чыркыраткан жанын от көзө-
сүн,жарыгым.Жан бөлөк экен,ажал
да бейчеки келе бербейт тура,сага
садака чабылсам кана.Биз тирүү-
лүктүн кучагында болгондуктан,
жашоо үчүн сапар алдык,карал-
дым.Ушуну менен кайрылып келем
би,келе албаймбы,айта албайм,ка-
ралдым,тынч жат.Өлүк жер танда-
бас,кайсыл жерден топурак буйруйт,
ким билет,карегимдей карай албай
соолуттум,кош жарыгым,тирүүмдө
карегимдесиң,ал акырын турду да,
мүрзө топурагын уучтап,шуу жыттады да,алдыга басты.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Тооко жем чачкандай кылбастан бул группа дагы айныды мурун тезтез чыгарчу
Ишине ийгилик каалайм