(44-4-46-47-48-49-50 бөлүм.)
Чырак айылда энчилүү төрү бар,нарктуу,тыңдыгынан тагдырдын ачуу таттуусун бирдей кабыл алып,өзөлөнүп,өлүмтүгүн артпаган,үйдө аял,сыртта эркек мыкты аялзаты.Абышкасы да,кой маарек,момун адам эле,өмүр бою бакканы мал болуп,май көл,сүт көл заманда жашашып,улуу уулу кырсыктап,каза болгон соң,артынан кете берген.Жийдеши медициналык окуу жайды артыкчылык диплому менен бүтүп,коңшу айылдын бир зөөкүрү ала качып,эки кызын жетелеп,келип алган.Болгонбай атадай уул боло албады,үй-бүлө да күтпөдү,Афган согушуна катышкам,
менин бир соо жерим жок деп,догурунуп илгертен эле бөтөлкө
менен достошуп,майрамы ошол.
Барын таразалаган Чырак,таң эрте жалгыз кайниси Эраалыны-
кына келди.Колунда өңү күнгө өчкөн жашыл дептери бар.-Келиңиз,жеңе деп,кучактап чекесинен өпкөн кайнисине:-Кел-
дим,кичине бала,мал туягын тактап,берчүсүн берип,тынайын.Ме
нин да,тирүүлүктөгү жомогум бүтүп
бараткандай,Жийдешиң темселеп жүрүп,бир аз тыйын таап келиптир,
там алам дейт,Канат менен Талант
тын да,энесин чакырып,энчисин бө
лүп берейин,агаңдын малынан калган асыл тукум эле,үйүрүңдү жесир калтырбай Шерди алып кал,мээнетиң,чын ниетимден берип жатам дегенде:-Кагылайын,
жеңеке деген Эркаалынын эбедени
эзиле түштү.Шер бул,үйүрдүн айгы-
ры,үйүрүнө башка мал түгүл,башка
адам жолотпойт,кашабанын чекесин жарып,аңыз болгон тоодой айгыр.Дал ошол айгырды өз көңүлү менен берип жатканы,Эр
каалыга чын эле күтүүсүз эле.Был-
тыр казактар жакшы баага сурап
келиптир жеңе,сатасызбы деп,Эр-
каалы келгенде:-Мал да болсо бай-
ланган,үйүр кантет деп,саттырган
эмес.
Чырак эсептегенден да,малы арбын экен,бир тууган бир тууганга кыянаттык кылбаса,короосу толуп,казыгы көбөйөт деген ушул,Жийдешке мынчасын сатып,акча кыл,эки балага муну бер,калганы өлгөнчө менде,көзүм өтсө,Болгонбайга көз болосуң деп,шарт чыгып кетти.Чырактын
сүйүнүчүн айтпа,ала-кула кылбаган
кайнисине ыраазы болуп,жол ката
учуп келе жатты.
-Жийдеш,сен шаарга баргын да,
там изде,мыктысын изде,малдын
мынча жуктуу экенин билгенимде,
сени да темселетмек эмес экенмин деди,сүйүнүп.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(45-бөлүм.)
