(51-52-53-54-55 бөлүм.)
-Ушулар кууратат эми,менин классымда сегиз окуучум мигранттын балдары экен,албай коёюн десем,өзүнүн балдарынан беш бетер,Жазгүл да,ыйлап туруп албадыбы,ошонун классы болчу да,ал декретке кетти.
-Меники деле ошол,болгондо да,жеңе,эжеде калган балдар,тайэне менен чоң энеде калган балдар жыргал да,жеңе менен эжеде калгандардын башы оорубайт,ишенсең бири да басып келип окуусун,жүрүш-турушун сурап да коюшпайт.Тиги байкуштардын балдарын багып жа
там деп,ай сайын акча алышат.Ка-
сымовдордон барбы сенде,быйыл
Жазгүлдөгү кызы бир башкача болуп жүрөт,сабакка эптеп эле ке-
лип кетип,контакттан качат.Психи-
касы абдан бузулган,кечээ айтай,-
ын деп,сабактан кийин калуусун
өтүнсөм да,кетип калыптыр.Бүгүн
тайэнесине жолугуум гана керек эле,минтип кудагыйлардан кол бошобой,бара да албай жатам деген ачык жоопту,айттым соцпед
агогко.Көз сала жүрсөң сен дагы дешип,айрылышка келген эки эжеке кош айтыша жолго түшүштү.
-Кокуй наалат,катыгүн анча эмине таш батты байкушка,тайэнеси деле жанын ке-
йитчү эмес эле дешип,кечээ эле
кеп кылган эки эжекенин бири айтып жаткан окуучу кыздын сарай
га асылып калгандыгы тууралуу
суук кабар айылга дүң этти.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(52-бөлүм.)
Айгерим менен Айпери Касым абышканын жээн неберелери,мындан үч жыл мурун,Касымдын жалгыз кызы Үмүтжандын жашоосу бузулуп,эки кызын ээрчитип баса берген,анда Айпери жетинчи,Айгерим бешинчи класста окушуп,Үмүтжан санаасы тынч эле иштеп кеткен.Үйдө келин жок болгондуктан,кол арага жараган эки кыз Сыпаа кемпирди жыргатышып,алкышты гана угуп турушчу болду.Мектепте да,мыкты
окушуп,"мигранттын балдары" деген көйгөй жаратышкан эмес.Кыздын өлүмү табышмак болуп турганда,участкалык милиционер кыздын чөнтөгүнөн кат таап,Касым абышканы,огород-
тун аягына алып барып сүйлөшү-
шүп,милиционер менен жакала-
шып,кат талашып,милиция өпкөгө
эки коюп,огородтун темир казыгы на такай олтургузуп,ныгырып,
колуна кишен салып,үйгө басып ке-
лип,кемпирин чакырып,бир топко
сүйлөштү да,машинесин минип бир
жакка кетти.Өкүрүп келгендер болбосо,үн чыккан деле жер жок,бир огородту,бир огород киши кайтарганы аз келгенсип,кимдир бирөөлөрдү күтүп да жатышкандай.Аңгыча,"тез жардам" машинасына куйрук улаш,милиция
нын машинеси келди да,"какылдап-
какшап,"жаткандардын жанын тын-
дырып" сөөктү,Касымды,байбичесин бир
заматта машинага салып кетишти..
Жайында байкуш кемпирдин кан басымы токтобой,"тез жардам,"чакыртышып,бир ай жаткан убакта,эки кыздын чүнчүгөнүн,Касым абышка жинди суудан ичип алып,кыздарды кубала
ганын,тили заар,жаман карыган турат,кара башына көрүнгүр дешип кеп кылышып,кемпири ооруканадан чыккандан кийин,бул
ырысы жок сөздөр кан буугандай
токтогон.
Бүгүнкү кыздын сырдуу өлүмү
тууралуу айылдагылардын ар биринин өзүнүн ой түйнөгү бар,бирөөдөн эле сөз чыкса,туура
сы да,туура эмеси да,ыдыраган ту
рат.Азырынча,эч ким оозун ача
элек.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(53-бөлүм.)