Жийдеш шаарга келип,ыймандай сырын тээ бала кезден берки курбу бөлөсү Эйнарага айтып,ортомчусуз алалы деп,бир жума үй караштырышты.Акыры орустун чиркөөсүнүн жанындагы орустун үйүнө токтолушту да,апамды алып келип көргөзөйүн деген ниет менен айылга келди.Сага жаккан,мага да жагат,мен
бул "зөөкүрлөрдү" энесине тапшырмайын,кыздардын жанына кырк мүнөт таштай албайм,деген энесинин сөзүнөн кийин,Болгонбай го,
Болгонбай мас болуп,акылынан айныгандыр,ушул Канат менен Талант да,кыздарыма ыдык көрсөткөнбү деп,ойлоп койду да,Эркаалы аппак бөз жоолукка ороп келген акчаны алып,эртеси эле,кайра шаарга чыкмак болду."Кеч курун суук эле болуп калды,тамдын төбөсүнө чыгып,чымчык,карга түшпөсүн деп,мүшөк тыктыртып койдум эле,морунан алып салчы" деген Чырак,
Жийдешти тамдын төбөсүнө чыгарды эле,тамдын үстүнө салынган эски жер төшөк менен,анын үстүндөгү кызынын калготкиси менен трусийин көргөн Жийдештин жүрөгү оозуна кептеле,тоголоктоп ороду да,жерге ыргытып,өзү калчылдап,араң түштү.Түшөөрү менен:-Апакебай,жашырбай айтыңыз.Кайсы зөөкүр бир тууганым ушул ишке барды,эмнеге ачык айтпадыңыз деп,өксүп ыйлады.-Ыйлаба,ошондой болуп калса,элдин бетин карай алмак эмеспиз,кыздар менен бул тууралуу толук сүйлөшкөм,эгер байкабай калганымда,кызый-кызый кыз койнуна киришмек.Зөөкүр бир тууганың гана эмес,Канат да,тамдын башына алып чыгып,эмчегин кармап,жан жерлерин жан жерине тийгизишкен экен,кудай жалгап эр-
те билинип,ошол күнү Болгонбайды үйдөн кууп чыгып,Канатты баш кө-
төргүс кылдым.Чоң доктурга алып барайын,дагы эмне кылышты деп,урушпай жай сурап,баарын угуп,анан сени чакырдым."Мамама
айтпай эле коёлу,тайэне.Укса,көңүлү ооруйт"дешип,кыздарың кадырэсе чоңоюп,сени аяп жүрүшөт,трусийи жок түшкөн күндүн тарыхы ошол,бир аз кечиккенимде,кызымды тигил зөөкүр бузуп коймок,шүгүр кылалы да,балдарың менен аман эсен көчүп кет деди.-Биз кетсек,сиз да кетесиз,эгер кетпейм дей турган болсоңуз,мен айылда деле жашай берем,апа деген Жийдештин жүрөгү кичине ылдыйлады.Эгиз козудай ээрчишип келе жаткан кыздарын көргөн,Жийдештин бактылуулугунда чек жоктой,аларды кучагын жая тосуп алды.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(46-бөлүм.)
Эртең менен эрте турган айылдыктардын,уй айдаганы,кой айдаганы,башка жумушка баратканы деле,ушул үч кошконду сүзмөйүн ыраазы болушпайт."Алыбек каза болуптур,арак жетти да,түбүнө.Буларга эмне жетпей жатты эле,аялы да,Кореяда экен.Кызы студент,үстүндө үйү бар,аялы мыкты мугалим болчу,баягы Сарүкүнүн катыны катындын баарын бузду,энеңди гана урайын,ошол чакыртып,билет алып берип,далайлар кетип,алды шаардан там алып,ажырашып кетти.Алыбек менен эки күн болду сүйлөшкөнүмө,аяшың келбейм,кааласаң аял ала бер,айылга жашабайм,бир кызды өзүм эле багам
деди деп,бышактаганынан бир бөтөлкө арак алып берип,ал десе ал,энеңди гана урайын,үйүң,малың турат,сага чуркап келип тийет дегенмин.Кечинде,ысык тамак ичсин деп,үйгө ээрчитип келсем,кытай чыныны түгөтө албай койгон деп,сөгүнүп сагынган Адамкул чын дилинен эмшеңдеп,чимкиригин бырпырата жерге чаап,бакылдап жатты.Ошол учурда эле,Тыным теңтушу Барчынга телефон чалып:-Мен ажырашам деп,бир айтканымда эле кетиптир го,аяшың.Айылда эмне кеп деп,жыйырма жыл бирге жашаган өмүрүн,жыйырмага чыккан кызынын кадырын капка салып коюп,эшикте мышык өлдүбү дегендей эле суроо салды.-Сен жиндисиңби,келесиңби деген Барчынга:-Барбайм,кайра келгенге
мүмкүн болбой калат,Айчүрөк барып,атасына ыйлап коёр,менин
кайындарым кыйын эмеспи,ың-жыңын билгизбей көмүп ташташат десе,болобу.Барчын Тынымдан муну күткөн эмес,канча жылдан бери экөө курбу,адал-арамы бир бо-
луп,оозго да илинип калышкан.Кам
паниялары да,чар учкандай тарап,
быйыл гана "төрт жоргонун" жомо-
гу унутулуп баратканда,Алыбектин
өлүмү баарын козгоп чыгып:-Ты-
ным досуң келбейм дептир го,Алы-
бектен эмне жамандык көрдү,көзү-
нө чөп түгүл саман тыкты.Каалаган
дай тайраңдап,Кореяга кетти,бол-
гон малын саттырып,кызынын баскан турганы кимдин мойнунда,албетте досуң баягысындай хахалап жүргөндүр,жүгөнсүзгө майрам көп болуп,Алыбектин өлгөнү чымын чаккандай болуп,ал шуркуя уялбаса,келбей деле коёт деген Шейшекан куу этек,Барчынды бил-
гизбегендей гана жакка бир чапты
да:-Келип зыйнатына олтурсун,бол-
босо ошондон нары жоголсун деп
жатат элдер дегин деп,басып кете албай,кучунашы кармаган тейде,машинага олтурду.Шейшекандын тыбыраарга жөнү бар,ал Алыбектин бир тууган бөлөсү,теңтушчулуктары да,бар эле.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(47-бөлүм.)
Жийде жолго чыгайын деп жаткан:-Шордуу Алыбекке көз көргөзүп келели,андан кийин деле чык,таптатынакай үй-бүлө эле,тамтыракайы чыкты,жөн эле өлүм болду,кырктан ашканда,ээн тамда жалгыз калтырып,акча табам деп,катыны кетти.Жакшынакай эле оокатын кылып жүргөн,жалгыздыктан бөтөлкө менен достошуп,бир туугандарына да батпай калды,тамактан да өксүп,жалаң эле тиги "жинди сууну" жута берип,мерт болду.Каапыр,жанагы тултук бет сулуу катындын,арамы ичинде тура,Алыбекти угузганда,"ошону көрмөк,мен бара албайм"дептир.Бара-бара кайдыгерлик чекебизге чыккан чыйкан болот го,чолпондой эри өлүп жатса,калп болсо да,билет жок,уча албай жатам деп,ыйламыш болуп койбойбу.Оо,кокуй мен эмнени айтып жатам,апаң өлдү десе,Болгонбай деле,чуркап,ыйлап келе калбайт.Апамдан эмне калды,эмнесин сатып жиберсем,деп эле келбесе деп,тынбай сүйлөгөн Чырак көчө башында каалгып келе жаткан эки байбичени күтүп,телмирип,ойлонуп
турду.Байкуш Алыбек,кайран Мейиз жеңе,көзү ачык эле киши экен,ушул Тынымды ала качып келгенде,башына жоолукту өзү салбай коюптур,Шоронун кемпири салган дешет.Эмнеге салбадың деп,караооз жеңе сураса,уулумдун көшөгөсүн көгөртчү неме эмес,колум көтөрүлбөй койду,эл укпасын деген экен.Тынымдын таскагы алакандай айылга дүң болгондо,сөздөн,көздөн качып кутулуп,аягын жашырып,акыры Алыбектин да,жаны тыныптыр.Ушинтип,өлчү жигит беле,бирөөгө бир өмүр зар,бир өмүр кор,акча деп,үйү бузулган мындан,кара жанын ташка уруп,ден соолугунан ажырап,барына кайыл болуп,үй кылган андан көп.Кагылайын,Жийдеш там алды деп уктук,өргөөң базар болсун.Кара кемпирдин барында,бакытың тоодой,эки жыл эки кызыңды жөжө кайтаргандай,бир из менен мектепке алып келип,бир из менен алып кетип жүрдү го,барынан да кыйшык басса эле,такымга тартып ийчүдөй болуп,колунан көк чыбыгы түшпөй,кареги чөккөнчө карады эле,мээнетиң базар болуп,үйлүү болупсуң,жакшылыгың биздин алыста жүргөн кыз-уулга да,жугуштуу болуп,үйлүү болушсун деп,алкай бата да,беришти.Боз үйдө Алыбектин эки эжеси чыркырап,кызы шаардан жаңы гана келген экен.Айылдын аттуу-баштуу салт байбичелери биринен сала,бири кошок кошуп,тегеректи дүңгүрөтүп,Алыбек жаңы үзүлгөндөй,сөөккө келгендердин сай-сөөгүн сыздатып,тыңшап да,ыйлап да,жатышты.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(48-бөлүм.)