Айперинин табышмактуу өлүмүнүн жандырмагынын чечилишин чыдамсыздык менен күткөндөр,кимден эмне деген сөз чыгаар экен дешип,биринин оозун бири аңдып турганда,Айперинин сөөгү менен кошо келген тайэнеси жана чоң тайэжесинин ыйы менен коштолуп,чуру-чуу башталып,эмне болуптур,катка эмне деп жазып кетиптир деген түкшүмөлдөр,чыбыктай татына кыздын өлүмү баарынын сай-сөөгүн сыздатып,сөөк менен кошо келбеген Касым абышканын,эмне себептен келбей калганын ар ким өзүнчө,божомолдоп жатышты.Милициянын машинеси келип токтоору менен,участкалык милиционерди тегеректегендер,андан бир нерсе күткөндөй,тегеректеп калышты,ал деле ушул айылдын кулуну болгондуктан,көзүн жашырып бир нерсени тээ тереңге каткандай,унчукпастан,баштыкка салынган бир нерсени Бүбүалыйдын колуна карматып,машинесине олтурду да,чаң ызгыта айдап кетти.
Айперини жүзү кара Касым чал тээ
Сыпаа ооруканада жатканда зордуктап,эгер айтчу болсоң,баарыңарды уктап жатканда,балталап салам дечү.Сыпаанын көзү кандай жок болду,ошондой жер төлөөгө түшүрүп зордуктоочу,жер төлөө кампа тамдын ичинде болгондуктан,биринчи Айперини
киргизчү да,чоң эски кулпуну илип,өзү кампа тамдын чокусундагы оюктан түшүп келчү,акыркы жолу маскара Касым:-Сен мага эркек төрөп бересиң,эч кимге айтпайсың,балакатка жеттиң,оозуңдан жел чыкса,тайнеңди биринчи өлтүрөм,баарыңды өлтүрөм деп,бурчтагы кош ооз мылтыктын огун алып,кайра салып,жүрөгүнүн үшүн алып койгон.Сыпаанын көзүнчө,ал өтө камкор эле,Айпери суранып,бир жакка бара турган болсо,ныпым уруксат берчү эмес.Ошондон мурунку күнү жер төлөөгө киргизип,каалаганындай кумарга бата албай,карылыкка моюн сунган какбаш,Айперинин айласын кетирип,амалын түгөтүп,ал кош оозду алып,атам дегенде,кундак менен жон талаштыра коюп,каалаганын кылган.Анын толук сабыры түгөнүп,баарыбызды кырып салгандан көрө,мен өлөйүн деп,катты жазып,асылып алган.Жамандыктын жерге жатышы кыйын го,катты алып окуган Алмаматтын,чалды ныгыра машинесине салып кеткени да ошондон,райондук ички иштер бөлүмүнө кирээри менен,кылганын эч кынтыксыз мойнуна алган Касымды,ал жердегилер суроо-сопкуту жок эле,атып таштагылары келсе да,мыйзам деген улук нерсе,тизгиндеп турду.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(54-бөлүм.)
Бир айыл эмес,уккандын үрөйүн учурган бул суук кабар,ар бир кыргыз баласынын үйүнө уурданып кирген каракчыдай,далайдын сай-сөөгүн сыздатты.Касымдын дарегине наалат айткандар ага "өлүм" тилегендер,айрыкча ичинен кан өтүп,көр тирлик деп жүргөн мигранттардын ичкени ирим,жегени желим,эч бир адам жакынынан мындай жексурлукту,маңкурттукту күтпөсө керек.Үмүтжан түндө учуп келет экен деп,тоскону кеткендердин заманасы куурулуп,эмне деп айтып алып келебиз дешип,араң кетишти.Бир гана отурган ордунда жыгачтай каткан Сыпаа,үн катып,кыймылдаган жери жок,күлгө айланган денеси кыймылдаса сапырылып кетчүдөй болуп,улаганы теше тиктеп,кан-сөлү жок олтурат.Улам эшиктен кирип,көз көргөзгөн катын-калачтардын айткан сөзү деле кулагынын учунан кетип,эмнени ойлоп,эмнени таразалап олтурганын сезген адам жок.Кара жер жердигинен,адам адамдыгынан көтөргөн бул каргашалуу кайгыны айтууга адамдын акылы түгүл,тили күрмөөгө келе турган эмес.Үмүтжан терминалдан өтөөрү менен колтуктан алган жеңелери,шап эле барган машинеге салышты,жол ката ансыз да ыйлай берип,муун-жүүнүнүн баары бошогон Үмүтжан:-Атам менен апам байкуш кантти деп ыйласа,жанына киши тура албайт,эмнеге мурунураак ооруканага алып барган жок,апам чыдап тура алчу эмес эле го деген Үмүтжанга:-Сокур ичегиси жарылып,ириң канга тарап кеткен деп,телефондон айтышкан экен.Айпери операция болгон жатат,келгин десе,акча салайын,ишим азыр жакшы жүрүп жатат,жакшылап көрүнсүн дегенинен,келбей калбасын деп,угузушкан тура.Боз үйгө киргенде эле,энесин басып жыгылган Үмүтжан,тура калып эле:-Айперим,кызым деп,көшөгөнү жулкуп,бетин ачаары менен,апааа деп бир катуу чаңырды да,жерге кулады.Асылган музоо байлаган аркандын тагы даана көрүнүп,аны жашыруу мүмкүн эмес эле.Эптеп эсине келген Үмүтжан,эч кимден эч нерсе сурай албады,ал бирөө зордуктап койгон,боюнда болуп калып,асылып алды да деп,ботодой боздоп олтурду.Айгерим да,апасынын жанына жакын жологондон тайсалдап,эси ооп олтурат.Ал күнкү таңдын атмагы тозок болуп,сөөктү жума күн болгондуктан,эрте эле чыгарып кетишти.