Алыбекке көз көрсөтүп келээри менен жолго чыкты,Жийде.Шаарга жетээри менен,үйүн мыйзамдаштырып,энеси менен кыздарынын бөлмөсүнө керектүү эмеректерди сатып алып,кубанычынын чексиздигинде сүңгүп,бардык ийгилигиме,бардык кубанычыма тилектеш,аркалаш,моюндаш болгон асыл апамдын өмүрүн бер деп тилеп,айылына келип,көчүрүп кетмекчи болду эле:-Окуу жылы бүтсүн,балдардын энесин чакырып,табыштайын,Болгонбайды табалы,атаңа,агаңа куран окуталы,турган эле жерден кетип калсам,атаң таарынбайбы деген Чырак кемпирдин жүйөөлүү сөзүнө көнгөн,Жийдеш,айылдагы үйүн бир сыйра оңдоп түзөп коюуну чечти.Кыздары да,тыпылдап кол арага жарап,жеңилин да,оорун да колдон жулуп,атанын үйүн агартышып,Чырак биринчи эле такси менен,коңшу айылдагы кудасы Калыгулдукуна кетти,келининин жайын билип,балдарын өткөрүп,энчилерин
алышсын деген сөзү кудасына майдай жагып,Чыракты коноктоп,жолго салды.Эртеси эле машина айдатып,баштыгын көтөрүп келген куда-кудагыйынын кебетесин көрүп,неберелер кандай деп,бир сурап келбей,мал жанын бөлүп берейин десе,таң заардан келе калгандарына,дүнүйө жолдон чыгарат,балдарыма үй кылып берсе болду деген ниет менен,Эркаалыны чакыртты.Балдардын малын бер,кичине бала деди эле:-Жеңе,анын баары бул кичинекей машинеге батпайт деди Эркаалы,андан көрө,кыр ашып,айдап эле барып бермекмин
балдар менен дегенде,кудасынын көзү чанагынан чыга жаздап:-Куда
гый,деги канча мал бересиз деп,аптыгып алды.Келин менен балдар кыйналбай жашасын,район
дун борборунан бир иреттүү там алгандай мал берем деген,Чырак кемпирдин сөзүн уккан Калыгул ичинен,"катын болбосоң,коё кал,өлгөн бала эмес,тирүүсүнүкүн чуктай албай жатам" деп ойлоп кетти.Эртеси эле,эки баланы жолдош кылып,жеңеси бөлүп берген малды айдап,таң сүрө бел ашып,Калыгулдун кызына төрт түлүк айдап келгенсип,эбактан бери корголу жок короону малга
толтурган Эркаалыны абдан конок
кылган Калыгулдуку,үстүнө кербен
чапан жаап,эки көздүү кендир куржунга кудагыйга деп,мыкты чапан,жоолук,таттуусун салып узатышты.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(49-бөлүм.)
Чырак кемпирдин ойлогонунун баары ордунан чыгып,кудайга ыраазы,бир гана санаасы Болгонбайда.Анын талаада жүргөнүнөн,өлүп калганынан да коркпойт.Бул акмак бир тууганынын кыздарына кол салгандан кайра тартпады,дагы бирөөнү сыздатып,баласын кордобосо экен,таза ата-тегине наалат,зак кетирбесе экен деп,тилеп,жүрдү.Болгонбай арак ичпесе андан мыкты киши жок.Кара курсактын айынан өзүнө окшогон бөтөлкөлөш өнөгү менен
"эмгек биржасына" барып,түш оогончо турушту.Жумушчу издеген-
дер да,бул экөөнү карап койгон жери жок.Көпчүлүгү жумуш таап,
бир аз киши калган эле,кырктан ашкан,турмуштун каарынын жүдөт-
көнү сулуу жүзүнөн даана көрүнгөн,
чарчаган аял сыйда басып келди да,"печка көөлөп,мор оңдотот элем,
жакшы обед,биртике тыйын берейин"деди эле,карды кайрылып
турган экөө шар эле макул болушту.
Темир жолдун жээгиндеги кичине-
кей кулайын деп калган жер тамга
келгенде:-Акелер,үйүм ушул,жерине
карап,сатып алып,эмгиче там сала
албай жатам,кыздарым чоңойсо,
Россияга барып,бир эки жыл иште-
сем эле,бүтүрөт элем деп,ыйман-
дай сырын төккөн келин,дароо дас-
торкон жайып,экөөнүн курсагын тойгузду да,эмне иш жасоо керекти
гин көрсөттү.Болгонбайдын чынын
да колу алтын эле,заматта чекчей-
те жасаган экөөнү алкаган келин
экөөнө беш жүз сомдон берди эле,
Болгонбай бир беш жүздүктү кайра
берди да,ушул жетет деди.Бир бош
болгонуңуздарда тамдын крыша-
сын арзаныраак жаап берсеңиздер
жакшы болот эле,ага чейин акча
таап коём деген келинге,эмки жумада келебиз деген боюнча убада берип кетишти.Кийинки жумада Болгонбай өзү эле келди,
"акчам болбой жатат,аке"деди ке-
лин:-Мен жасай берейин,бары бир
бересиң да,күн жылууда жаап таш-
тайын деген Болгонбай,үйдүн үстүн
чыйырчыктын үйүндөй гана кылып
жапты,иш учурунда ичкенин да коюп,жашоодон кандайдыр бир жылуулукту күтүп,ырахат сезген-
дей,Таазим менен илгертен чогуу
жашагандай,кыздарына да кылдат
мамиле жасап,эски мончодо кетпей калган күндөрү жатып да,
калчу болду.Нечен жылдан берки
чыгарылбаган таштандыларды,ка-
лың өсүп,жапайы болуп,суу көрбөгөн малинанын ордун тазала-
ганда,Таазимдин алган жери алтынга тете болуп,ыраазычылыгынан Болгонбайды алкаганын сөз менен
жеткире ала турган эмесмин.
(Уландысы бар.)КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨ
(50-бөлүм.)
"Болгонбай колукту алып келиптир,урунуп беринип жүрүп,акыры кудай да,ага боор ооруса керек,тотугуп эле калган неме экен,эки чоңоюп калган кызым бар,жолдошум каза болгон,шаарда үйүм бар,жумушум бар"дейт.Чын эле,баягы жапайы аюудай болгон Болгонбай жок,кебетеси кетип,эски өпкө кабынын этеги эки жакка кетип,курсагын майкеси жаппай бөлтөйүп,кызыл эти көрүнүп,арак сасып эле,сөзүнүн баш аягы жок,басып жүрчү эле,зыңкыйта кийгизип,ээрчитип эр кылып алыптыр.Багы ачылсын байкуштун,Болгонбай башынан кишидей болгондо,Чырак мындан да,кырдуу болмок.Өлүм өксүткөнү аз келгенсип,тирүү туруп,өлүктөй бары жогу бир тең болгон Болгонбайдын
азабын билгизбей тарткан Чырак,кыйындыгынан баарын көкүрөгүнө батырып,көк түтүнүн көмөкөйүнөн көргөзбөй чыгарып,эмне күн,эмне түн кечирип жатканы,бир өзүнө,бир кудайга эле белгилүү да.Дагы көкүрөгү ылдыйлап калганда,өз көзү менен көрүп калганы жакшы болбодубу,Жийдеши үйлүү болду,жесир келиндин ыраазычылыгын алды,эми Болгонбайы чоң жолдон оң жолго түшкөнү Чыракты көрдөн төргө сүйрөбөйбү дешип,колтуктарына аласа бересенин ак жоолук,көк жоолугун кыстара,Таазимдин чекесинен өөп,башына салганы салып,кырк бырыш жалтырак баш-
тыктан чыгарбаганы,колуна карматышып,кеч берсе да,кудайым
унутпасын дешип,Таазимдин кийимин көз караштары менен сый
рып караша,самоордун чайынан
катыра ичишип,бак-таалай тилеп
кетип жатышты.
Таазимди көргөндө эле,ичине
ысык илеп пайда болуп,Чырак бул
аялдан кандайдыр бир ырайымдуу
лукту,жөнөкөйлүктү,аялдык бакыт-
ты эңсегендигин сезип,ичинен эне-
синдей аяп,бак тилеп турду."Чоңо-
юп калган эки кызым да,Болгон-
байга көнүп калды"дегенде,жылан
денесинде сойлогондой,"менин ити
ме бакыт тоголонуп келип,алака-
нына топ деп эле түшүптүр.Эми,
ушул бакытын кармап калса болго-
ну.Итим иттигин карматып,эски чапанын жамынса,өзүн тирүүлөй
көмүп,бирөөнүн убалына калат деп,
убайым жеп,уулунун ар бир кыймы-
лына саресеп салып,өмүрү көрбө-
гөн Таазимдин эки кызын аяп да,
коруп да,коркуп да,жаман ойлорду
ойлоп алганы үчүн,өзүн өзү жектеп
жатты.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7
Аралаштырып салдынар кече бир жазганды эки жолудан жазып.