(Уландысы бар..)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(55-бөлүм.)
Периштедей,бей күнөө,зордук менен зомбулуктун курмандыгы болгон баёо дүйнөсүн ылайлап,тебелеп,аябаган,башкадан эмес,эң жакын адамынан кордук көрүп,башка жакындарынын тынчтыгын коргоп,өз жанын кый-
ган Айперини тааныганы да,тааны-
баганы да жоктоп,ыйлап турду.Сөө-
гү коюлаары менен,кайдан-жайдан
келгени белгисиз бир куюн айыл аралай келип,айылды чаңызгытып
кетти да,заматта ачык асман бетин
көөдөй кара булут каптап,кара нөшөр төгүп кирди.Түшкө жетпей башталган нөшөрлөгөн жамгыр коюу түнгө чейин токтободу.Бир эле бул айылда эмес,райондун бор-
борунда да,жарык өчүп,Касым отурган камерага бир караан жакындап келди да:-Ээ,чал деп,
акырын үн катты.Калчылдаган Касым,үрүл бүрүл караанга жакын-
дап,тигил караан колуна бир нерсе
карматып,шарт басып кетти.
Эртеси эртең менен,райондук ички иштер бөлүмүнүн машинеси келип токтоп,ичинен формачан эки
адам түшүп,Сыпаа менен ички үйгө
кирип кетишти да,Касымдын жакын инисин чакыртышты.Жа-
рым саатка жетпей,келгендер кеткен соң:-Түндө Касым чал,батинкенин боосуна асылып,темир тордун ичинде тизелеп олтуруп,жанын кыйыптыр,сөөктү албайбыз деп,Сыпаа болбой коюптур,ит болсо да,бир тууганы да,Карымшак
алып келип,жашырат экен деген сөз,кечээ жааган нөшөрдөй айыл-
ды каптап өттү.
"Итке, ит өлүм" болуп,Касым чал
ды да жер которуп,эски мүрзөгө жа
шырышып,он чакты адам коюп ке-
липтир,"өз жанын кыйганга,жаназа окубайм" деп,молдо да барбай коюптур,бир туугандыгынан Карымшак эптеп жашырды дешип,
өлсө деле,Касымды каргаган эле
киши.Окуянын баарын уккан соң,
Үмүтжан да,турган жеринде кулап,
ооруканага алып кетишкен эле.Эр-
тең жумалыгын өткөрөлү деп,жаңы
эле боорсок чайкаганы чогулган келиндер,дааратканадан келе жатып,бети менен жыгылган Сыпааны,көрүшүп чуркап барып те-
геректеп калышты эле:-Эээээй,тий-
бегиле,козгобогула деген айылдын
медайымы Алымкан,үйүн көздөй
чуркап,бир нерселерди көтөрүп келип,жыттатып,"тез жардам"ча-
кырды.Учуп күйүп келген "тез жар-
дамдын" врачы:-Эң мыкты берил-
ген биринчи жардам,азаматсыз.Болбосо,инсульт алмак деп,Алымканды мактап,Сыпаага тынчтык гана керек экенин айтты.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Уландысы качан чыгат
Мурункулары унутулуп калат,тезиреек жазгыла